Мисирден Чыгуу | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Мисирден Чыгуу 19 Бөлүм

тез өтүү:

1 Мисир жеринен чыгышкандан кийин, үчүнчү айдын биринчи күнү, ай жаңырган күнү Ысрайыл уулдары Синай чөлүнө келишти.

2 Алар Репидимден чыгып, Синай чөлүнө келип станы менен жайланышышты. Ысрайыл эли ошол жердеги тоонун бет маңдайына станы менен жайланышты.

3 Муса Кудай менен сүйлөшүү үчүн, тоого чыкты. Тоодон Теңир ага мындай деп кайрылды: «Жакыптын элине, Ысрайыл уулдарына мындай дегин:

4 Менин мисирликтерге эмне кылганымды көрдүңөр, Мен силерди бүркүт балапанын канатына көтөргөндөй көтөрүп жүрүп, Өзүмө алып келдим.

5 Ошондуктан силер Мени угуп, Менин келишимимди сактасаңар, анда бүт элдердин ичинен силер Менин энчим болосуңар, анткени бүт жер Меники.

6 Силер Мен үчүн ыйык кызмат кылуучулардын падышачылыгы жана ыйык эл болосуңа р. Сенин Ысрайыл уулдарына айта турган сөзүң ушул».

7 Муса келип, эл аксакалдарын чакырды да, Теңир осуяттаган ушул сөздөрдү айтты.

8 Ошондо бүт эл бир добуштан: «Теңир эмнени айтса, ошонун баарын аткарабыз», – деп жооп берди. Муса элдин айткан сөзүн Т е ңирге жеткирди.

9 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Сени менен сүйлөшкөнүмдү эл угушу үчүн жана сага дайыма ишениши үчүн, Мен сага калың булуттун ичинде келем». Муса элдин айткан сөздөрүн Теңирге айтып берди.

10 Ошондо Теңир Мусага: «Элге барып, аларды б үгүн да, эртең да ыйыкта. Алар кийимдерин жууп тазалашсын.

11 Үчүнчү күнгө даяр болушсун, анткени үчүнчү күнү Теңир бүт элдин көз алдында Синай тоосуна түшүп келет.

12 Эл турган жерди тегерете сызып кой. Анан аларга мындай де: Сак болгула, тоого чык пагыла, тоонун этегине да жакындабагыла. Ким тоого жакындаса, ал өлүүгө тийиш.

13 Ал адамга эч ким колун тийгизбесин, аны таш бараңга алышсын же жаа менен атышсын, мал болобу, адам болобу, тирүү калбасын. Сурнай үнү чыкканда гана тоого чыкса болот», – деди.

14 Муса тоодон түшүп келип, элди ыйыктады. Алар өз кийимдерин жууп тазалашты.

15 Ошондо Муса элге: «Үчүнчү күнгө даяр болгула. Аялыңарга жакындабагыла», – деди.

16 Үчүнчү күнү таң атары менен күн күркүрөдү, чагылган чартылдады, калың булут тоонун башына келди, анан сурнай үнү катуу жаңырды. Ошондо стандагы эл абдан коркуп кетти.

17 Анан Муса элди стандан Кудай менен жолугушууга алып келди. Алар тоонун этегинде турушту.

18 Теңир от ичинде түшкөндүктөн, Синай тоосу түтөп жатты. Түтүн тоодон мештен чыккан т үтүндөй болуп чыгып жатты, тоо катуу солкулдап турду.

19 Сурнай үнү барган сайын катуулай берди. Муса сүйлөп жатты, Кудай болсо катуу үн менен жооп берип жатты.

20 Анан Теңир Синай тоосуна түшүп келип, тоонун башынан Мусаны чакырды, Муса тоонун башына чыкты.

21 Ошондо Теңир Мусага: «Ылдый түшүп, элге эскерт, алар Теңирди көрөм деп жулунбасын, ошентем деп, көпчүлүгү өлүп калбасын.

22 Теңирге жакындай турган ыйык кызмат кылуучулар болсо, Теңир аларды өлтүрүп салбашы үчүн, өздөрүн ыйыкташсын », – деди.

23 Ошондо Муса Теңирге: «Эл Синай тоосуна чыга албайт, анткени Сен бизге: Тоону тегерете сызып, аны “ыйык” деп жарыяла деп эскерткенсиң», – деди.

24 Теңир ага: «Ылдый түшүп кел. Кайра өйдө чыгып келе жатканыңда Арунду ала кел, бирок ыйык кызмат кылуучулар менен эл тоого чыгып, Те ңирге барам деп ээликпесин, Теңир аларды кырып салат», – деди.

25 Муса элге түшүп келип, аларга ушунун баарын айтып берди.