меню

Матайдын Инжили 4 Бөлүм


1 Ушул окуядан соң, ибилистин сыноолорунан өткөрүү үчүн Кудайдын Руху Ыйсаны чөлгө алып келди.

2 Кырк күн, кырк түн орозо кармаган Ыйса аягында ачка болгонун сезди.

3 Ошондо азыткы келип: – Эгерде сен Кудайдын Уулу болсоң, мынабу таштарга айтчы, нан болуп калсын, – деди.

4 Ыйса: – Ыйык Жазууда: «Адам жалаң нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт», деп жазылып турат, – деди.

5 Ошондо ибилис Аны ыйык шаар Иерусалимге алып барып, ийбадаткананын төбөсүнө чыгарып койду да:

6 - Кана, Кудай Уулу болсоң, өзүңдү төмөн таштап жиберчи, анткени «Кудай Өзүнүн периштелерине буйрук берет, алар сенин бутуңду ташка тийгизбей илип кетишет», деп жазылган эмеспи, – деди.

7 Ыйса: – «Кудай Эгеңди сынаба!», деп да жазылган, – деп жооп берди.

8 Ибилис Ыйсага дагы келип, Аны абдан бийик тоого алып чыгып, бул дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен алардын байлыгын көрсөтүп:

9 - Эгерде алдыма жыгылып, мага таазим кылсаң, ушунун баарын сага берем, – деди.

10 Ыйса ага мындай жооп берди: – Жогол нары, шайтан, «Кудай Эгеңе табын, жалгыз Ага кызмат кыл!» – деп жазылып турат!

11 Ыйса ушундай дегенде, ибилис Андан кетип калды да, периштелер келип, Ыйсага кызмат кыла башташты.

12 Ыйса Жакыянын камалганын угуп, Галилеяга кетип калды.

13-14 Бирок Ышая пайгамбар аркылуу айтылган Кудайдын сөзү аткарылышы үчүн Назаретте калган жок, келери менен Забулун жана Напталы урууларына караган Галилея көлүнүн жээгиндеги Капарноом шаарында жашап калды. Ышая пайгамбар болсо мындай деген:

15 «Иордан дарыясынын ары жагында, Деңизге алып барчу жол боюнда Жаткан жер – Забулун да, Напталы да, Башка улуттар жашаган Галилея!

16 Караңгыда жашаган эл Көрдү улуу жарыкты! Нур төгүлдү болгондорго Далдаасында ажалдын!».

17 Ошол убактан тартып Ыйса: – Ниетиңерди өзгөрткүлө! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды, – деп жар сала баштады.

18 Галилея көлүнүн жээги менен басып бараткан Ыйса эки бир тууганды: Петир аталган Ысманды жана Идристи көрдү. Алар көлгө тор салып жатышкан болчу, анткени алардын кесиби балыкчы эле.

19 Ыйса аларга мындай деди: – Жүргүлө, Мени менен, силерге балык кармагандын ордуна, адамдарды Кудайга кантип апкелүүнү үйрөтөм!

20 Алар болсо ошол замат торлорун таштап, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.

21 Ыйса андан ары баратып, дагы бөлөк эки бир туугандарды: Жакып менен Жаканды көрдү. Алар атасы Зебедей менен бир кайыкта олтуруп алып, торлорун жамап жатышкан. Ыйса аларды Өзүнө чакырды.

22 Алар ошол замат кайыкты да, андагы атасын да калтырып, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.

23 Ыйса Галилеяны кыдырып, алардын синагогаларында таалим берип, Кудайдын Падышачылыгы тууралуу Жакшы Кабарды жар салып, адамдарды ар кандай оору-сыркоолорунан айыктырып жүрдү.

24 Ал тууралуу кабар бүткүл Сирия аймагына тарап кетти. Адамдар Ага ар кандай илдет-дартка чалдыккандарды, жаны сыздап ооругандарды, жин тийгендерди, талмасы барларды, шал оору болуп калгандарды алып келишип, Ыйса аларды айыктырды.

25 Ошондо Галилеядан, Оншаар аталган жерден, Иерусалимден, Иудеядан жана Иордан дарыясынын ары жагынан көптөгөн адамдар Анын артынан жөнөштү.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28