- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
1 Бетселел сандыкты акация жыгачынан жасады. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак, бийиктиги бир жарым чыканак болду.
2 Анын ичин да, сыртын да таза алтын менен каптады, таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра курчады.
3 Анын төмөн жагындагы төрт бурчуна төрт алтын шакек куйду. Бир жагына эки шакек, экинчи жагына эки шакек.
4 Акация жыгачынан шыргыйларды жасап, аларды алтын менен каптады.
5 Сандыкты көтөрүп жүрүү үчүн, шыргыйлард ы сандыктын эки жагындагы шакектерге киргизди.
6 Анан таза алтындан капкак жасады. Анын узундугу эки жарым чыканак, туурасы бир жарым чыканак.
7 Алтындан эки керуп жасап, аларды чегип чыкты, аларды капкактын эки четине орнотту.
8 Капкактын бир четинен бир керупту, экинчи четинен экинчи керупту чыгарды, керуптар капкактын эки четинен чыгып турду.
9 Керуптун канаттары асманга жайылып, капкакты жаап турду. Алар маңдай-тескей туруп, жүздөрү капкакты карап турду.
10 Анан акация жыгачынан узундугу эки чыканак, туурасы бир чыканак, бийиктиги бир жарым чыканак үстөл жасады.
11 Аны таза алтын менен каптап, үстүнө таажыныкындай кылып айландыра алтын ачакей жасап чыкты.
12 Анан алакандын эниндей жээк чыгарып, таажыныкындай кылып, айландыра алтын ачакей жасап чыкты.
13 Ал үстөл үчүн төрт алтын шакек куюп, шакектерди анын төрт бурчундагы төрт бутуна орнотту.
14 Үстөлдү көтөрүп жүрүү үчүн, жээктердин астына шыргыйларды сала турган шакектерди жасады.
15 Үстөлдү көтөрүп жүрүү үчүн, акация жыгачынан шыргыйларды жасап, аларды алтын менен каптады.
16 Андан кийин үстөлгө керектүү идиштерди: табактарды, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди, чөйчөктөрдү жана кумгандарды таза алтындан жасады.
17 Таза алтындан чырактан жасап, чегип чыкты. Анын өзөгү, бутактары, чөйчөкчөлөрү – мөмөчөлөрү менен гүлдөрү өзүнөн чыгарылып жасалды.
18 Анын эки капталынан алты бутак чыгарылды: үч бутагы бир капталынан, үч бутагы экинчи капталынан чыгарылды.
19 Бир бутагынан бадам гүлүнө окшогон үч чөйчөкчө – мөмөчөлөр менен гүлдөр, экинчи бутактан да бадам гүлүнө окшогон үч чөйчөкчө – мөмөчөлөр менен гүлдөр чыгарылды. Чырактандан чыгып турган алты бутактын баары так ушундай эле.
20 Ал эми чырактандын өзөгүнөн да бадам гүлүнө окшогон төрт чөйч өкчө – мөмөчөлөр менен гүлдөр чыгарылды.
21 Өзүнөн чыгып турган алты бутактын астынан мөмөчөлөр чыгарылды. Биринчи эки бутактын астынан бир мөмөчө, экинчи эки бутактын астынан бир мөмөчө, үчүнчү эки бутактын астынан бир мөмөчө чыгарылды.
22 Мөмөчөлөрү менен бутактары өзөктүн өзүнөн чыгарылып, бардыгы таза алтындан бир бүтүн болуп жасалып, чегилди.
23 Чырактандын жети чырагын, кычкачын, чырак өчүргүчтөрүн таза алтындан жасады.
24 Чырактанды жана ага тиешелүү бардык нерселерди бир талант таза алтында н жасады.
25 Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды акация жыгачынан төрт бурчтуу кылып жасады. Анын узундугу бир чыканак, туурасы бир чыканак, бийиктиги эки чыканак болду. Анын төрт бурчунан мүйүздөр чыгарылды.
26 Анын өзүн, үстүн, капталдарын, мүйүздөрүн таза алтын менен каптап, таажыныкындай кылып, айландыра алтын ачакей жасады.
27 Ачакейдин астындагы эки бурчуна эки алтын шакек жасады. Шыргый салып көтөрүп жүрүү үчүн, аларды эки жагына жасады.
28 Шыргыйларды акация жыгачынан жасап, аларды алтын менен каптады.
29 Майлоочу майды, түтөтүү үчүн жыпар жыттуу таза заттарды, аралашма жасаган адамдай, чеберчилик менен жасады.