1 Асман Падышачылыгы орноордо абал төмөнкү аңгемедегидей болот: он кыз чырактарын көтөрүп, күйөө жигитти утурлап чыгышат.
2 Алардын бешөөсү акылсыз, бешөөсү акылдуу болушат.
3 Акылсыздары чырактарын көтөрүп чыгышат, бирок май куюлган идиштерди өздөрү менен кошо алышпайт.
4 Акылдуулары болсо чырактары менен кошуп, идиштерине май да куюп алышат.
5 Күйөө кечигип жаткандыктан баарынын көзү илинип, уктап кетишет.
6 Түн ортосунда: «Күйөө келатат! Тосуп чыккыла!» деген кыйкырык угулат.
7 Ошондо баягы кыздардын баары ордунан турушат да чырактарын оңдошот.
8 Акылсыздары болсо акылдууларга: «Майыңардан берип тургулачы, чырактарыбыз өчүп баратат!» – дешет.
9 Бирок акылдуулары: «Май силерге да, бизге да жетпей калбасын үчүн, май саткандарга барып сатып алгыла», – деп жооп беришет.
10 Тигилер май сатып алганы кетишкенде, күйөө келип, даяр тургандар аны менен бирге тойго киришет да эшик жабылат.
11 Кийинчерээк берки кыздар да келип: «Таксыр, таксыр, эшикти ачып коюңузчу», – деп суранышат.
12 Күйөө болсо: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мен силерди тааныбайм», – деп жооп берет.
13 Ошондуктан сак болгула, анткени күндү да, саатты да силер билбейсиңер.
14 Бир бай киши алыска кетип баратып, кулдарын чакырып, үй-мүлкүн аларга табыштайт.
15 Бир кулуна ат башындай күмүштөн бешти, экинчисине экини, дагы бирине бирди, ар бирине алардын алы жетишинче берет да жолго чыгат.
16 Ат башындай беш күмүш алганы ошол замат аны ишке жумшап, дагы ат башындай беш күмүш киреше табат.
17 Эки күмүш алганы да ошентип дагы эки күмүш кошуп алат.
18 Бир күмүш алганы болсо барат да, кожоюнунун күмүшүн жерге көмүп салат.
19 Көп убакыт өткөн соң, баягы кулдардын кожоюну келет да, алар менен эсептеше баштайт.
20 Беш күмүш алганы дагы бешин алып келип: «Таксыр, сиз мага ат башындай күмүштөн бешти бердиңиз эле, мына, дагы беш күмүш пайда түшүрдүм», – дейт.
21 Кожоюну: «Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум. Кичинеге ишенимдүү болдуң, эми чоңго ээлик кылдырам. Кел эми, кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол», – дейт.
22 Эки күмүш алганы келип: «Таксыр, сиз мага ат башындай күмүштөн экини бердиңиз эле, мына, дагы эки күмүш пайда түшүрдүм», – дейт.
23 Кожоюну: «Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум. Кичине иште ишенимдүү болдуң, эми чоңго ээлик кылдырам. Кел эми, кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол», – дейт.
24 Ал эми бир күмүш алганы болсо келип: «Таксыр, мен сиздин экпеген жерден оруп, чачпаган жерден терип алган катаал адам экениңизди билем.
25 Ошондуктан сизден коркуп, тышка алып чыгып, күмүшүңүздү жерге катып койгон элем. Мына күмүшүңүз алыңыз», – дейт.
26 Ошондо кожоюну: «Эй, ыймансыз жалкоо кул! Менин экпеген жерден оруп, чачпаган жерден терип аларымды билчү белең?
27 Анда эмне үчүн күмүшүмдү акча иштеткендерге берип койбодуң? Келгенимде кирешеси менен албайт белем.
28 Мындан бир күмүштү алгыла да, он күмүшү барга бергиле.
29 Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет да баары мол болот, ал эми кимде жок болсо, колундагысы да тартылып алынат.
30 Ал эми мына бул жарабаган кулду сырттагы караңгы туңгуюкка ыргытып жибергиле. Ал жакка түшкөндөр кыйналганынан тиштерин кычыратышат», – дейт.
31 Адам Уулу бардык периштелердин коштоосунда улуу шаң-салтанат менен келгенде, Ал Өзүнүн падышалык тактысына олтурат.
32 Анын алдына бардык улуттардан адамдарды чогултушат. Ошондо койлордон эчкилерди бөлгөн койчу сыяктуу, Ал элдерди бири биринен бөлөт.
33 Койлорду оң жагына, эчкилерди болсо сол жагына жайгаштырат.
34 Анан Падыша оң жагындагыларга айтат: «Менин Атамдын батасын алгандар, келгиле, дүйнө жаратыла электе эле силер үчүн даярдалган падышачылыкты мураска алгыла!
35 Анткени Мен ачка болгонумда, силер тамак бергенсиңер, суусаганымда, суусунумду кандыргансыңар, сапарда жүргөнүмдө, үйүңөргө кабыл алгансыңар,
36 жылаңач калганымда, кийиндиргенсиңер, ооруп жатканымда, алымды сураганы келгенсиңер, түрмөдө олтурганымда, көргөнү келгенсиңер».
37 Ошондо адил адамдар: «Падыша, качан биз сиздин ачка жүргөнүңүздү көрүп, тойгуздук эле? Суусаганыңызды көрүп, суусунуңузду кандырдык эле?
38 Качан сапарда жүргөнүңүздө үйүбүзгө кабыл алдык эле да жылаңач калганыңызда кийиндирдик эле?
39 Качан ооруганыңызды же түрмөдө олтурганыңызды көрдүк эле да сизге бардык эле?» – деп сурашат.
40 Ошондо Падыша мындай жооп берет: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Менин эң карапайым боордошторумдун бирине кылган жакшылыгыңар, Мага кылганыңар».
41 Ошондо Падыша сол жагындагыларга айтат: «Менин жанымдан кеткиле, ибилис менен анын периштелерине даярдалган түбөлүк отко түшкүлө, каргыш ургандар!
42 Анткени ачка калганымда, силер тамак бербедиңер, суусаганымда суусунумду кандырбадыңар,
43 сапарда жүргөнүмдө, үйүңөргө кабыл албадыңар, жылаңач калганымда, кийим бербедиңер, ооруп жатканымда, түрмөдө олтурганымда көргөнү келбедиңер».
44 Ошондо булар да: «Падыша, качан биз сиздин ачка калганыңызды, суусаганыңызды, сапарда жүргөнүңүздү, жылаңач калганыңызды, ооруп жатканыңызды, түрмөдө олтурганыңызды көрдүк эле да сизге кызмат кылбай койдук эле?» – дешет.
45 Ошондо аларга да Падыша мындай деп жооп берет: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мына бул эң карапайым адамдардын бирине кылбаганыңар – Мага кылбаганыңар».
46 Ошондо булар түбөлүк азапка, ал эми адилеттүүлөр болсо түбөлүк өмүргө кетишет.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28