- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
1 Теңир Мусага мындай деди: «Фараонго барып айт: Теңир мындай дейт: Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.
2 Эгерде сен аларды коё бергенге макул болбосоң, анда Мен сенин бардык жериңе курбака каптатам.
3 Ошондо дарыяда курбакалар быкылдап, андан чыгып, үйүңө да, уктоочу бөлмөңө да, төшөгүңө да, кулдарың менен элиңдин үйлөрүнө да, мешиңдин ичине да, камыр ачыткан челеги ңе да кирет.
4 Курбакалар сенин, элиңдин жана кулдарыңдын үстүнө чыгат».
5 Теңир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: Колуңдагы таягыңды дарыяларга, агын сууларга жана көлдөргө сунуп, Мисир жерине курбака каптат».
6 Арун колун Мисир жериндеги сууларга сунганда, курбакалар чыгып, Мисир жерин каптады.
7 Сыйкырчылар да өз сыйкырлары менен ушундай кылып, Мисир жерине курбака каптатышты.
8 Фараон Муса менен Арунду чакырып алып: «Теңирге сыйынгыла, Ал курбакаларды менден, менин элимден жоготсун. Ошондо мен Ысрайыл элин Теңирге курмандык чалууга коё берем», – деди.
9 Муса фараонго мындай деди: «Сенин жериңдеги, үйлөрүңдөгү курбакалар жок болуп, дарыяларда гана калсын деп, сен үчүн, кулдарың үчүн, элиң үчүн сыйынар убакытты мага өзүң белгиле».
10 Ал: «Эртең», – деди. Муса ага: «Сен айткандай болсун, ошондо биздин Кудай-Теңирибиздей эч ким жок экенин билесиң.
11 Курбакалар сенден, үйлөрүңдөн, кулдарыңдан жана элиңден жок болуп, дарыяларда гана калат».
12 Муса менен Арун фараондон чыгышты. Фараондун жерине каптаткан курбакалардан арылтуусун сурап, Муса Теңирге сыйынды.
13 Ошондо Теңир Мусанын айтканындай кылды. Үйлөрдөгү, короолордогу жана талаадагы курбакалар кырылып калды.
14 Аларды үймөк-үймөк кылып жыйып коюшту. Ошондо жер сасып кетти.
15 Фараон жеңилдик болгонун көргөндө, жүрөгүн катуулантып, Теңир айткандай, аларды укпай койду.
16 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: Таягыңды көтөрүп, жердеги топуракты чап, ошондо топурак майда чиркейге айланып, б үткүл Мисир жерине толуп кетет».
17 Алар ошондой кылышты. Арун колундагы таягын көтөрүп, топуракты чапканда, адамдарга да, малга да майда чиркейлер жабышты. Бүткүл Мисир жериндеги топурактын баары майда чиркейге айланды.
18 Сыйкырчылар да өз сыйкырлары менен майда чиркей чыгарууга аракет кылышты, бирок чыгара алышкан жок. Ошентип, майда чиркейлер адамдарга да, малга да жабышты.
19 Ошондо сыйкырчылар фараонго: «Бул – Кудайдын колу», – дешти. Бирок фараондун жүрөгү катууланып, Те ңир айткандай, аларды укпай койду.
20 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Эртең менен эрте туруп, фараондун алдына бар. Ал сууга чыгат, ошондо сен ага мындай де: Теңир мындай дейт: Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.
21 Эгерде элимди коё бербесең, анда Мен сага, сенин кулдарыңа, элиңе, үйлөрүңө көгөөн каптатам, ошондо мисирликтердин үйлөрү, алар жашаган жер көгөөнгө толот.
22 Бирок ошол күнү Менин элим жашаган Гошен жерин бөлүп коём, ал жерде көгөөн болбойт, ошондо жер үстүндөгү Теңир Мен экенимди билесиң.
23 Менин элим менен сенин элиңдин ортосун бөлүп коём. Эртең ушул жышаан болот».
24 Теңир так ошондой кылды: фараондун үйүн, анын кулдарынын үйлөрүн жана бүт Мисир жерин көгөөн каптады. Жер көгөөндөн кыйрап жатты.
25 Ошондо фараон Муса менен Арунду чакырып алып: «Баргыла, Кудайыңарга ушул жерде курмандык чалгыла», – деди.
26 Бирок Муса ага: «Андай кылууга болбойт, анткени Кудай-Теңирибизге арнап чалган курмандыгыбыз мисирликтер үчүн жийиркеничтүү. Эгерде мисирликтер үчүн жийиркеничтүү болгон курмандыкты алардын көз алдында чалсак, алар бизди таш бараңга алышпайбы?
27 Биз үч күн жол жүрүп, чөлгө барып, Кудай-Теңирибизге Өзү айткандай кылып курмандык чалабыз», – деди.
28 Ошондо фараон: «Мен силерге өзүңөрдүн К удай-Те ңириңерге курмандык чалыш үчүн, чөлгө барууңарга уруксат берем, бирок алыс кетпегиле. Мен үчүн да сыйынып койгула», – деди.
29 Муса ага мындай деди: «Мен азыр сенден чыгып, Теңирге сыйынам, ошондо көгөөндөр сенден, сенин кулдарыңдан, сенин элиңден эрте ң эле жок болот, бирок сен элди Теңирге курмандык чалууга коё бербей алдаганыңды койгун».
30 Анан Муса фараондон чыгып, Теңирге сыйынды.
31 Ошондо Теңир Мусанын айтканындай кылып, фараондон, анын кулдарынан, анын элинен көгөөндөрдү жок кылды. Бир да к өгөөн калган жок.
32 Бирок фараон бул жолу да жүрөгүн катуулантып, элди коё бербей койду.