Мисирден Чыгуу | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Мисирден Чыгуу 13 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир Мусага мындай деди:

2 «Мага ысрайылдыктардын тундарын арна, адамдын туну болобу, малдын биринчи төлү болобу, алар Мага тиешелүү».

3 Муса элге кайрылып, мындай деди: «Силер Мисирден чыккан, кулчулуктан бошонгон ушул күндү эсиңерден чыгарбагыла, анткени Теңир силерди ал жерден күчтүү колу менен алып чыккан. Ачыткы кошулган тамак-аш жебегиле.

4 Силер бүгүн, Абыт айында чыгып жатасы ңар.

5 Теңир сени ата-бабаларыңа берем деп убада кылган сүт менен бал аккан жерге, канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып барганда, ушул айда Теңирге ушул ийбадатты кыл.

6 Жети күн ачыткысыз нан же, ал эми жетинчи к үн – Теңирге арналган майрам.

7 Ачыткысыз нанды жети күн же. Сенде ачыткы кошулган нан болбосун, сенин жериңде ачыткы кошулган тамак-аш болбосун.

8 Ошол күнү өз уулуңа мындай деп айт: Мен бул майрамды Теңир мени Мисирден алып чыккандыгы үчүн майрамдап жатам.

9 Теңирдин мыйзамы оозуңдан түшпөшү үчүн, бул майрам сенин колуңдагы белги жана маңдайыңа байлаган эскертүү болсун, анткени Теңир сени Мисирден күчтүү колу менен алып чыккан.

10 Ушул мыйзамды жыл сайын өз убагында аткар.

11 Теңир сага жана сенин ата-бабаларыңа берем деп убада кылган Канаан жерине сени алып барганда, ал жерди сага бергенде,

12 тундарыңды Теңирге бөлүп кой. Малыңдын биринчи төлүнүн эркегин Теңирге арна.

13 Эшегиңдин биринчи төлүн козуга айырбашта. Эгерде айырбаштабасаң, кунун төлө. Тун эркек балдарыңардын да кунун төлөгүлө.

14 Кийин уулуң сенден: “Эмнеге мындай кылып жатасың?” – деп сураса: “Теңир бизди күчтүү колу менен Мисирден алып чыккан, кулчулуктан бошоткон.

15 Фараон бизди коё бербей жатканда, Те ңир Мисир жериндеги бардык тунгучтарды: тун балдарды, малдын биринчи төлүн жок кылган. Ошондуктан мен малымдын биринчи төлүнүн эркектеринин бардыгын Теңирге арнап курмандыкка чалып жатам, ал эми тун уулдарымдын кунун төлөп жатам” – деп жооп бер.

16 Бул майрам сенин колуңдагы белги жана маңдайыңа байлаган эскертүү болсун, анткени Теңир бизди Өзүнүн күчтүү колу менен Мисирден алып чыккан».

17 Фараон элди коё бергенден кийин, кыска жол болгонуна карабастан, Кудай аларды Пелишти жерине барчу жол менен алып өткөн жок. Анткени Кудай: «Эл согушту көргөндө өкүнүп, Мисирге кайтып кетпесин», – деди.

18 Ошондуктан Кудай элди Кызыл деңизге чөл аркылуу алып барды. Ысрайыл уулдары Мисир жеринен куралданып чыгышты.

19 Муса өзү менен кошо Жусуптун сөөгүн ала чыкты, анткени Жусуп Ысрайыл уулдарынан: «Кудай силерге сөзсүз келет, ошондо сөөгүмдү бул жерден ала чыккыла», – деп убада алган.

20 Ошентип, Ысрайыл уулдары Сукоттон чыгып, чөлдүн четиндеги Эйтамга келип, станы менен жайланышты.

21 Теңир болсо аларды күнү-түнү жол жүрсүн деп, күндүз аларга булут мамынын ичинде жол көрсөтүп, ал эми түн ичинде от мамынын ичинде жарык болуп, алардын алдында бара жатты.

22 Күндүз булут мамы, түнкүсүн от мамы элдин алдынан кеткен жо к.