Матайдын Инжили 2 Бөлүм
1 Ыйса Ирод падышанын тушунда Иудея аймагынын Бейтлехем деген шаарында төрөлдү. Чыгыштан Иерусалимге келишкен акылмандар:
2 «Иудейлердин жаңы төрөлгөн падышасы кайда болду экен? – деп адамдардан сурамжылашты. – Биз күн чыгыштан анын жылдызын көрүп, ага таазим кылганы келдик».
3 Муну укканда, Ирод падышанын тынчы кетти. Аны менен бирге бүткүл Иерусалим калкы да дүрбөлөңгө түштү.
4 Ирод жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдеринин баарын чакырып алып: – Машаяк кай жерде төрөлүшү керек эле? – деп алардан сурады.
5 - Иудеянын Бейтлехем шаарында, – деп жооп беришти алар, – анткени бир пайгамбарга Кудай мындай деп жаздырып кеткен:
6 «Жүйүттүн Бейтлехеми, сен Жүйүттүн Бир дагы чоң шаарынан кем эмессиң, Анткени Менин элим Ысрайылдын Койчусу – Башкаруучу сенден чыгат».
7 Муну укканда, Ирод акылмандарды жашыруун өзүнө чакырып алып, жылдыздын чыга турган мезгилин тактады.
8 - Барып, баланын кайда экенин так билиңиздер! – деди ал жылдыз саноочуларды Бейтлехемге жөнөтүп жатып, – мен да барып, таазим кылып келишим үчүн, тапканыңыздарда мага кабарлап коюңуздар.
9 Жылдыз саноочулар падышанын айтканын угушуп, жолго чыгышты. Аңгыча алар чыгыштан чыккан жылдызды көрүштү. Жылдыз Бала жаткан жайдын үстүнө келип токтогонго чейин анын жетегинде жүрүп отурушту.
10 Жылдызды көргөн алар ушунча катуу сүйүнүшүп, кубанычтары койнуна батпады.
11 Үйгө киришкенде, Баланы жана Анын энеси Мариямды көрүштү. Чөк түшүп, Балага таазим кылышты да, баштыктарын ачып, белектерди: алтынды, ладан жана мүр деген жыпар жыттуу заттарды тартуу кылышты.
12 Андан соң келген жолунан башка жолго салып, өз өлкөлөрүнө кайтышты. Башка жолго салышканынын себеби, түш көрүп, «Иродко барбагыла» деген аян алышкан эле.
13 Алар кетишкенден кийин, Жусуптун түшүнө Жараткан Эгенин периштеси кирип: – Тур да, Баланы жана Анын энесин алып, Мисирге кач. Ирод Баланы өлтүртмөкчү болуп, адамдарына издеткени жатат. Мен сага кайт демейинче ошол жакта бол! – деди.
14 Жусуп түндө ордунан туруп, Баланы жана Анын энесин алып, Мисирге жөнөп кетти.
15 Ал жакта Ирод өлгөнгө чейин болду. Анткени Жараткан Эгенин: «Мен Уулумду Мисирден чакырып алдым» деп, пайгамбарынан айттырган сөзү орундалышы керек болчу.
16 Ирод акылмандардын амалдуулук кылганын түшүнүп, кыжыры кайнап, каарданды. Жоокерлерин жиберип: «Бейтлехемде жана анын тегерек четинде төрөлгөн эки жашка чейинки балдардын баарын кырып салгыла!» – деген буйрук берди. Эки жашка чейин деген себеби акылмандардан сурап, билип алган убакыттан улам эле.
17 Жеремия пайгамбар аркылуу айтылган пайгамбарчылык сөз ушундайча аткарылды. Ал мындай деген:
18 «Жүйүттүн Рама аттуу шаарынан Күйүттүү бир кошок үнү угулат. Муңга толуп, балдарынан айрылып, Соороно албай боздоп жатат Ракыйла, Анткени анын бүт балдары кырылган».
19 Ирод өлгөн соң, Жараткан Эгенин периштеси Мисирдеги Жусуптун түшүнө кирип, мындай деди:
20 - Тур да, Баланы жана Анын энесин алып, Ысрайыл жерине жөнө! Анткени Баланы жок кылабыз дегендер өлүштү.
21 Жусуп турду да, Бала менен Анын энесин алып, Ысрайыл жерине келди.
22 Иудеяда Ироддун ордуна анын баласы Архелай падышалык кылып турганын угуп, ал жакка баргандан коркту. Түшүндө көргөн аяндагы эскертүүдөн улам Галилея аймагы жакка өтүп кетти.
23 Галилеяга келип, Назарет аттуу шаарга жайгашты. Ушундайча «Ал назареттик деген атка конмок» деп пайгамбарлар аркылуу алдын ала айтылган сөз аткарылды.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28