меню

Матайдын Инжили 11 Бөлүм


1 Ыйса он эки шакиртине насаат-буйруктарын айтып бүтүп, ал жерден кетти да, Галилеянын шаарларына таалим берип, Жакшы Кабарды жар салууга жөнөдү.

2 Ал эми Жакыя болсо Машаяктын кылган иштери тууралуу түрмөдө отурган жеринен кабардар болду. Ошондо ал шакирттерин Ыйсага жиберип:

3 «Келе турган Куткаруучу сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?» – деп суратты.

4 Ыйса аларга: – Баргыла, уккан-көргөнүңөрдү Жакыяга айтып бергиле:

5 сокурлардын көзү көрүп, буту шал болгондор басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр кайра тирилип, жакырларга Жакшы Кабар тарап жатат.

6 Ушул кылгандарымды көрүп туруп, Менин ким экенимен шек санабаган адам бактылуу, – деп жооп берди.

7 Жакыя жиберген адамдар кеткенде, Ыйса элге Жакыя тууралуу мындай деди: – Ээн талаага эмнени көргөнү бардыңар эле? Шамал термелткен камыштыбы?

8 Айткылачы, деги эмнени көрөлү деп бардыңар эле? Кооз кийимчен адамдыбы? Кооз кийимчендер ал жакта эмес, тигине, алар падыша сарайларда.

9 Анда эмнени көргөнү бардыңар? Пайгамбардыбы? Ооба! Силерге айтып коёюн: ал пайгамбардан да улуу.

10 Ыйык Жазууларда Кудай: «Мына, Сенин алдыңан кабарчымды жиберемин, ал Сенден мурда барып, басар жолуңду даярдайт», – деп ушул адам жөнүндө айткан.

11 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: энеден туулгандардын бири да Жакыя чөмүлдүрүүчүдөн улуу эмес! Бирок Асман Падышачылыгында эң кичине деп эсептелген киши да андан улуу.

12 Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн күндөрүнөн тартып азыркы кезге чейин Асман Падышачылыгына күч колдонуп келишкен жана күчтүүлөр аны тартып алышууда.

13 Анткени Жакыянын кызматы Муса калтырган Тоорат мыйзамы менен башка пайгамбарлардын китептериндеги алдын ала айтылгандарды жыйынтыктайт.

14 Эгерде сөзүмдү кабыл алгыңар келсе, анда Жакыя – бул кайтып келүүгө тийиш болгон Илиястын өзү.

15 Уга турган кулагы барлар уксун!

16-17 Азыркы замандын адамдарын кимге окшотсом? Алар базарда олтуруп алып, бири бирине: «Той-тамаша күүсүн салып, чоор тартсак, эмнеге бийлебейсиңер, кошок кошсок, эмнеге ыйлабайсыңар?!» – деген жаш балдарга окшош.

18 Анткени кадимки тамактарды ичип-жебеген Жакыя келди эле, «буга жин тийиптир» дешти.

19 Башкаларга окшоп ичип-жеген Адам Уулу келди эле, «бул киши сугалак экен, шарапка жакын экен, салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн досу экен» – дешти. Бирок кандай болсо да, Кудайдын даанышмандыгы аны жактагандар тарабынан ырасталды.

20 Ошондо Ыйса Өз кереметтерин баарынан көбүрөөк көрсөткөн шаарларды уруша баштады. Анткени алар ниеттерин өзгөртүшпөдү:

21 - Эй, шордуу Коразин! Эй, шордуу Бейтсайда! Эгер силерде жасалган укмуштар Тир менен Сидондо жасалган болсо, алар эбак эле катуу кайгырып, кенептен кийим кийип, күлгө олтуруп, ниеттерин өзгөртүшмөк.

22 Бирок силерге айтып коёюн: эми кыямат кайымда Тир менен Сидондун акыбалы силердикинен жеңилирээк болот.

23 А сен, Капарноом, текеберденип, төбөм менен көккө жетем деп ойлойсуңбу? Жок! Кудай сени жердин түпкүрүнө житире чабат. Анткени сенде жасалган укмуштар Содомдо да жасалган болсо, анда ал бүгүнкү күндө бар болмок.

24 Бирок Мен силерге айтып коёюн: кыямат кайымда силерге караганда, Содом шаарына жеңилирээк болот.

25 Ошол убакта Ыйса мындай деди: – Оо, Ата, асман менен жердин Ээси! Сени мактап, даңазалайм, анткени Сен бул иштерди даанышмандар менен акылмандардан жашырып, жаш бала сыяктангандарга ачып көрсөттүң.

26 Ооба, Атаке, Сен ушундай болушун кааладың.

27 Атам бардыгын Мага өткөрүп берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким жакшы билбейт. Атасын ким экенин да Уулунан жана Уулу ачып көрсөткүсү келгендерден башка эч ким жакшы билбейт.

28 Оор мээнеттин каамытынан башы чыкпай, түйшүк жүгүн көтөрүп жүрүп, чарчап-чаалыккандар, баарыңар Мага келгиле! Мен силерди эс алдырам.

29 Менин каамытымды кийип, Менден таалим алгыла, анткени Мен жоош-момунмун жана жөнөкөймүн. Ошондо жаныңар жай табат.

30 Анткени Менин каамытым жакшы, жүгүм жеңил.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28