меню

Матайдын Инжили 19 Бөлүм


1 Ыйса сөзүн аяктап, Галилеядан чыгып, Иордан дарыясынын чыгыш жагындагы Иудея аймагына келди.

2 Көп эл Аны ээрчип барды. Ал жактан Ыйса алардын арасындагы оорулууларды айыктырды.

3 Ошондо фарисейлер бир кынтык табуу ниетинде Ыйсага келишип: – Эркек ар кандай себеп менен аялын коё берсе болобу? – деп сурашты.

4 - «Кудай башында адамдарды аял-эркек кылып жараткан» дегенин окуган эмес белеңер? – деди Ыйса аларга жооп берип.

5 - Андан соң, Кудай: «Эркек ата-энесинен бөлүнүп, аялына кошулсун жана экөө бир дене болушсун!» – деген.

6 Ошондуктан алар эми экөө эмес, бирөө. Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын.

7 Алар Ыйсага: – Анда кандайча Муса ажырашуу катын жазып коё берсин деп осуят калтырып кеткен? – дешти.

8 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: – Муса тоң моюндугуңардан улам силерге аялыңарды коё берүүгө уруксат берген, бирок башында мындай болгон эмес.

9 Мен болсо силерге айтам: ойноштук кылуудан башка себеп менен аялын коё берип, башкага үйлөнгөн адам өзү ойноштук кылган болот.

10 Ошондо шакирттери Ыйсага мындай дешти: – Эгерде эркектин аялынын алдындагы милдети ушундай болсо, анда үйлөнбөй эле койгону оң.

11 Ыйса аларга мындай деди: – Бул сөзүмдү баары эле кабыл ала алышпайт. Кимдин аны кабыл алууга кудурети жетсе, ошолор гана кабыл алышат.

12 Анткени кээ бирөөлөр тубаса майып болгондуктан, үйлөнгөнгө жарамсыз, кээ бирөөлөрдү адамдар зордоп бычып салышат, кээ бирөөлөр болсо Асман Падышачылыгы үчүн өздөрүн атайлап аял албас кылышат. Кимдин муну кабыл алууга кудурети жетсе, кабыл алсын.

13 Ошондо колун коюп, сыйынып батасын берсин деп, Ыйсанын алдына жаш балдарды алып келишти. Шакирттери болсо алып келгендерди жемелеп, уруша башташты.

14 Бирок Ыйса: – Балдар Мага келе берсин, алардын жолун тоспогула! Себеби Асман Падышачылыгы ошондойлордуку, – деди да,

15 алардын башына колун коюп, батасын берип сыйынды. Андан соң, ал жактан башка жакка жөнөп кетти.

16 Аңгыча бир киши Ыйсага жакын басып келип: – О, устат, түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн кандай жакшы иш кылышым керек? – деп сурады.

17 Ыйса ага: – Жакшы иш тууралуу Менден эмне үчүн сурап жатасың? Бир эле Жакшы бар. Түбөлүк өмүргө ээ болгуң келсе, Кудайдын осуяттарын сактап жүр, – деп жооп берди.

18 Ал Ыйсага: – Кайсы осуяттарын? – дегенде, Ыйса: – Киши өлтүрбө, ойноштук кылба, уурулук кылба, жалган күбө болбо,

19 ата-энеңди урматта, башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй, – деди.

20 Жанакы жигит Ыйсага: – Мунун баарын сактап келатам, дагы эмне жетишпейт? – деди.

21 Ыйса: – Жеткилең болгуң келсе, анда бар да, колуңдагы дүнүйөнү сатып, түшкөн акчаны бей-бечараларга таратып бер, ошондо байлыгың көктө болот. Анан кел да, Мени ээрчи, – деди.

22 Муну укканда, жигиттин кабагы бүркөлгөн бойдон жолуна түштү, анткени ал абдан бай эле.

23 Ыйса ошондо шакирттерине кайрылып мындай деди: – Силерге бир чындыкты айтып коёюн: бай адамдын Асман Падышачылыгына кириши кандай кыйын!

24 Дагы бир нерсени айтып коёюн: байдын Кудай Падышачылыгына киргенинен көрө, төөнүн ийне көзүнөн өтүшү оңой.

25 Муну укканда, шакирттери: – Анда түбөлүк өмүргө ким ээ боло алат? – дешти, айран-таң болушуп.

26 Ыйса аларга карап: – Адамдын колунан келбегени менен, Кудайдын колунан баары келет, – деди.

27 Ошондо Петир ордунан тура калып: – Мына, биз баарын таштап салып, сени ээрчип жүрөбүз. Эми бизге кандай сыйлык берилет? – деди.

28 Ыйса жооп кылып, шакирттерине мындай деди: – Мени ээрчиген силерге бир чындыкты айтып коёюн, бардык нерселер кайрадан жаңы болгон кезде, Адам Уулу Өзүнүн даңкка оронгон көктөгү тактысына олтурганда, силер да он эки такка олтуруп, Ысрайылдын он эки уруусун башкарасыңар.

29 Кимде-ким Мен үчүн үйлөрүн, же эркек же кыз бир туугандарын, же ата-энесин, же балдарын, же менчик талаасын таштаса, ал таштаганы жүз эселеп кайтарылып, түбөлүк өмүрдү мураска алат.

30 Ошентип, азыр биринчи болуп жүргөндөрдүн көбү акыркы болуп калышат, ал эми азыр акыркы болуп жүргөндөр биринчи болушат.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28