меню

Матайдын Инжили 3 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошол күндөрдө болсо Жакыя чөмүлдүрүүчү Иудея чөлүнө келип:

2 - Ниетиңерди өзгөрткүлө! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды, – деп жар салды.

3 Бир кезде Ышая пайгамбар: «Жар салгандын чөлдө үнү угулат: “Даяр кылгын Эгебиздин жолдорун, Талаадагы басар жерин түздөгүн!”» – дегенде ушул Жакыя тууралуу айткан болчу.

4 А Жакыя болсо төөнүн жүнүнөн токулган чапан кийип, белин булгаары кур менен бууп алчу. Жегени чегиртке менен жапайы аарынын балы эле.

5 Иерусалим калкы жана Иудеянын башка бардык шаарларынан жана Иордан дарыясынын тегерек-четиндегилердин баары убап-чубап ага келип жатышты.

6 Келгендер күнөөлөрүн мойнуна алып, Жакыянын Иордан дарыясындагы чөмүлдүрүү расмисинен өтүп жатышты.

7 Алардын арасында чөмүлүү үчүн келген көп фарисейлер менен садукейлер да бар эле. Жакыя аларды көргөндө, мындай деди: – Эй, жылан тукумдары! Келечектеги каардуу жазадан качууну силерге ким көрсөттү эле?

8 Ниетиңерди өзгөрткөнүңөр чын болсо, аны ошого ылайык жашооңор менен далилдегиле!

9 Өзүңөрчө: «Биз Ыбрайымдын балдарыбыз» деп корстон болбогула! Айтып коёюн: керек болсо Кудай Ыбрайымга мына бул жаткан таштардан бала жасап бере алат.

10 Азыр дарактардын түбүндө балта даяр турат: ар бир жакшы жемиш бербегени кыйылат да, отко ыргытылат.

11 Ниеттерин өзгөртсүн деп сууга чөмүлдүрүп жүрөм, бирок мага караганда алда канча кудуреттүү бирөө аркамдан келе жатат. Мен анын бут кийимин көтөрүп жүргөнгө да татыбайм. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт.

12 Ал өз кырманын тазалоо үчүн күрөгүн кармап даяр турат. Буудайын кампага жыйып, топонун өчпөс отко ыргытат.

13 Ушундан кийин Ыйса Галилеядан Иорданга Жакыянын чөмүлдүрүү расмисинен өтүү үчүн келди.

14 Жакыя ага каршы болуп: – Чынында сууга чөмүлдүрүү расмисинен мени сен өткөрүшүң керек, бирок сенин мага келгениң кандай? – деди.

15 Ыйса ага мындай деп жооп берди: – Эми муну жөн кой, анткени адилеттүүлүктүн бардык талаптарын ушундайча аткарышыбыз керек.

16 Ыйса чөмүлөрү менен суудан чыкты да, капысынан асман ачылганын жана үстүнө көгүчкөн кейпинде Кудайдын Руху түшүп келатканын көрдү.

17 Ошондой эле асмандан бир үн чыкты: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын».

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28