Мисирден Чыгуу | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Мисирден Чыгуу 11 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир Мусага мындай деди: «Мен фараонду жана мисирликтерди дагы бир жолу жазала йм. Ошондон кийин гана ал силерди бул жерден коё берет. Коё бергенде да, силерди бул жерден шашылыш кууп чыгат.

2 Элиңе айтып кой, ар бир эркек, ар бир аял өз кошунасынан алтын-күмүш буюм сурап алсын».

3 Теңир Өз элине мисирликтердин көз алдында ырайым кылды. Муса да Мисир жеринде, фараон кулдарынын алдында, элдин алдында эң улуу адам болду.

4 Муса мындай деди: «Теңир мындай дейт: Түн ортосунда Мен Мисир жерин аралап өтөм.

5 Ошондо Мисир жериндеги тун балдардын баары, тактыда отурган фараондун тун б аласынан баштап, жаргылчак тартып отурган к үңдүн тун баласына чейин өлөт, малдын биринчи төлүнүн баары кырылат.

6 Ошондо бүткүл Мисир жери боздоп ыйлайт. Мындай ый мурун да болгон эмес, кийин да болбойт.

7 Ал эми Ысрайыл уулдары жана алардын малы эч кандай зыян тартпайт. Ошондо Теңир мисирликтер менен ысрайылдыктардын ортосуна кандай айырма койгонун көрөсүңөр.

8 Сенин кулдарыңдын баары менин алдыма келип тизе бүгүп: “Жетектеп жүргөн элиң менен кошо чыгып кет”, – дешет. Мен ошондон кийин гана чыгып кет ем», – деди. Анан Муса фараондон каарданып чыгып кетти.

9 Теңир Мусага мындай деди: «Мисир жеринде кереметтеримди көрсөтө беришим үчүн, фараон силерди укпай койду».

10 Муса менен Арун ушул кереметтердин баарын фараондун алдында көрсөтүштү. Бирок Теңир фараондун ж үрөгүн катуулантып койгондуктан, ал Ысрайыл уулдарын өз жеринен коё берген жок.