1 Ыйса ибарат менен сүйлөгөнүн улантып, мындай деди:
2 - Асман Падышачылыгы баласын үйлөнтүп, той берген падыша сыяктуу.
3 Ал үйлөнүү үлпөтүнө чакырылган конокторго «тойго келиңиздер» деп айттырып, кулдарын жөнөтөт. Бирок тигилердин келгенге көңүлү жок болду.
4 Ошондо падыша кайрадан бөлөк кулдарын жумшап: – Баргыла, чакырылгандарга: «Тамак даяр, букаларым да, бордолгон малдар да союлуп, баары даяр. Тойго келиңиздер», – деп айткыла, – деди.
5 Тойго чакырылган коноктор болсо падышанын сөзүн этибарга албай, туш-тушка басып кетишти: бири айдоо талаасына кетсе, экинчиси соодасына,
6 дагы башкалары болсо кулдарын кармап алып, кордоп, анан өлтүрүп салышты.
7 Ошондо падышанын каары кайнап, аскерлерин жиберип, жанагы канкорлорду кырып, шаарын өрттөдү.
8 Анан кулдарына айтты: – Үйлөнүү тою го даяр болчу, бирок чакырылгандар татыксыз экен.
9 Ошондуктан жөнөгүлө да жолдордун кесилиштерине барып, жолуккандардын баарын тең тойго чакыргыла!
10 Баягы кулдар жолдорго барып, жамандарды да, жакшыларды да, иши кылып жолуккан адамдардын баарын чогултуп келишти. Ошентип, той үйү жамбаштап жаткандарга жык-жыйма толду.
11 Аларды көргөнү келген падыша той кийимин кийбеген бирөөнү байкады.
12 Анан ага мындай деди: – Эй, дос, той кийимисиз бул жакка кантип кирип кеттиң? Тигил болсо үн катпады.
13 Ошондо падыша кызматчыларына: – Мунун колу-бутун байлап туруп, сырттагы караңгылыкка ыргытып таштагыла! Ал жакка түшкөндөр кыйналганынан тиштерин кычыратып, өкүрүшөт! – деди.
14 Анткени чакырылгандар көп болот, бирок тандалгандар аз.
15 Ушундан кийин фарисейлер кетип калышты да, Ыйсанын кебинен бир кынтык таап, сөзүнөн кармайлы деп акылдашышты.
16 Анан Ыйсага өзүнүн шакирттери менен Ироддун жолун жолдоочуларды кошуп, мындай деп айтыш үчүн жөнөтүштү: – Устат, сиздин чынчыл экениңизди билебиз. Бирөөгө жагынууга аракет кылбайбыз. Эч кимдин жүзүнө карабай, адамдарды Кудайдын акыйкат жолун окутасыз!
17 Эми бизге айтыңызчы, сиз кандай ойлойсуз: Рим падышасына салык төлөгөн болобу же болбойбу?
18 Ыйса алардын мындай жаман оюн билип: – Эй, эки жүздүүлөр, эмнеге Мени сынап жатасыңар?
19 Мага салыкка төлөнө турган бир күмүш теңгени көрсөткүлөчү! – деди. Алар бир күмүш теңгени алып келишти.
20 - Анан бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики экен? – деди Ыйса ошондо аларга карап.
21 - Падышаныкы, – дешти алар. Ыйса: – Анда падышаныкын падышага, Кудайдыкын Кудайга бергиле! – деди.
22 Тигилер мындай сөздү укканда, таң калышып, Ыйсаны калтырып, кетип калышты.
23 Ошол эле күнү өлгөндөр кайра тирилбейт деп ишенишкен садукей тобундагы адамдар келип, Ыйсага суроо беришти:
24 Устат, Муса: «Эгер бирөө дүйнөдөн тукумсуз өтүп кетсе, анын аялын иниси алып, агасынын тукумун уласын!» – деп жазып кеткен.
25 Бизде жети бир тууган бар эле. Эң улуусу аял алып, бала көрбөй өлдү.
26 Аялын экинчи иниси алып, ал да баласыз өтүп кетти. Анан үчүнчүсү да ошондой болду. Ошентип жетинчисине чейин, баары ушундай каза болушту.
27 Эң аягында аял да көз жумду.
28 Эми, кыяматта кайра тирилишкенде, аял кимисиники болот? Анткени баары тең ага үйлөнүп чыгышпадыбы.
29 Ыйса аларга мындай жооп берди: – Ыйык Жазууларды да, Кудайдын кудуретин да билбегендиктен жаңылып жүрөсүңөр!
30 Анткени адамдар өлүмдөн кайра тирилгенде, аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт, алар асмандагы периштелер сыяктуу болушат.
31-32 Ал эми өлгөндөрдүн кайра тирилери тууралуу Кудайдын силерге эмне дегенин окуган эмес белеңер? Ал: «Мен Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын» деген. Кудай өлүктөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы!
33 Ошондо Ыйсанын таалимин угуп турган калайык Анын сөзүнө таң калышты.
34 Ыйсанын садукейлердин оозун жапканын уккан фарисейлер өзүнчө чогулуп келишти.
35 Алардын арасынан бир дин мугалими Ыйсаны сынап мындай суроо берди:
36 - Устат, Тоораттагы эң улуу осуят кайсы?
37 Ыйса ага мындай жооп берди: – «Кудай Эгеңди чын жүрөктөн, бүткүл жан дүйнөң менен, бардык акыл-оюң менен сүй!»
38 Бул эң улуу жана биринчи осуят.
39 Экинчиси буга окшош: «Башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй!»
40 Мусанын мыйзамы да, пайгамбарлардын окутуулары да мына ушул эки осуятка негизделген.
41 Фарисейлер чогулганда, Ыйса мындай суроо берди:
42 - Машаяк тууралуу кандай ойдосуңар? Ал кимдин тукуму? – Дөөттүн, – деп жооп беришти алар.
43 Ыйса аларга мындай деди: – Анда кандайча Дөөт Ыйык Рух аркылуу Аны Эгем деп айткан?
44 Ал: «Жараткан Эге Эгеме деди мындай, Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча, Олтура тур, сыйлуу жер – оң жагымда», – деген.
45 Демек, эгер Дөөт өзү Машаякты Эгем деп жатса, кандайча Ал кайра Дөөттүн тукуму болот? – деди аларга.
46 Эч ким бул суроого жооп бере албай койду. Ушул күндөн тартып эч ким батынып, Ага суроо бере албады.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28