1 Ыйса чогулган эл менен шакирттерине кайрылып мындай деди:
2 - Дин мугалимдери менен фарисейлерде Мусанын мыйзамдарын силерге чечмелеп берүү бийлиги бар.
3 Ошондуктан алардын айткандарын аткаргыла да сактагыла, бирок кылгандарын кылбагыла. Анткени алар өздөрү айткандарын аткарышпайт.
4 Оор, адам чыдагыс диний эрежелерди башкалардын жонуна артып, аларды көтөрүүгө жардам иретинде чыпалагын да тийгизип коюшпайт.
5 Алар эмне кылышса да, элге көрүнүш үчүн кылышат. Ичине Ыйык Жазуунун аяттары салынып, маңдайлары менен колдоруна байлануучу кутучаларды чоңойтушуп, чапандарынын этегин обу жок узартышат.
6 Аш-тойлордо төрдө, синагогаларда алдыңкы орундарда олтурганды жакшы көрүшөт.
7 Базарларда элдин «устат» деп эпилдеп саламдашып турганын сүйүшөт.
8 А силер болсо бири бириңерге боордошсуңар! Ошондуктан «устат» деп аталбай эле койгула! Анткени баарыңардын Устатыңар бир!
9 Эч кимди «ата» дебегиле, анткени баарыңардын бир Атаңар бар. Ал – асмандагы Атаңар.
10 Эч кимди «жол башчы» деп да айтпагыла, анткени баарыңардын бир эле жол башчыңар бар! Ал – Машаяк.
11 Араңардагы эң чоңуңар силерге кызматчы болсун!
12 Ким өзүн өзү көтөрсө, ал басынтылат, ал эми ким өзүн өзү басынтса, ал көтөрүлөт.
13-14 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени Асман Падышачылыгынын эшигин жаап, адамдарды киргизбей жатасыңар. Өзүңөр да кирбейсиңер, киргени жаткандарды да киргизбейсиңер.
15 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени бир кишини өзүңөрдүн диниңерге киргизиш үчүн деңиздерди сүзүп өтүп, жердин четине чейин барасыңар, анан максатыңарга жеткенде, аны өзүңөрдөн эки эсе көп тозокко татыктуу кылып чыгарасыңар.
16 Сокур жол башчылар, силердин шоруңар куруйт! Анткени силер: «Ким ийбадаткана менен ант берсе эч нерсе болбойт, ал эми ким ийбадатканадагы алтын менен ант берсе, айткан сөзүн аткарыш керек» дейсиңер.
17 Акылсыздар жана сокурлар, кимиси улук: алтынбы же алтынды ыйык кылып турган ийбадатканабы?
18 «Ким курмандык жай менен ант берсе, эч нерсе болбойт, ал эми анын үстүнө коюлган тартуу менен ант берсе, анда ал айткан сөзүн аткарыш керек» дейсиңер.
19 Сокурлар, кайсынысы маанилүү: тартуубу же тартууну ыйыктап турган курмандык жайбы?
20 Курмандык жай менен ант берген адам курмандык жайдын өзү менен да, анын үстүндөгүнүн баары менен да ант берет.
21 Ийбадаткана менен ант берген адам, ийбадаткананын өзү менен да, анын ичинде жашаган Кудай менен да ант берет.
22 Асман менен ант берген адам Кудайдын тактысы менен жана анда олтурган Кудай менен да ант берет.
23 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Жалбыз, адырашман, зиренин түшүмүнүн ондон бирин зекетке бересиңер, ал эми мыйзамдагы маанилүү нерселер: калыстык, боорукердик жана Кудайга ишенимдүүлүктү калтырып койдуңар. Силер ушуларды сактап, тигилерди да калтырбашыңар керек болчу.
24 Сокур жол башчылар, силер чымынды чыпка менен сүзүп аласыңар, бирок төөнү жутуп коёсуңар!
25 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Чыны, табагыңардын сыртын жууйсуңар, бирок ичиңерде талоончулук менен сугалактык ашып-ташыйт.
26 Сокур фарисей, чыныңдын сырты таза болуш үчүн биринчи ичин тазалап ал.
27 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени силер акталып, кооздолгон күмбөз сыяктуусуңар! Күмбөз сыртынан кооз көрүнгөнү менен, ичи өлүктөрдүн сөөк-саагына, ар кандай ыпластыкка толгон.
28 Анын сыңарындай, силер да сыртыңардан элге такыбаа көрүнгөнүңөр менен, ичиңер толо эки жүздүүлүк менен күнөө.
29 Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени силер пайгамбарларга күмбөз куруп, адилдердин эстеликтерин кооздоп, анан:
30 «Эгер биз өткөн ата-бабаларыбыздын убагында жашаган болсок, анда пайгамбарлардын канынын төгүлүшүнө эч кошулмак эмеспиз», – дейсиңер.
31 Ушунуңар менен өзүңөрдүн пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн тукуму экениңерди айгинелеп жатасыңар.
32 Макул, ата-бабаларыңардын күнөө чөйчөгүн толтура бергилечи, эмне болор экен.
33 Кара чаар жыландар, ажыдаардын тукумдары, тозоктогу жазадан кантип качып кутулар экенсиңер?
34 Карагыла, силерге Мен пайгамбарларды, акылмандарды, дин мугалимдерин жиберем. Алардын кээсин өлтүрөсүңөр жана жыгачка керип саласыңар, кээсин синагогаларда сабатасыңар жана сары изине чөп салып, шаардан шаарга кубалайсыңар!
35 Адилеттүү Абылдын канынан тартып, эң ыйык жай менен курмандык жайдын ортосунда силер өлтүрүп тынган Барахтын уулу Закирдин канына чейинки адилеттүүлөрдүн жер бетинде төгүлгөн бардык каны үчүн жаза тартасыңар!
36 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ошонун баары үчүн азыркы муундун адамдары, силер айыптуу болосуңар!
37 Ай, Иерусалим, Иерусалим! Сен пайгамбарларды өлтүрүп, Кудай жиберген адамдарды ташбараңга алдың. Аттиң, балапандарын бооруна чогултуп, канатына калкалаган тоок сымал канча ирет сенин элиңди чогултайын дедим, бирок силер каалаган жоксуңар.
38 Эми мына, үйүңөр каңгырап, ээн калат.
39 Силерге айтып коёюн: «Эгебиздин атынан Келатканга урмат!» деп айтар убак келгиче, Мени көрбөйсүңөр.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28