Мисирден Чыгуу | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Мисирден Чыгуу 23 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ушак таратпа, жалган күбө болбош үчүн, кудайсызга к ол сунба.

2 Көпчүлүктү ээрчип жамандыкка барба, талаш-тартышты көпчүлүккө карап чечпе, чындыктан четтебе.

3 Жардынын ишин жардылыгына карап коргобо.

4 Эгерде душманыңдын адашкан өгүзүн же эшегин тапсаң, аны ээсине алып барып бер.

5 Эгерде душманыңдын эшеги жыгылып, к өтөргөн жүгүнүн астында калганын көрсөң, талаага таштабай, анын жүгүн чечиш.

6 Жакырдын ишин туура эмес соттобо.

7 Калптан кач, айыпсызды, адилеттүүнү өлтүрбө, анткени Мен мыйзамсыздык кылган адамды актабайм.

8 Пара алба, анткени пара к өздүүнү сокур кылып, актын ишин бурмалайт.

9 Келгинди таарынтпа, анткени силер келгин болгон кандай экенин билесиңер, анткени өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар».

10 «Жериңди алты жыл иштетип, түшүмүн ал.

11 Ал эми жетинчи жылы жериң эс алсын, элиңдин жакырлары жанын баксын, алардан калганын талаадагы жаныбарлар жесин. Жүзүмзарың менен зайтун дарагыңды да ошондой кыл.

12 Алты күн иштеп, жетинчи күнү эс ал. Ошондо өгүзүң да, эшегиң да, күңүңдүн баласы да, келгин да эс алат.

13 Силерге айтканымдын баарын аткаргыла. Башка кудайлардын аттарын атабагыла, алардын аттарын оозуңарга албагыла».

14 «Мага арнап, бир жылда үч жолу майрам өткөр.

15 Ачыткысыз нан майрамын өткөрүп тур. Мен сага буйругандай, Абыт айынын белгиленген убагында жети күн ачыткысыз нан же, анткени ошол убакта Мисирден чыккансың. Эч ким Менин алдыма куру кол келбесин.

16 Талаага эккен эгиниңдин биринчи түшүмүн жыйнаганыңда, Эгин жыйноо майрамын өтк өр; жыл аягында түшүм жыйнаганыңда, Түшүм майрамын өткөр.

17 Бардык эркек аттууларың Эгедер Теңирдин алдына жылына үч жолу келишсин.

18 Мага арнап чалган курмандыгыңдын канын ачыткы кошулган нан менен бирге алып келбе. Мага арнап чалган майрамдык курмандыктын майы эрте ң мененкиге калбасын.

19 Жериңден алган биринчи түшүмүңдү Кудай-Теңириңдин үйүнө алып кел. Улакты өз энесинин сүтүнө бышырба».

20 «Мен даярдап койгон жерге сени жолдо сактап жеткириш үчүн, алдыңа бир периштени жиберип жатам.

21 Анын алдында абайлап жүр, анын үнүнө кулак сал, ага каршы чыкпа. Эгерде каршы чыксаңар, ал силердин күнөөңөрдү кечирбейт, анткени Менин ысымым анда.

22 Эгерде анын үнүнө кулак салып, Мен айткандын баарын аткарсаң, анда сенин душмандары ңа душман, кастарыңа кас болом.

23 Менин периштем алдыңа түшүп, сени аморлуктардын, хеттиктердин, периздиктердин, канаандыктардын, хибиликтердин жана жебустуктардын жерине алып барганда, Мен аларды жок кылганда,

24 алардын кудайларына табынба, аларга кызмат кылба, алардын иштерин туураба, тескерисинче, аларды талкала, мамыларын кыйрат.

25 Өз Кудай-Теңириңе кызмат кыл, ошондо Ал жеген наныңа, ичкен сууңа батасын берет. Мен сага оору-сыркоо жолотпойм.

26 Сенин жериңде ара төрөгөндөр жана төрөбөгөндөр болбойт. Өмүрүңдү узун кылам.

27 Сенин алдыңан Өзүмдүн коркунучумду жиберем, сен арасына барган элдердин баарын дүрбөлөңгө түшүрөм, бардык душмандарыңды сенден качырам.

28 Сенин алдыңан чоң аарыларды жиберем, алар сенден хибиликтерди, канаандыктарды жана хеттиктерди кууп чыгат.

29 Жер ээн калып, жырткыч айбандар көбөйүп, сага кол салбашы үчүн, Мен аларды сенден бир эле жылдын ичинде кууп чыгарбайм.

30 Сен тукумдап көбөйүп, ал жерди ээлемейинче, ал элдерди сенден аз-аздан кууп чыгып турам.

31 Сенин чек ара ңды Кызыл деңизден Пелишти деңизине чейин жана чөлдөн дарыяга чейин жеткирем. Ал жердин тургундарын сенин колуңа берем, сен аларды кууп чыгасың.

32 Алар менен да, алардын кудайлары менен да байланыш түзбө.

33 Алар сени Мага каршы күнөөгө түртпөшү үчүн, сенин жериңде жашабасын. Анткени сен алардын кудайларына кызмат кылсаң, анда алар сен үчүн жайылган тор болот».