- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
1 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Фараонго кир, аларга Өзүмдүн ушул кереметтеримди к өрсөтүш үчүн,
2 Мисирде эмне кылганымды, ал жерде көрсөткөн кереметтерим жөнүндө уулуңа, уулуңдун уулуна айтып беришиң үчүн, Менин Теңир экенимди билишиңер үчүн, Мен фараондун жана анын кулдарынын жүрөгүн катуулантып койдум».
3 Муса менен Арун фараонго келип, мындай деп айтышты: «Эврейлердин Кудай-Те ңири мындай дейт: Качанкыга чейин сен Мага моюн сунбайсың? Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.
4 Эгерде сен Менин элимди коё бербесең, анда эртең Мен сенин жериңе чегиртке каптатам.
5 Алар жер бетин к өрүнгүс кылып каптайт да, мөндүрдөн калгандын баарын жеп, талаадагы бак-дарактардын баарын курутат.
6 Сенин үйүңө, кулдарыңдын үйлөрүнө жана бардык мисирликтердин үйлөрүнө толот, мындайды сенин ата-бабаларың да, ата-бабаларыңдын ата-бабалары да жер бетинде жашагандан ушул к үнгө чейин көргөн эмес». Муса бурулуп, фараондон чыгып кетти.
7 Ошондо фараондун кулдары: «Бул бизди качанкыга чейин кыйнайт? Бул элди коё бер, алар өздөрүнүн Кудай-Теңирине ийбадат кылышсын. Мисирдин кыйрап бара жатканын даг ы эле к өрбөй турасыңбы?» – дешти.
8 Анан Муса менен Арунду фараонго кайра алып келишти. Ошондо фараон аларга: «Баргыла, өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге ийбадат кыла бергиле. Бирок кимиңер барасыңар?» – деди.
9 Муса мындай деди: «Биз жаш балдарыбыз, кары-карта ңдарыбыз, уул-кыздарыбыз менен, майда жана бодо малыбыз менен барабыз, анткени Теңирге арнап майрам өткөрөбүз».
10 Фараон аларга: «Мейли, ушундай болсун, Теңир силер менен! Мен силерди коё берүүгө даярмын, бирок эмнеге балдарыңарды кошо алып барганы ж атасы ңар? Көрдүңөрбү, силердин ниетиңер жаман.
11 Болбойт, Теңириңерге эркектериңер гана ийбадат кылышсын, анткени силер ошону сурагансыңар», – деди. Анан аларды фараондон кууп чыгышты.
12 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Колуңду Мисир жерине сун, Мис ир жерин чегиртке каптап, жердеги өсүмдүк-чөптүн баарын, мөндүрдөн аман калгандын баарын жесин».
13 Муса таягын Мисир жерине сунду. Ошондо Теңир бул жерге чыгыштан шамал жиберди. Ал шамал бир күн, бир түн болду. Чыгыштан соккон шамал эртең менен чегиртке каптатты.
14 Чегиртке бүт Мисир жерин каптады, алар өтө көп болгондуктан, бүт Мисир аймагын басып калды. Буга чейин мынчалык көп чегиртке болгон эмес, мындан кийин да болбойт.
15 Чегиртке бүт жер бетин каптап калгандыктан, жер көрүнбөй калды. Чегиртке лер жердеги бардык өсүмдүктөрдү, мөндүрдөн аман калган дарактардын мөмөлөрүн бүт жеп коюшту. Мисир жериндеги бак-дарактардан, талаадагы өсүмдүктөрдөн эч нерсе калган жок.
16 Ошондо фараон Муса менен Арунду шашылыш чакыртып, мындай деди: «Мен силердин Куд ай-Те ңириңердин алдында, силердин алдыңарда күнөө кылдым.
17 Эми менин күнөөмдү дагы бир жолу кечиргиле да, өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге сыйынгыла, Ал менден бул өлүмдү кайт кылсын».
18 Муса фараондон чыгып, Теңирге сыйынды.
19 Ошондо Теңир батыштан чыгышка карай катуу шамал соктурду, ал шамал чегирткелерди Кызыл де ңизге сүрүп таштады. Мисир жеринде бир да чегиртке калган жок.
20 Бирок Теңир фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, ал Ысрайыл уулдарын коё бербей койду.
21 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Колуңду асманга сун, ошондо Мисир жерине көзгө сайса көрүнгүс караңгылык түшөт».
22 Муса колун асманга сунду, ошондо бүткүл Мисир жерин үч күн бою көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптап турду.
23 Бири-бирин көрбөй, үч күн бою эч ким ордунан жылган жок. Ысрайыл уулдарынын үйлөрүндө болсо жарык болуп турду.
24 Ошондо фараон Мусаны чакыртып, мындай деди: «Баргыла, Теңириңерге ийбадат кыла бергиле, бирок майда жана бодо малыңарды калтыргыла, балдарыңар болсо силер менен бара беришсин».
25 Бирок Муса мындай деди: «Кудай-Теңирибизге курмандык чалышыбыз үчүн, бизге курмандыктарды да, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды да беришиң керек.
26 Малыбызды да ала барабыз, бир да туяк калбайт, анткени биз Кудай-Теңирибизге чал а турган курмандыкты алардын арасынан алабыз. Бирок биз ал жерге жетмейинче, курмандыкка эмнени чаларыбызды билбейбиз».
27 Теңир фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, ал элди коё бергиси келген жок.
28 Фараон Мусага: «Жогол бул жерден! Менин алдыма кайра келем деп ойлобо. Анткени менин жүзүмдү көргөн күнү өлөсүң», – деди.
29 Муса ага: «Сен айткандай болот. Мындан ары жүзүңдү көрбөйм», – деди.