- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
1 Теңир Мусага мындай деди:
2 «Биринчи айдын биринчи күнү жыйын чатырын тик.
3 Анын ичине келишим сандыгын алып кирип, сандыктын алдына көшөгөнү ил.
4 Үстөлдү алып кирип, анын үстүнө идиштерин кой, анан чырактанды алып кирип, анын үстүнө чырактарын кой.
5 Алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды алып кирип, келишим сандыгынын тушуна кой, жыйын чатырынын кире беришине көшөгөнү ил.
6 Курмандык чалынуучу жайды жыйын чатырынын алдына кой.
7 Жуунгучту жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын ортосуна коюп, ичине суу куюп кой.
8 Короону жабуу менен курча, короонун кире беришинин көшөгөсүн ил.
9 Майлоочу майды алып, жыйын чатырын жана ага тиешел үү бардык нерсени ыйыкташ үчүн майлап чык, ошондо алар ыйык болот.
10 Курмандык чалынуучу жайды жана ага тиешелүү бардык нерселерди майлап чык. Курмандык чалынуучу жайды ыйыкта, ошондо ал эң ыйык жай болот.
11 Жуунгучту жана анын түбүн майлап ыйыкта.
12 Арунду жана анын уулдарын жыйын чатырынын алдына алып келип, сууга жуунт.
13 Анан Мага ыйык кызмат кылышы үчүн Арунга ыйык кийимдерди кийгизип, аны майлап, ыйык кызматка дайында.
14 Анын уулдарын алып келип, аларга узун көйнөктөрдү кийгиз.
15 Алар Мага ыйык кызмат кылышы үчүн аларды да атасын майлагандай майла. Бул майлоо аларды түбөлүккө, укумдан-тукумга ыйык кызматка дайындаган майлоо болот».
16 Муса бардыгын Теңир буйругандай аткарды.
17 Жыйын чатыры экинчи жылдын биринчи айынын биринчи к үнү тургузулду.
18 Муса жыйын чатырын тикти: анын таканычтарын орнотту, устундарын бекитти, шыргыйларын койду, мамыларын тургузду,
19 анан жыйын чатырынын үстүнө жабуу жапты, Теңир буйругандай кылып, алардын үстүнө дагы бир жабуу жапты.
20 Мыйзамд ы алып, сандыкка салды, шыргыйларды сандыктын шакектерине киргизди, сандыктын үстүнө капкакты жапты.
21 Сандыкты жыйын чатырынын ичине алып кирип, көшөгөнү илип, Теңир буйругандай, келишим сандыгын далдалап койду.
22 Жыйын чатырынын ичине, анын түндүк жагына, к өшөгөнүн сыртына үстөлдү койду.
23 Теңир буйругандай, анын үстүнө Теңирдин алдына эки катар нан тизип койду.
24 Жыйын чатырынын ичине, үстөлдүн маңдайына, жыйын чатырынын түштүк жагына чырактанды койду.
25 Теңир буйругандай кылып, Теңирдин алдына чырактанды, анын үстүнө чырактарды койду.
26 Жыйын чатырынын ичине, көшөгөнүн жанына алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайды койду.
27 Теңир буйругандай, анын үстүндө жыпар жыттуу заттарды түтөттү.
28 Анан жыйын чатырынын кире беришине к өшөгө илди.
29 Жыйын чатырынын алдына курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайды койду, Теңир буйругандай, анын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалып, нан курмандыктарын алып келди.
30 Анан жуунгучту жыйын чатыры менен курмандык бүтүндөй өрттөлүүчү жайдын ортосуна коюп, суу куюп койду.
31 Андан суу алып, Муса, Арун жана Арундун уулдары колдорун, буттарын жуушту.
32 Теңир Мусага буйругандай, алар жыйын чатырына кирерде жана курмандык чалынуучу жайга жакындарда жуунушчу.
33 Жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын тегерегин жабуу менен курчап, короонун кире беришине к өшөгө илди. Ошентип, Муса бардык ишти бүттү.
34 Ошондо жыйын чатырын булут каптап, жыйын чатыры Теңирдин даңкына толду.
35 Муса жыйын чатырына кире алган жок, анткени чатырды булут каптап, Те ңирдин даңкына толуп турган эле.
36 Булут жыйын чатырынан көтөрүлгөндө, Ысрайыл уулдары жолун улантышчу.
37 Эгерде булут көтөрүлбөсө, анда алар да, ал көтөрүлмөйүнчө, жолго чыгышчу эмес.
38 Анткени Теңирдин булуту Ысрайыл уулдарынын көз алдында жыйын чатырынын үстүндө күндүз булут болуп, түн ичинде от болуп, аларды жер кезип жүргөн учурунда коштоп жүрчү.