- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
1 Бирок Теңир Мусага мындай деди: «Билип кой, Мен сени фараонго Кудай кылып койдум, ал эми бир тууганың Арун сенин пайгамбарың болот.
2 Сен ага Мен буйругандын баарын айтасың. Бир тууганың Арун болсо фараонго “Ысрайыл уулдарын өз жериңен коё бер” деп айтат.
3 Бирок Мен фараондун жүрөгүн катуулантып коём да, Мисир жеринде Өзүмдүн көптөгөн жышаандарымды, кереметтеримди көрсөтөм.
4 Фараон силерди укпайт, ошондо Мен Мисирге күч колдонуп, аны катуу жазалап, Өзүмдүн кошуунумду – Өз элим Ысрайыл уулдарын Мисир жеринен алып чыгам.
5 Мен Мисирди катуу жазалап, алардын арасынан Ысрайыл уулдарын алып чыкканда мисирликтер Менин Теңир экенимди билишет».
6 Муса менен Арун Теңир буйругандай кылышты.
7 Фараон менен сүйлөшкөн убакта Муса сексен жашта, ал эми Арун сексен үч жашта эле.
8 Теңир Муса менен Арунга мындай деди:
9 «Эгерде фараон силерге: “Керемет көрсөткүлө” десе, сен Арунга: “Таягыңды алып, фараондун алдына ташта” деп айт. Ал жыланга айланат».
10 Му са менен Арун фараонго келип, Те ңир буйругандай кылышты. Арун таягын фараондун жана анын кулдарынын алдына таштаганда, ал жыланга айланды.
11 Ошондо фараон даанышмандар менен сыйкырчыларды чакырды. Мисирдин сыйкырчылары да өздөрүнүн сыйкырлары менен ошондой кылышты.
12 Ар бири өз таягын таштаганда, алар да жыланга айланды, бирок Арундун таягы алардын таяктарын жутуп алды.
13 Теңир айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, аларды укпай койду.
14 Ошондо Теңир Мусага: «Фараондун жүрөгү таштай катыды, ал элди коё бергиси келбей жатат.
15 Эртең менен фараонго бар, ал сууга чыгат, сен аны дарыянын жээгинен тосуп тур. Жыланга айланган таягыңды колуңа алып ал.
16 Анан ага мындай де: Эврейлердин Кудай-Те ңири мени сага мындай деп айттыруу үчүн жиберди: Менин элимди коё бер, алар чөлгө барып, Мага ийбадат кылышсын. Бирок сен ушул күнгө чейин укпай келдиң.
17 Теңир мындай дейт: Менин Теңир экенимди сен мындан билесиң. Мен азыр колумдагы мына бул таяк менен дарыядагы сууну чабам, ал канга айланат.
18 Дарыядагы балыктар кырылат, дарыя сасыйт, мисирликтер жийиркенип, андан суу иче албай калышат».
19 Теңир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: Таягыңды алып, колуңду Мисирдин сууларына: дарыяларына, агын сууларына, к өлдөрүнө, суу сактагычтарына сун, ошондо алар канга айланат. Бүткүл Мисир жери кан болот, жыгач, таш идиштеринин ичиндеги суулар да канга айланат».
20 Муса менен Арун Теңир буйругандай кылышты. Арун таягын көтөрүп, фараондун жана анын кулдарынын к өз алдында дарыядагы сууну чапты, дарыядагы суу канга айланды.
21 Ошондо дарыядагы балыктар кырылып, дарыя сасып кеткендиктен, мисирликтер дарыядан суу иче албай калышты. Ошентип, бүткүл Мисир жери кан болду.
22 Мисирдин сыйкырчылары да өздөрүнүн сыйкырлары менен ошондой кылышты. Теңир айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, аларды укпай койду.
23 Фараон бурулуп, үйүнө кетип калды. Ага бул да таасир эткен жок.
24 Ичкенге суу табыш үчүн, бүт мисирликтер дарыянын тегерегин каза башташты, анткени алар дарыядагы суудан иче албай калышкан эле.
25 Теңир дарыяны канга айланткандан кийин, жети күн өттү.