меню

Матайдын Инжили 26 Бөлүм


1 Ыйса сөзүн аяктады да, шакирттерине карап: –

2 Эки күндөн кийин Куткарылуу майрамы болот, ошондо айкаш жыгачка кадаш үчүн Адам Уулу кармап берилет, – деди.

3 Ошол кезде жогорку динкызматчылар жана эл башчылары Каяп деген башкы динкызматчынын короосуна чогулушту да, 4Ыйсаны куулук менен кармап, өлтүрөлү деп чечишти.

5 Бирок алар: – Эл ичинде дүрбөлөң болбосун үчүн, муну майрам убагында кылбайлы, – дешти.

6 Ыйса Бейтаниде пес оорулуу Ысмандын үйүндө дасторкондун жанында жамбаштап жатканда,

7 кымбат баалуу атыр май куюлган идишин көтөрүп, бир аял келди да башына идишиндеги майды куюп жиберди.

8 Муну көргөн шакирттеринин кыжыры кайнап: – Мындай ысырапчылыктын не кереги бар?

9 Андан көрө, кымбат баага сатып туруп, акчасын жакырларга берсе болот эле го, – дешти.

10 Ыйса алардын бул оюн билип: – Эмнеге аны кыжалат кылып атасыңар? Ал Мага жакшы иш кылды.

11 Жакырлар ар дайым жаныңарда болот, а Мен жаныңарда дайыма эле болбойм.

12 Бул аял май куюу салтын аткарып, денемди көргө коюуга даярдады.

13 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул Жакшы Кабар бүт дүйнөнүн кай жеринде жарыяланса, бул аялды эскерүү иретинде анын кылган иши тууралуу да айтылат.

14 Ошондо Жүйүт Искариот аттуу бир шакирти жогорку динкызматчыларга барып:

15 - Мен аны кармап берсем, эмне бересиңер? – деди. Жогорку динкызматчылар отуз күмүш теңге санап беришти.

16 Ошол убактан баштап, Жүйүт Ыйсаны кармап бергенге оңтойлуу учурду издей баштады.

17 Калама майрамынын биринчи күнү Ыйсага шакирттери келип: – Куткарылуу майрамынын тамагын кай жерде жегиң келет, каерге даярдайлы? – дешти.

18 Ыйса аларга мындай деди: – Шаарга барып, баланча деген кишини таап, ага: «Устатыбыз: “Менин убакыт-саатым жакындап калды, шакирттерим менен чогуу сеникинде Куткарылуу майрамын өткөрүп алалы”, – деди», деп айткыла.

19 Шакирттери Ыйса буюргандай кылышты да, Куткарылуу майрамынын тамагын даярдашты.

20 Кеч киргенде, Ыйса он эки шакирти менен бирге дасторкондун жанында жамбаштап жатты.

21 Анан алар тамактанып жатканда мындай деди: – Силерге бир чындыкты айтып жатам: араңардан бирөө Мени сатып кетет!

22 Шакирттери бу сөзгө абдан капа болуп, биринин артынан бири: – Эгем, мен эмеспи? – дей башташты.

23 Ыйса: – Табакка Мени менен бирге колун салган киши Мени сатып кетет.

24 Адам Уулу Ыйык Жазууда Өзү тууралуу алдын ала жазылган жол менен баратат, бирок Аны сатып кеткен адамдын шору. Ал адам туулбай туна чөксө, өзүнө жакшы болмок, – деди.

25 Ыйсага чыккынчылык кылуучу Жүйүт да: – Устат, мени айтып жаткан жоксуңбу? – деп сурады. Ыйса: – Муну сен өзүң айтып алдың, – деди.

26 Алар тамак ичип жатышканда, Ыйса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып: – Алгыла, жегиле, бул Менин денем, – деди.

27 Анан чөйчөктү алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип туруп: – Баарыңар мындан ичкиле,

28 анткени бул көп адамдардын күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн төгүлүп, алар менен Кудайдын ортосундагы жаңы келишимди бекитүүчү Менин каным.

