- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
1 Курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды акация жыгачынан т өрт бурчтуу кылып, узундугун беш чыканак, туурасын беш чыканак, бийиктигин үч чыканак кылып жасады.
2 Анын төрт бурчунан мүйүз чыгарып, аны жез менен каптады.
3 Курмандык чалынуучу жайга тиешелүү бардык нерселерди: күл сала турган идиштерди, калактарды, чараларды, айрыларды, чок салгычтарды, ага тиешел үү нерсенин баарын жезден жасады.
4 Курмандык чалынуучу жай үчүн жезден арчындап тор жасады. Анан курмандык чалынуучу жайдын жарымын түзүп тургудай кылып, аны тегерете чыгып турган кырдын астына орнотту.
5 Шыргыйларды киргизүү үчүн, тордун төрт бурчуна төрт шакек жасады.
6 Шыргыйларды акация жыгачынан жасап, аларды жез менен каптады.
7 Курмандык чалынуучу жайды көтөрүп жүрүү үчүн, шыргыйларды капталдарындагы шакектерге киргизди. Курмандык чалынуу чу жайды тактайдан ичин бош кылып жасады.
8 Жуунгучту жана анын түбүн жезден жасады, аларды жыйын чатырынын кире беришинде кызмат кылган аялдардын күзгүлөрү менен кооздоду.
9 Короону мындай жасады: түштүк тарабына чыйратылган зыгыр буласы нан узундугу ж үз чыканак болгон жабуу жасады.
10 Ал үчүн жыйырма мамы жана мамылардын астына жыйырма жез таканыч жасады. Мамылардын илгичтери менен мамыларды бириктирген шырыкты күмүштөн жасады.
11 Түндүк жагына да узундугу жүз чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн жыйырма мамы, мамылардын астына жыйырма жез таканыч жасалды. Мамылардын илгичтери менен мамыларды бириктирген шырыктарды күмүш менен каптады.
12 Батыш жагына да узундугу элүү чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн он мамы, мамылардын астына он таканыч жасады. Мамылардын илгичтери менен мамыларды бириктирген шырыктарды күмүш менен каптады.
13 Короонун чыгыш жакты караган алдыңкы бетине узундугу элүү чыканак болгон жабуу жасады.
14 Короонун эшигинин бир тарабына узундугу он беш чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жасалды.
15 Эшиктин экинчи тарабына узундугу он беш чыканак болгон жабуу жасады. Ал үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жасалды.
16 Короону айланта тартылган бардык жабуулар чыйратылган зыгыр буласынан жасалды.
17 Ал эми мамылардын таканычтары жезден, илгичтери менен шырыктары күмүштөн жасалды. Алардын үстү күмүш менен капталды. Короонун бардык мамылары күмүш шырыктар менен бириктирилди.
18 Короонун кире беришиндеги көшөгө ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл т үстөгү жүндөн жана чыйратылган зыгыр буласынан саймаланып жасалды. Анын узундугу жыйырма чыканак, бийиктиги беш чыканак болуп, короонун жабуулары сыяктуу эле узатасынан тартылды.
19 Ал үчүн төрт мамы орнотулуп, мамылардын астына жезд ен т өрт таканыч куюлду. Мамылардын үстү күмүш менен капталды, алардын илгичтери жана аларды бириктирген шырыктар да күмүштөн жасалды.
20 Жыйын чатырынын жана короонун тегерегиндеги казыктардын баары жезден куюлду.
21 Мусанын буйругу боюнча, ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамардын жетекчилиги астында лебилер жыйын чатырына жумшалган нерселерди эсептешти.
22 Теңир Мусага эмнени буйруса, ошонун баарын Жүйүт уруусундагы Хурдун уулу Уринин уулу Бетселел жасады.
23 Аны менен бирге Дан уруусунан чыккан Акисамак уулу Алыйап иштеди. Ал таш чеккич, чебер токуучу, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл жүндөрдөн жана зыгыр буласынан жасалган кездемелерге сайма сайган саймачы эле.
24 Ыйык жайдын бардык керектөөлөрүнө жумшалган, тартууга алынып келинген алтын жыйырма тогуз талант болду. Ыйык шекелден жети жүз отуз шекел болду.
25 Эсепке кирген элден жыйналган күмүш жүз талант жана бир миң жети жүз жетимиш беш ыйык шекел болду.
26 Эсепке кирген, жыйырма жаштан жогорку алты ж үз үч миң беш жүз элүү кишинин ар бири ыйык шекелден жарым шекел берди.
27 Жүз талант күмүш ыйык жайдын жана көшөгөлөрдүн таканычтарын куюуга жумшалды. Жүз таканычка жүз талант күмүш, бир таканычка бир талант күмүш жумшалды.
28 Мамылардын илгичтерин, мамыларды бириктирген шырыктарды жасаганга жана мамылардын үстүн күмүш менен каптаганга бир миң жети жүз жетимиш беш шекел жумшалды.
29 Тартууга алынып келинген жез жетимиш талант, эки миң төрт жүз шекел болду.
30 Ал жезден жыйын чатырынын кире беришиндеги мамылардын таканычтарын, курмандык чалынуучу жайды, анын жез торун жана курмандык чалынуучу жайдын бардык буюмдарын,
31 короонун мамыларынын таканычтарын, эшиктин мамыларынын таканычтарын, жыйын чатырынын казыктарын, короонун тегерегиндеги бардык казыктарды жасады.