- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
1 Ысрайыл эли Мусанын көптөн бери тоодон түшпөй жатканы н к өрүп, чогулуп келип, Арунга мындай дешти: «Бизди Мисир жеринен алып чыккан Мусага эмне болгонун билбейбиз, ошондуктан сен бизге бизди баштап жүрө турган кудай жасап бер».
2 Ошондо Арун аларга: «Аялыңардын, уул-кыздарыңардын кулактарындагы алтын сыргаларды чыгарып, мага алып келгиле», – деди.
3 Бүт эл кулактарынан алтын сыргаларын чыгарып, Арунга алып келди.
4 Арун алардын колунан сыргаларды алып, алтындан музоо куюп, аны кескич менен иштеп чыкты. Ошондо алар: «Мына сенин кудайың, Ысрайыл! Сени Миси р жеринен алып чыккан кудайы ң ушул!» – дешти.
5 Арун муну көрүп, алтындан куюлган музоонун алдына курмандык чалынуучу жай жасап: «Эртең теңирге арналган майрам болот», – деп жарыялады.
6 Алар эртеси эртең менен эрте туруп, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен тынчтык курмандыгын чалышты. Анан эл ичип-жегени отурду, көңүл ачканы турду.
7 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Тезирээк тоодон түш, анткени Мисир жеринен алып чыккан элиң бузулду.
8 Алар тез эле Мен осуят кылган жолдон чыгып кетишти. Өздөрүнө алтындан музоо куюп алып, ага сыйынып, курмандык чалып, “Ысрайыл эли, силерди Мисир жеринен алып чыккан кудайы ң мына ушул!” деп жатышат».
9 Анан Теңир Мусага: «Мен бул элди көрүп турам, бул эл – тоң моюн эл.
10 Ошондуктан Мени Өз жайыма кой, алар Менин каарыма калышсын. Аларды жок кылып, сенден көп сандаган эл чыгарам», – деди.
11 Бирок Муса өз Кудай-Теңирине мындай деп жалына баштады: «О, Теңирим, Мисир жеринен кудуреттүү күчүң, кубаттуу колуң менен Өзүң алып чыккан Өз элиңдин үстүнө каарың от болуп жаабаса экен.
12 Мисирликтер: “Кудай аларды өлтүрүү үчүн тоого алып кеткен тура, аларды жер үстүнөн жок кылгысы келген тура”, – деп айтышпасын. Теңир, жалындаган каарыңды баса көр! Чечимиңди өзгөрт, Өз элиңди өлтүрө көрбө!
13 Өз кулдары ң Ыбрайымга, Ыскакка жана Ысрайылга Өз ысымың менен берген антыңды эстей көр. Сен аларга: “Силердин тукумуңарды көктөгү жылдыздардай көбөйтөм, Өзүм убада кылган жерди силердин укум-тукумуңарга берем, алар аны түбөлүккө ээлешет”, – деп айтпадың беле».
14 Ошондо Теңир Өз элине төгө турган каарын кайт кылды.
15 Муса артка кайрылып, тоодон түшүп келди. Анын колунда эки бетинде тең мыйзам жазылган эки таш лоок бар эле.
16 Бул таш лоокторду Кудай Өзү жасаган эле, таш лоокторго жазылган жазууларды Кудай Өзү жазган эле.
17 Жашыя чуулдаган элдин үнүн угуп, Мусага: «Эмне, станда согуш болуп жатабы?» – деди.
18 Муса болсо: «Бул жеңгендердин кыйкырыгы эмес, жеңилгендердин боздогону да эмес. Мен ырдагандардын үнүн угуп жатам», – деди.
19 Муса станга жакындаганда, музоону жана бийлеп жаткандарды к өрүп, каары кайнап, колундагы таш лоокторду ыргытып жиберди. Таш лоокторду ал тоонун этегинде талкалады.
20 Анан Муса алар жасаган музоону алып, отко өрттөп, күлдөй кылып майдалап, сууга чачып жиберди да, ал суудан Ысрайыл уулдарына ичирди.
21 Муса Арунга: «Бул элди ушундай чоң күнөөгө батыргыдай, бул эл сага эмне кылды?» – деди.
22 Арун мындай деп жооп берди: «Мырзамдын ачуусу келбесе экен, бул элдин моюн сунбас эл экенин өзүң билесиң.
23 Булар мага: “Бизди Мисир жеринен алып чыккан Мусага эмне болгонун билбейбиз, ошондуктан сен бизге бизди баштап ж үрө турган кудай жасап бер”, – дешти.
24 Ошондо мен аларга: “Кимдин алтыны бар болсо, чыгарып бергиле”, – дедим. Алар чыгарып беришти. Мен аны отко салсам, ушул алтын музоо чыкты».
25 Муса бул элдин баш бербес эл экенин, Арундун алардын бузулушуна, душмандарына шылдың болушуна жол бергенин көрдү.
26 Муса стандын дарбазасынын жанына туруп: «Ким Теңирди ээрчигиси келсе, мага келсин!» – деди. Ошондо анын алдына Лебинин б үт уулдары чогулушту.
27 Муса аларга мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: Ар бириңер кылычыңарды белиңерге байлап, станды аралап, чатырдан чатырга өтүп, бир туугандарыңарды, досторуңарды, жакындарыңарды өлтүргүлө».
28 Леби уулдары Мусанын айтканындай кылышты. Ошол күнү элдин ичинен үч миңге жакын адам кырылды.
29 Анткени Муса Леби уулдарына: «Бүгүн Теңирге колуңарды арнагыла, анткени ар бириңер өз уулдарыңарга, бир туугандарыңарга кол көтөрдүңөр. Ал бүгүн силерге батасын берсин», – деген.
30 Эртеси күнү Муса элге кайрылып: «Силер өтө чоң күнөө кылдыңар, ошондуктан мен тоого чыгып, Теңирге барам, балким, силердин күнөөңөр үчүн кечирим алып келермин», – деди.
31 Муса Теңирге кайра барып, мындай деди: «Бул эл өзүнө алтын кудай жасап, өтө чоң күнөө кылды.
32 Булардын күнөөсүн кечир. Эгерде кечирбей турган болсоң, анда мени да Өзүң жазган китебиңден чийип сал».
33 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Менин алдымда ким күнөө кылса, ошону Өзүмдүн китебимден чийип салам.
34 Эми бара бер, бул элди Мен айткан жерге алып ж өнө. Менин периштем сенин алдыңда барат. Күнөө үчүн жазалай турган күнүм келгенде, Мен аларды жазалайм».
35 Ошентип, Теңир элди Арун жасаган музоо үчүн кыргынга учуратты.