29 Силерге айтып коёюн: мындан ары, Атамдын Падышачылыгында силер менен бирге жаңы шарап иче турган күнгө чейин эч кандай жүзүм шарабын ичпейм, – деди.

30 Анан алар Кудайды мактоо ырын ырдашты да, Зайтун тоосуна жөнөштү.

31 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: – Баарыңар ушул түнү Мени таштап кетесиңер, анткени Ыйык Жазууда: «Койчусун өлтүрөм, анан койлору чачырап кетет!» – деп айтылган.

32 А бирок кайра тирилген соң, силерден мурда Галилеяга барам.

33 Ошондо Петир Ыйсага: – Сени баары таштап кетсе да, мен эч качан таштабайм! – деди.

34 Ыйса ага: – Сага бир чындыкты айтып коёюн: ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың, – деди.

35 Петир Ыйсага: – Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, сени тааныбайм деп айтпайм, – деди. Шакирттеринин баары тең ушундай дешти.

36 Ушундан соң, Ыйса шакирттери менен бирге Гетсеман деген жерге келди. Анан шакирттерине: – Мен тигиндей барып сыйынып келгенче, ушул жерде отура тургула, – деди.

37 Анан Өзү менен кошо Петир менен Зебедейдин эки уулун алып кетти да, терең кайгыга батып, кыйнала баштады.

38 - Жаным өлгүдөй кыйналып турат, – деди Ал, – ушул жерде калып, уктабай Мени менен бирге тура тургулачы, – деди.

39 Өзү бир аз ары барып, жүздөмөндөп жыгылды да: – Атаке, эгер мүмкүн болсо ушул азапты Мага тийгизбей өткөрүп жиберчи. Бирок Менин эмес, Сенин каалаганыңдай болсун! – деп сыйынды.

40 Анан шакирттерине келип, алардын уктап калганын көрдү да, Петирге: – Бир саат Мени менен бирге уктабай тура алган жоксуңарбы?

41 Шайтанга азгырылып кетпес үчүн уктабагыла, сыйынгыла! Себеби жакшылык кылганды каалайсыңар, бирок алыңар аз, – деди.

42 Анан кайрадан обочолонуп, Кудайга сыйынды: – Атаке, эгер бул азап Мага тиймейинче өтпөсө, анда Сенин каалаганыңдай болсун!

43 Кайра келип, шакирттеринин дагы уктап жатканын көрдү. Алар аябай чарчагандан уктап калышкан эле.

44 Ыйса кайрадан алардан кетип, баягы эле сөздөрүн кайталап, үчүнчү ирет Кудайга сыйынды.

45 Анан шакирттерине дагы келгенде, мындай деди: – Эх, дале уктап, эс алып жатасыңарбы. Мына, Адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна кармалып бериле турган убакыт жакындап калды.

46 Тургула эми, кеттик. Тигине, Мени кармап бере турган киши да келип калды.

47 Ыйса сөзүн аяктай электе, «он экинин» бири – Жүйүт келип калды. Жанында жогорку динкызматчылар менен эл башчылары жиберген, кылыч, токмок менен куралданган жоон топ эл бар эле.

48 Ыйсаны кармап бере турган киши аларга: «Кимдин бетинен өөп учурашсам, силер издеген киши – ошол. Ошону кармагыла», – деп белги берген болчу.

49 Анан дароо Ыйсага басып келип: – Салам, устат, – деди да, бетинен өптү.

50 Ыйса болсо ага: – Досум, мында эмне кылып жүрөсүң? – деди. Ошондо тигилер Ыйсага кол салып, Аны кармашты.

51 Ыйсанын жанында тургандардын бири канжарын сууруп алып, башкы динкызматчынын кулунун кулагын шылый чапты.

52 Ошондо Ыйса шылый чапканга: – Канжарыңды кынына сал! Анткени кылыч алгандар кылычтан кырылышат.

