1 Ошол убакта Ыйса жөнүндөгү кабар Галилеянын акими Иродко жетти.
2 Ал малайларына: – Бул Жакыя чөмүлдүрүүчү, ал тирилип кетиптир, укмуштуу иштерди кылып жатканынын себеби ошондон, – деди.
3 Ирод бир тууганы Филиптин аялы Иродиянын айынан Жакыяны карматып, кишендеп, түрмөгө отургузуп койгонунан улам ушундай деген эле.
4 Анткен себеби Жакыя: «Сенин Иродияга үйлөнгөнүң туура эмес!» – деп айткан болчу.
5 Ушул сөзү үчүн Ирод аны өлтүргүсү келди, бирок элден корккондугунан батына албады, себеби эл Жакыяны пайгамбар деп эсептечү.
6 Анткен менен Ироддун туулган күнүндө Иродиянын кызы меймандардын алдында бийлеп, Ироддун купулуна толду.
7 Ошондо Ирод ага каалаган нерсесин берүүгө ант берди.
8 Иродиянын кызы болсо, энесинин кеңеши боюнча: «Мага Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн башын азыр табакка салып, алдырып келиңиз» деди.
9 Кыздын сураганы падышаны капалантса да, меймандарынын алдында берген антынан улам талабын орундатууну буюрду.
10 Жакыянын башын кесип келүү үчүн түрмөгө кишилерин жиберди.
11 Алар башты табакка салып келип, кызга беришти. Кыз болсо энесине алып барып берди.
12 Ошондо Жакыянын шакирттери келип, анын сөөгүн алып чыгып, көргө коюшту да, Ыйсага барып, болгон ишти айтып беришти.
13 Бул кабарды уккан Ыйса кайыкка түштү да элден бөлүнүп, ээн жерге жалгыз кетип калды. Ыйсанын кайык менен кеткенин уккандар шаарлардан чыгып, жөө-жалаңдап артынан түшүштү.
14 Ыйса кайыктан чыкканда, көптөгөн элди көрүп, аларга боору ооруп, оорулууларын айыктырды.
15 Кеч киргенде, шакирттери Ага келип: – Бул жер ээн экен, кеч да болуп кетти, ошондуктан элди коё бер, айылдарга барып, жегенге бирдеме сатып алышсын, – дешти.
16 Бирок Ыйса аларга: – Элдин кетишинин кереги жок, жегенге бирдемени силер бергиле, – деди.
17 Шакирттери: – Бул жерде эч нерсебиз жок, болгону беш нан менен эки балыгыбыз гана бар, – дешти.
18 Ыйса: – Аларды Мага алып келгиле, – деди.
19 Анан элди чөптүн үстүнө олтургула деп буйруду да, жанагы беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да, шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты.
20 Баары жеп тоюшту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду.
21 Аялдар менен балдарды айтпаганда, жеген эркектердин эсеби беш миңдей эле.
22 Ушундан соң, Ыйса шакирттерин кайыкка олтургузду. Элди коё бергичекти Өзүнөн мурда аркы өйүзгө сүзүп өткүлө деп буюрду.
23 Элди таркаткан соң, Өзү жалгыз сыйынуу үчүн тоого чыкты. Түн киргенге чейин тоодо жалгыз калды.
24 Кайык болсо жээктен алыстап, бет маңдайдан соккон шамалдан улам чоң толкундарды жирей, араң жылып баратты.
25 Таң азанда Ыйса суу үстү менен басып, шакирттерине келди.
26 Анын суу үстүнөн басып келе жатканын көргөн шакирттердин үрөйү учуп, Аны арбак экен деп ойлоп, корккондугунан бакырып жиберишти.
27 Ыйса ошол замат аларга: – Коркпогула, бул Мен элемин! – деди.
28 Петир болсо: – Устат, эгер бул сен болсоң, анда «суу үстү менен басып кел» деп буйручу мага, – деди.
29 Ыйса: – Кел, – деди. Ошондо Петир кайыктан чыгып, суунун үстү менен Ыйсага жөнөдү.
30 Бирок шамалды көрүп, коркуп кетти. Чөгүп баратып: – Эгем, мени сактап кал! – деп кыйкырып жиберди.
31 Ыйса дароо колун созуп, аны сүйөй калды да: – Ишеними аз десе, эмне үчүн шектендиң? – деди.
32 Алар кайыкка түшкөндө, шамал басылды.
33 Кайыктагылар Ыйсага таазим кылышып: – Сен чындыгында Кудай Уулусуң, – дешти.
34 Алар көлдүн аркы бетине сүзүп өтүп, Генисарет жерине жетишти.
35 Жергиликтүү эл Ыйсаны таанышып, бүткүл аймакка кабар таратып, Анын алдына бардык оорулууларды алып келишти.
36 Анан Ыйсадан «алар жок дегенде киймиңиздин этегине колун тийгизсе болобу» деп суранып жатышты. Ал эми колун тийгизгендердин баары куландан соо болуп айыгып кетип жатышты.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28