- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
1 Сен аларга бере турган мыйзамдар мындай:
2 «Эгерде эврей кул сатып алсаң, ал алты жыл иштесин. Ал эми жетинчи жылы эркиндикке бекер чыксын.
3 Эгерде ал жалгыз келсе, жалгыз чыксын. Эгерде анын аялы болсо, аялы менен чыксын.
4 Эгерде кулдун кожоюну ага аял алып берсе, аялы ага уул же кыз т өрөп берсе, анда аялы менен балдары кожоюнунда калып, ал өзү жалгыз чыксын.
5 Эгерде кулу: “Мен кожоюнумду да, аялымды да, балдарымды да жакшы көрөм, эркиндикке чыкпайм”, – десе,
6 анда кожоюну аны башкаруучулардын алдына алып келип, эшиктин же кашектин жанына тургузуп, кулагын шибеге менен тешсин, ошондо ал ага өмүр бою кул болуп калат.
7 Эгерде кимдир бирөө кызын күңдүккө сатса, анда анын кызы башка кулдардай болуп эркиндикке чыга албайт.
8 Эг ерде к үң өз кожоюнуна жакпаса, кожоюну аны албаса, анда күңдүн кунун төлөп алууга башкага уруксат берсин. Бирок ал өзү андан баш тарткандыктан, аны бөтөн элге сатууга акысы жок.
9 Эгерде аны өз уулуна никелеп койсо, анда өз кызындай көрсүн.
10 Эгерде уулуна башка аял алып берсе, анда ал к үң тамактан, кийимден жана жубайлык укугунан ажырабашы керек.
11 Эгерде кожоюн ал күң үчүн ушул үч шартты аткарбаса, анда ал эркиндикке кунсуз, бекер чыксын.
12 Кимдир бирөө бирөөнү уруп жибергенде, ал өлүп калса, анда ал өлүм жазасына тартылсын.
13 Бирок ал атайылап өлтүрбөсө, анын өлүмүнө Кудай жол берген болсо, анда өлтүргөн киши качып кете турган жерди сага Өзүм көрсөтөм.
14 Ал эми кимдир бирөө жакынын атайылап өлтүрсө, анда аны Менин курмандык чалынуучу жайымдан алып кетип, өлүм жазасына тарт.
15 Ким атасын же энесин урса, ал өлүм жазасына тартылсын.
16 Ким киши уурдап сатса же ал анын колунан табылса, анда ал өлүм жазасына тартылсын.
17 Ким атасына же энесине жаман айтса, ал өлүм жазасына тартылсын.
18 Эки адам чатакташа кетип, бири экинчисин таш менен же муштум менен урса, ал тирүү калып, бирок төшөккө жатып калса,
19 ордунан туруп, таяк таянып үйдөн чыгууга жараса, урган киш и өлүм жазасына тартылбайт, бирок анын токтоп калган жумушу үчүн жана дарылануусу үчүн төлөп берсин.
20 Ким өз кулун же күңүн таяк менен уруп, ал анын колунан өлүп калса, анда ал жазалансын.
21 Эгерде алар бир-эки күндөн кийин туруп кетсе, ал жазаланба сын, анткени алар анын к үмүшүнө келген.
22 Эки адам мушташа кетип, бири кош бойлуу аялды уруп жиберип, аялдын боюнан түшүп калса, бирок башка зыян тартпаса, анда ал аялдын күйөөсү салган салыкты төлөп берсин, ал салыкты соттордун көзөмөлү астында төлөп берсин.
23 Эгерде аялдын денеси зыян тарткан болсо, анда жанга жан,
24 көзгө көз, тишке тиш, колго кол, бутка бут,
25 күйүккө күйүк, жараатка жараат, көгөргөн жер үчүн көгөргөн жер.
26 Ким кулун же күңүн көзгө уруп, көзүнө зыян келтирсе, анда көзү үчүн аларды эркиндикке чыгарсын.
27 Ким кулунун же күңүнүн тишин ыргыта урса, анда тиши үчүн да аларды эркиндикке чыгарсын.
28 Эгерде эркек кишини же аял кишини бука сүзүп өлтүрсө, анда ал буканы таш бараңга алып өлтүргүлө, бирок этин жебегиле, ал эми буканын ээси к үнөөлүү эмес.
29 Эгерде букасынын мурда эле сүзөнөөк экенин ээси билип туруп карабаса, ал эркекти же аялды сүзүп өлтүрсө, анда ал буканы таш бараңга алып өлтүргүлө, ээси да өлүм жазасына тартылсын.
30 Эгерде андан кун талап кылышса, өз жаны үчүн ошол кунду төлөп берсин.
31 Бирөөнүн баласын сүзсө да, кызын сүзсө да, ага ушул эле мыйзам колдонулсун.
32 Эгерде бука кулду же күңдү сүзсө, анда алардын кожоюнуна буканын ээси отуз күмүш шекел төлөсүн, ал эми бука таш бараңга алынсын.
33 Эгерде кимдир бир өө жабык чуңкурду ачып же чуңкур казып, үстүн жаппай койсо, ага бука же эшек түшүп кетсе,
34 анда чуңкурдун ээси мал ээсине күмүш төлөп берсин, ал эми өлгөн мал аныкы болот.
35 Эгерде кимдир бирөөнүн букасы коңшусунун букасын сүзүп өлтүрсө, анда өлтүргөн буканы сатып, акчасын тең бөлүп алышсын. Ошондой эле өлгөн буканы да тең бөлүп алышсын.
36 Эгерде букасынын мурда эле сүзөнөөк экенин билип туруп, ээси аны карабаса, анда ал буканын ордуна бука төлөп берсин, ал эми өлгөн бука аныкы болот».