53 Же Мен азыр Атамдан сурансам, Ал Мага миңдеген периштелерди жибербейт деп ойлойсуңбу?

54 Бирок анда кантип Ыйык Жазууда ушундай болуш керек деген сөз аткарылат? – деди.

55 Анан дароо чогулгандарга карап: – Мени кармаш үчүн каракчыга каршы аттангансып, кылыч, токмок менен куралданып чыгыпсыңар. Күн сайын ийбадаткананын короосунда таалим берип отурганымда Мени кармаган жок элеңер.

56 Бирок эмне болсо да, пайгамбарлар жазмаларындагы сөздүн баары аткарылсын, – деди. Ошондо шакирттеринин баары Ыйсаны таштап, качып кетишти.

57 Ыйсаны кармагандар Аны дин мугалимдери менен эл башчылары чогулуп турушкан Каяп деген башкы динкызматчынын алдына алып келишти.

58 Петир алыстан Ыйсаны акмалап келип, башкы динкызматчынын короосуна чейин барды. Анан короого кирип, аягы эмне менен бүтөр экен деп, көрүү үчүн сакчылардын арасына кирип олтурду.

59 Жогорку динкызматчылар менен жогорку кеңеш Ыйсаны жазага тартуу үчүн Ага каршы жалган күбө издешти,

60 бирок көптөгөн жалган күбөлөр келишсе да, алардын айткандары бири бирине туура келбеди. Бирок кийинчерээк келген экөө:

61 - Бул киши: «Кудайдын ыйык ийбадатканасын бузуп, үч күндөн кийин кайра тургузуп коё алам» деген, – дешти.

62 Ошондо башкы динкызматчы ордунан туруп Ыйсага: – Булардын сага жөнүндө айткандарына берер жообуң жокпу? – деди.

63 Ыйса болсо унчуккан жок. Ошондо башкы динкызматчы Ыйсадан: – Тирүү Кудайдын алдында антыңды алайын, айтчы деги бизге, Кудайдын Уулу Машаяк сенсиңби? – деди.

64 Ыйса башкы динкызматчыга: – Өзүңүз айттыңыз. Бирок Мен силерге бир нерсени айтып коёюн: мындан ары Адам Уулунун Кудуреттин оң жагында олтурганын жана асмандагы булуттардын үстүндө келатканын көрөсүңөр, – деп жооп берди.

65 Ошондо башкы динкызматчы кийимин айрып жиберип: – Бул Кудайга акарат келтирди! Бизге дагы кандай күбөлөр керек? Уктуңарбы, ал азыр Кудайга акарат келтирди!

66 Буга эмне дейсиңер? – деди. Тигилердин баары: – Өлүм жазасына тартылышы керек! – деп чуулдашты.

67 Анан Ыйсанын бетине түкүрүп, муштагылап, жаакка чаап:

68 - Эй, Машаяк, кана, ким урду, айтчы? – дешти.

69 Петир болсо сыртта, короодо олтурган. Аңгыча ага бир малай кыз басып келип: – Сен! Сен да галилеялык Ыйса менен бирге болгонсуң! – деди.

70 Петир болсо бардыгынын алдында: – Эмне деп жатканыңды түшүнбөйм, – деп ага макул болгон жок.

71 Дарбаза тарапка баратканда, ал жактан дагы башка малай кыз көрүп калып: – Мына, бул киши да назареттик Ыйса менен бирге жүргөн, – деди.

72 Петир карганып: – Мен ал кишини тааныбайм, – деп дагы макул болбоду.

73 Бир аздан кийин ошол жерде турган адамдар Петирге келишип: – Сен чындап эле тигилердин бири экенсиң, ошолордон экениңди тилиң да айтып турат, – деди.

74 Ошондо Петир аларга: – Кудай урсун, ал кишини тааныбайм, – деп карганып-шиленип кирди. Ошол кезде короз кыйкырды.

75 Ошондо Петир Ыйсанын: «Ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың!» деген сөзүн эстеди да, сыртка чыгып, өксүп ыйлады.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28