меню

Матайдын Инжили 9 Бөлүм


1 Ыйса кайыкка түшүп, кайрадан көлдүн берки өйүзүндөгү Өзү жашаган шаарына келди.

2 Аңгыча адамдар шал болуп ооруган бирөөнү төшөгү менен көтөрүп, алдынан тосуп чыгышты. Ыйса алардын Өзүнө ушундай ишеним артып турганын көрүп: – Кайрат кыл, балам, күнөөлөрүң кечирилди! – деди.

3 Ошондо кээ бир дин мугалимдери: – Бул Кудайга акарат келтирип атат! – деп өз ара күңкүлдөштү.

4 Ыйса алардын оюн билип, мындай деди: – Эмне үчүн силердин ичиңердеги ойлоруңар жаман?

5 Кайсынысы оңой: «Күнөөлөрүң кечирилди!» дегенби же: «Ордуңан тур да бас!» дегенби?

6 Билип алгыла, Адам Уулунун жер бетинде күнөөлөрдү кечире турган бийлиги бар! Анан шал оорулууга карап: – Тур да, төшөгүңдү көтөрүп, үйүңө жөнө! – деди.

7 Киши ордунан туруп, үйүнө жөнөдү.

8 Чогулгандарды коркунуч басып, адамдарга ушундай бийликти берген Кудайды даңкташты.

9 Ыйса андан ары баратып, салык жыйноочу жерде олтурган Матай аттуу кишини көрүп калды. Ага: – Менин жолума түш! – деди. Матай ордунан турду да, Ыйсаны ээрчип жөнөдү.

10 Ошол күнү кечинде, Ыйса бир үйдө, дасторкондун жанында жамбаштап жатты. Көптөгөн салыкчылар жана башка күнөөкөрлөр ошол үйгө келип, Ыйсанын жана анын шакирттеринин катарынан орун алышты.

11 Муну көргөн фарисейлер Ыйсанын шакирттерине: – Эй, эмне үчүн силердин устатыңар салыкчылар жана башка күнөөкөрлөр менен чогуу бир дасторкондон тамактанып жатат? – дешти.

12 Ыйса муну угуп, аларга айтты: – Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек.

13 Баргыла да «Мен курмандыктан көрө, боорукердикти каалайм» деген сөздүн маанисин билип алгыла. Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү ниеттерин өзгөртүүгө чакырганы келдим.

14 Ушул окуядан соң, Ыйсага Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн шакирттери келип, суроо беришти: – Эмне үчүн биз да, фарисейлер да тез-тез орозо тутабыз, ал эми сенин шакирттериң андай кылышпайт, ыя?

15 Ыйса аларга мындай жооп берди: – Үйлөнүп жаткан жигит тойго чакырылган коноктордун арасында жүргөндө, алар эмнеге кайгырмак эле? Бирок үйлөнгөн жигит алардан алына турган күндөр да келет, алар орозону ошондо тутушат.

16 Эч ким жаңы кездемеден эски кийимге жамаачы жамабайт. Антпесе, жаңы жамаачы эски кийимди жыртып, жыртыгы мурдагыдан да аңырайып калат.

17 Жаңы шарапты эски чаначтарга куйбайт. Эгер куйса, жаңы шарап чаначтарды айрып, өзү да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат. Ошондуктан жаңы шарапты жаңы чаначтарга куюш керек, ошондо чанач да, шарап да аман калат.

18 Ыйса аларга ушуларды айтып жатканда, жергиликтүү башкаруучулардын бири келди да, таазим кылып: – Кызым каза болуп калды. Бирок сен барып, колдоруңду үстүнө койсоң эле кайра тирилет, – деди.

19 Ыйса ордунан туруп, анын артынан жөнөдү. Шакирттери да ага кошулду.

20 Аңгыча он эки жыл бою ичинен кан акканы токтобой ооруган бир аял Ыйсанын арка жагынан басып келип, Анын кийиминин этегине колун тийгизди.

21 «Кийимине эле колум тийсе, айыгам!» деди аял өзүнчө.

22 Ыйса болсо артына кайрылып, аны көрдү да: – Кайрат кыл, кызым, ишенимиң сени айыктырды, – деди. Ошол сааттан баштап аял оорусунан кутулду.

23 Ушундан соң, Ыйса башкаруучунун үйүнө келип, муңканган чоор үнүн угуп, ызы-чуу болуп жаткан элди көрдү.

24 Анан аларга: – Ары тургула! Кыз өлгөн жок, ал жөн эле уктап жатат! – деди. Ошондо алар Ыйсаны шылдыңдап күлүштү.

25 Чогулгандар кетишкенде, Ыйса үйгө кирди да, кызды колунан алып ордунан тургузду.

26 Бул окуя тууралуу күбүр-шыбыр туш-тарапка тарады.

27 Ыйса андан ары баратканда, эки сокур киши артынан түшүп: – Дөөт Уулу, бизге боорукердик кылагөр! – деп кыйкырышты.

28 Ыйса үйгө киргенде, сокурлар Анын жанына келишти. Ыйса аларга: – Силерге жардам бере аларыма ишенесиңерби? – деди. Алар: – Ооба, таксыр, – деп жооп кайтарышты.

29 Ошондо Ыйса алардын көздөрүнө колун тийгизип туруп: – Ишенгениңердей болсун, – деди. Ошондо тигилердин көздөрү ачылып, көрө башташты. 30Анан Ыйса катуу эскертип: – Абайлагыла, бул окуя тууралуу эч ким билбесин! – деди.

31 Алар болсо үйдөн чыгары менен баарына Ыйса тууралуу айтып киришти.

32 Айыккан сокурлар сыртка чыкканда, кимдир бирөөлөр Ыйсага жин оорудан улам дудук болгон кишини алып келишти.

33 Ыйса жиндерди кууп чыкканда, дудук сүйлөп кирди. Эл: – Эч качан мындай укмуш Ысрайылда болгон эмес! – деп таңданышты.

34 Ал эми фарисейлер: – Бул жиндерди алардын башчысынын күчү менен кубалап жатат, – дешти.

35 Ыйса көптөгөн шаар-кыштактарды кыдырып, алардагы синагогаларда таалим берип, Падышачылыктын Жакшы Кабарын жарыялап, адамдарды ар кандай оору-сыркоолорунан айыктырып жүрдү.

36 Көптөгөн адамдарды көрүп, боору ооруду, анткени алар туш-тушка чачырап койчусуз калган койлордой болчу.

37 Ошондо шакирттерине: – Оро турган эгин көп, бирок орокчулар аз. 38Андыктан Өз эгин талаасына орокчуларды жөнөтсүн үчүн эгин Эгесине жалынгыла, – деди.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28