- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
1 Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жай жаса, ал акация жыгачынан жасалсын.
2 Ал төрт бурчтуу болсун: узундугу бир чыканак, туурасы бир чыканак, бийиктиги эки чыканак. Анын төрт бурчунан мүйүздөр чыгарылсын.
3 Анын үстүн, капталдарын, мүйүздөрүн таза алтын менен каптап, таажыныкындай кылып, алтын ачакейди айландыра жаса.
4 Алтын ачакейдин астына, эки бурчуна алтындан эки шакек жаса. Алар анын эки тарабында болсун. Көтөрүп жүрүү үчүн алар шыргыйлар киргизиле турган шакектер болот.
5 Шыргыйларды акация жыгачынан жасап, алтын менен капта.
6 Аны Мен сага ачылып бере турган келишим сандыгынын алдындагы көшөгөнүн жанына, сандыктын үстүндөгү капкактын тушуна кой.
7 Арун анын үстүндө жыпар жыттуу заттарды түтөтөт. Күн сайын эртең менен чырактандарды даярдаганда, ал жыпар жыттуу заттарды түтөтөт.
8 Арун кечинде чырактарды күйгүзгөндө да, анын үстүндө жыпар жыттуу заттарды т үтөтөт. Теңирдин алдындагы бул жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жай силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын.
9 Анын үстүндө башка нерсе түтөтпөгүлө. Анын үстүндө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты да, нан курмандыгын да өрттөбөгүлө, ага куюлуучу курмандыкты куйбагыла.
10 Арун жылына бир жолу анын мүйүздөрүнүн үстүндө тазалоо расмисин кылат. Ал аны күнөөдөн тазалоочу курмандыктын каны менен жылына бир жолу тазалап турат. Бул – Теңир үчүн ыйык нерсе. Тазалоо расмиси силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калсын».
11 Теңир Мусага мындай деди:
12 «Ысрайыл уулдарынын санын билиш үчүн санап жатканыңда, алардын ар бири өз жанын куткарып алуу үчүн Теңирге кун төлөсүн, ошондо алар кыргынга учурашпайт.
13 Эсепке кирген ар бир адам ыйык делип эсептелген шекелдин жарымын берсин, бир шекел жыйырма герге барабар. Жарым шекел – Теңирге арналган курмандык.
14 Эсепке кире турган жыйырма жаштан жогорку ар бир адам Теңирге курмандык берүүгө милдеттүү.
15 Өз жанын куткарып калуу үчүн Теңирге берген курмандык жарым шекел болуш керек. Байдыкы ашып кетпесин, жардыныкы андан кемибесин.
16 Ысрайыл уулдарынан өздөрүнүн жаны үчүн берген күмүшүн алып, аны жыйын чатырынын керегине жумша. Бул Ысрайыл уулдары үчүн, Теңир эсине алышы үчүн, силердин жаныңарды куткарып калуу үчүн болсун».
17 Теңир Мусага дагы мындай деди:
18 «Жуунуу үчүн жезден жуунгуч жаса, анын түбү да жез болсун. Аны жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын ортосуна коюп, ичине суу куюп кой.
19 Арун жана анын уулдары ал жуунгучтан суу алып, колу-бутун жуушсун.
20 Алар жыйын чатырына кирер алдында, же болбосо кызмат кылыш үчүн курмандык чалынуучу жайга жакын келерде, Теңирге курмандык чаларда, өлүп калбаш үчүн сууга жуунушсун.
21 Өлүп калбаш үчүн, алар колдорун, буттарын жуушсун. Бул мыйзам Арунга жана анын укум-тукумуна түбөлүккө калсын».
22 Теңир Мусага дагы мындай деди:
23 «Өзүңө эң жакшы жыттуу заттардан ал: суюк миррадан беш жүз, жыпар жыттуу жыгачтын кабыгынан эки ж үз элүү, жыпар жыттуу камыштан эки жүз элүү,
24 касийден ыйык делип эсептелген шекелден беш жүз шекел, зайтун майынан бир гин.
25 Ыйыктап майлоо үчүн, ушулардан чеберчилик менен аралаштырып, майлоочу май жаса. Бул – ыйыктап майлаш үчүн колдонулуучу май.
26 Анан аны менен жыйын чатырын, келишим сандыгын,
27 үстөлдү жана ага тиешелүү бардык нерселерди, чырактанды жана ага тиешелүү бардык нерселерди, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды,
28 курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды жана ага тиешелүү бардык нерселерди, жуунгучту жана анын т үбүн майлап чык.
29 Аларды ыйыкта, ошондо алар эң ыйык болуп калат. Аларга тийгендердин баары ыйык болуп калышат.
30 Ал май менен Арунду да, анын уулдарын да майлап, Мага ыйык кызмат кылуучу кылып дайында.
31 Ал эми Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: “Бул ыйык майлоо үчүн колдонулган май Мага таандык. Бул силердин укум-тукумуңарга калсын.
32 Аны менен башка адамдардын денесин майлабагыла, ага окшош май жасабагыла. Ал – ыйык май. Ал силер үчүн ыйык болсун.
33 Ким ошондой май жасаса же аны менен башка бир өөнү майласа, ал өз элинин арасынан жок кылынат”».
34 Анан Теңир Мусага дагы мындай деди: «Төмөндөгү жыпар жыттуу заттардан: стиракс, оних, халван жана таза ладандан бирдей өлчөмдө ал.
35 Чеберчи лик менен алардан т үтөтүлө турган ыйык аралашма жаса. Ал туз менен аралаштырылган, таза жана ыйык болсун.
36 Аны жанчып майдалап, Мен сага ачылып бере турган жыйын чатырындагы келишим сандыгынын алдына кой. Ал силер үчүн эң ыйык нерсе болот.
37 Өзүңөргө ушундай нерселерден турган түтөтүлүүчү аралашма жасабагыла, ал сенин Теңирге арнаган ыйык нерсең болсун.
38 Түтөтүү үчүн ким ушундай аралашма жасаса, ал өз элинин арасынан жок кылынат».