Матайдын Инжили 7 Бөлүм
1 Өзгөлөрдү айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар.
2 Анткени өзгөлөрдү кандай айыптасаңар, өзүңөр да ошондой айыпталасыңар. Өзгөлөргө колдонгон өлчөмүңөр өзүңөргө колдонулат.
3 Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй, боордошуңдун көзүндөгү чамындыны көрөсүң?
4 Өз көзүңдө дөңгөч турса, боордошуңа: «Келе, көзүңдөгү чамындыны алып коёюн», – деп кантип айтасың?
5 Эй, эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, анан боордошуңдун көзүндөгү чамындыны кантип алышты билесиң.
6 Ыйык нерселериңерди иттерге бербегиле, берметтериңерди чочколордун алдына таштабагыла; чочколор аларды тепсеп таштайт, иттер кайрылып келип, өзүңөрдү каап алат.
7 Сурагыла, ошондо силерге берилет, издегиле, ошондо табасыңар, тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат!
8 Анткени ар бир сураган алат, издеген табат, тыкылдатканга ачылат.
9 Араңарда баласы нан сураса, таш бергендер барбы?
10 Балык сураса, жылан кармата салганчы?
11 Ошентип, силер жаман болсоңор да балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билесиңер, андан бетер асмандагы Атаңар да сурагандарга жакшы нерселерди берет.
12 Ошентип, качан болсо да, өзгөлөрдөн кандай мамилени күтсөң, өзүң да аларга ошондой мамиле кыл. Бул Тоорат менен пайгамбарлардын жазмаларында айтылгандарга дал келет.
13 Тар дарбазадан киргиле, анткени апат болор жерге алып баруучу жол да, дарбаза да кенен жана ошол дарбазадан кирип жаткандар көп.
14 Өмүргө алып баруучу дарбаза менен жол ушунчалык тар жана ал дарбазаны тапкандар аз.
15 Жалган пайгамбарлардан сак болгула. Алар кой терисин жамынып келген ач карышкырлар.
16 Аларды кылган иштеринен ажыратып тааныйсыңар. Тикенектен жүзүм же анжир теришпейт.
17 Ошондой эле жакшы дарактын жемиши да жакшы, жаман дарактын жемиши да начар болот.
18 Жакшы дарак начар жемиш бербейт, ал эми начар дарак жакшы жемиш бербейт.
19 Жакшы жемиш бербеген дарак чаап салынат да отко ыргытылат.
20 Ошондуктан жалган пайгамбарларды кылган иштеринен таанып-билесиңер.
21 Мени «Эге! Эге!» дегендердин баары эле Асман Падышачылыгына кире бербейт. Асмандагы Атамдын эркин аткаргандар гана киришет.
22 Сот күнү көп адамдар Мага: «Эге! Эге! Сенин атың менен пайгамбарчылык кылбадык беле? Сенин атың менен жиндерди кубалабадык беле? Сенин атың менен ажайып-кереметтерди жасабадык беле?» – дешет.
23 Ошондо Мен аларга: «Силер кимсиңер, Мен билбейм, көзүмө көрүнбөй жоголгула, күнөөкөрлөр!» – дейм.
24 Ошондуктан Менин ушул сөздөрүмдү угуп, аны аткарган үйүн таш үстүнө курган акылдуу адамга окшош болот.
25 Жаан нөшөрлөп, дарыялар ташкындап, алай-дүлөй бороон болуп, жанагы үйдү каптаганда, ал кыйрабайт, анткени таштын үстүнө курулган.
26 Ал эми ушул сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбагандар үйүн кумга курган акылсыз адамга окшош.
27 Жаан нөшөрлөп, суу ташкындап, алай-дүлөй бороон болуп, жанагы үйдү каптаганда, ал кулайт. Кулаганда да катуу кулайт.
28 Ыйса сөзүн аяктаганда, чогулган эл Анын таалимине таңданды. 29Анткени Ыйса алардын дин мугалимдериндей эмес, бийлиги бар инсандай таалим берди.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28