- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
1 Теңир Мусага мындай деди: «Сен бул жерден Мисир жеринен алып чыккан элиң менен кошо Мен Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка “Сенин тукумуңа берем” деп убада кылган жерге жөнө.
2 Алдыңа периштемди жиберип, ал жерден канаандыктарды, аморлуктарды, хеттиктерди, периздиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды кууп чыгам.
3 Ал силерди сүт менен бал аккан жерге алып барат. Силерди жолдо кырып салбашым үчүн, Өзүм силер менен барбайм, анткени силер тоң моюн элсиңер».
4 Эл бул каардуу сөздү укканда, боздоп ыйлады, эч ким жасалгасын тагынган жок.
5 Анткени Теңир Мусага мындай деген эле: «Ысрайыл уулдарына айт: Силер тоң моюн элсиңер. Эгерде Мен силер менен барсам, анда силерди бир заматта жок кылам, ошондуктан жасалгаларыңарды чечкиле. Силерге эмне кылышты байкап көрөм».
6 Ошентип, Ысрайыл уулдары Хореп тоосунун жанында жасалгаларын чечишти.
7 Муса болсо стандын сыртына, стандан обочо жерге жыйын чатырын тигип, аны «жыйын чатыры» деп атады. Теңирди издеген адамдардын баары стандын сы ртындагы жыйын чатырына келишч ү.
8 Муса жыйын чатырына бара жатканда, элдин баары ордунан туруп, өз-өз чатырынын кире беришинде Муса жыйын чатырына киргенче карап турушчу.
9 Муса жыйын чатырына киргенде, асмандан булут мамы түшүп, жыйын чатырынын кире беришине келип турчу, ошондо Те ңир Муса менен сүйлөшчү.
10 Эл жыйын чатырынын кире беришинде турган булут мамыны көрүп, ордуларынан туруп, өз чатырларынын кире беришинде таазим кылып жүгүнүшчү.
11 Ошондо Теңир Муса менен досу менен сүйлөшкөндөй, бетме- бет с үйлөшчү. Ошондон кийин Муса станга кайрылып келчү, ал эми анын кызматчысы Нундун уулу Жашыя жыйын чатырынан карыш жылчу эмес.
12 Муса Теңирге мындай деди: «Сен мага: “Бул элди баштап бар, Мен сени атыңдан билем, сен Менин алдымда ырайым тапты ң”, – десең да, мени менен кимди жиберериңди ачып бербедиң.
13 Эгерде мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, анда өтүнөм: Сени таанып билишим үчүн, Сенин алдыңда ырайым табышым үчүн, мага Өз жолуңду ач. Бул эл Өз элиң экенин унутпа».
14 Ошо ндо Те ңир ага: «Мен Өзүм барам, сени бейпил жерге жеткирем», – деди.
15 Муса Теңирге: «Эгерде биз менен Сен Өзүң барбасаң, анда бизди бул жерден чыгарба.
16 Мен да, Сенин элиң да Сенин алдыңда ырайым тапканыбызды кантип билебиз? Сенин биз менен барганыңдан эмеспи? Ошондо мен да, Сенин элиң да жер жүзүндөгү бардык элдерден атактуу болобуз», – деди.
17 Ошондо Теңир Мусага: «Сенин азыркы айтканыңды аткарам, анткени сен Менин алдымда ырайым таптың, Мен сени атыңдан билем», – деди.
18 Муса Ага: «Мага Өз да ңкыңды көрсөтчү», – деди.
19 Ошондо Теңир ага мындай деди: «Мен сенин алдыңдан бардык жакшылыктарымды өткөрүп, Теңирдин ысымын сенин алдыңда жарыя кылам. Мен кимге ырайым кылгым келсе, ага ырайым кылам, кимди аягым келсе, аны аяйм».
20 Анан Ал дагы мындай деди: «Сага Менин ж үзүмдү көрүүгө болбойт, анткени Менин жүзүмдү көргөн адам тирүү калбайт».
21 Теңир дагы мындай деди: «Менин жанымда аска бар, ошол асканын үстүндө тур.
22 Менин даңкым өтүп бара жатканда, сени асканын жаракасына коём, өтүп кеткенге чейин, сени колум менен калкалап турам.
23 Мен колумду тартып алгандан кийин, Мени артыман көрөсүң, Менин жүзүмдү көрбөйсүң».