- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
1 Теңир Мисир жеринде Муса менен Арунга мындай деди:
2 «Ушул ай силер үчүн айлардын башталышы болсун. Ушул ай жыл ичиндеги айлардын биринчиси болсун.
3 Ысрайыл жамаатына мындай дегиле: Ушул айдын онунчу күнү ар ким өз үй-бүлөсүнө бирден козу камдасын, ар бир түтүн бирден козу даярдасын.
4 Эгерде үй-бүлөдөгү кишинин саны аз болуп, бир козуну жеп түгөтө албай турган болсо, анда ал үй-бүлө өзүнө жакын жашаган ко ңшусунун үй-бүлөсү менен бирге, кишинин санына жараша камдасын. Бир козуну канча киши жеп түгөтө алса, ошончо киши чогулсун.
5 Ал кемчилиги жок бир жылдык эркек мал болушу керек. Аны койдун же эчкинин арасынан тандап алгыла.
6 Силер аны ошол айдын он т өртүнө чейин сактап тургула. Аны Ысрайыл жамааты кеч кирери менен сойсун.
7 Эт жей турган үйдүн эшигинин эки кашегине, эшиктин маңдайчасына анын канынан сыйпап коюшсун.
8 Этин отко кактап бышырып, ачыткысыз нан жана ачуу чөптөр менен ошол т үнү жеп бүтүрүшсүн.
9 Этти чала бышырып же сууга бышырып жебегиле, баш-шыйрагын, ичеги-карынын кошуп, отко кактап бышырып жегиле.
10 Андан эртең мененкиге калтырбагыла. Эртең мененкиге калганын өрттөп жибергиле.
11 Аны белиңерди курчап, бут кийимиңерди кийип, таягыңарды колуңарга алып, шашылыш түрдө жегиле. Бул – Теңирдин Пасахы.
12 Мен дал ошол түнү Мисир жерин аралап, Мисир жеринде жашаган адамдардын тунун, малдарынын биринчи төлүн жок кылам. Мисирдин бардык кудайларына сот жүргүзөм. Мен Теңирми н!
13 Силер отурган үйлөрдөгү ошол кан силердин белгиңер болот, канды көрүп, силерден кыя өтүп кетем. Мисир жерин кыйратып жатканымда, силердин башыңарга алаамат түшпөйт.
14 Ошол күн силердин эсиңерде калсын, ошол күндү түбөлүккө белгиленген майрам катары Те ңирге арнап, укумдан-тукумга майрамдагыла.
15 Жети күн ачыткысыз нан жегиле. Биринчи күндөн тартып үйүңөрдөгү ачыткы кошулган тамактарды жок кылгыла. Ким биринчи күндөн жетинчи күнгө чейин ачыткы кошулган тамак ичсе, ал Ысрайыл элинин арасынан жок кылынат.
16 Биринчи күнү да, жетинчи күнү да ыйык чогулуш өткөргүлө. Бул күндөрү эч кандай жумуш кылынбасын, ичип-жей турган гана тамагыңарды жасасаңар болот.
17 Ачыткысыз нан майрамын өткөрүп тургула, анткени дал ошол күнү Мен силердин кошуундары ңарды Мисир жеринен алып чыккам. Ушул күндү түбөлүккө белгиленген күн катары укумдан-тукумга белгилеп тургула.
18 Биринчи айдын он төртүнчү күнүнүн кечинен баштап, ошол эле айдын жыйырма биринчи күнүнүн кечине чейин ачыткысыз нан жегиле.
19 Жети күн бою силердин үйүңөрдө ачыткы кошулган тамак болбошу керек, себеби ким ачыткы кошулган тамак жесе, ал келгин болобу, ошол жердин жергиликтүү тургуну болобу, Ысрайыл жамаатынан жок кылынат.
20 Ачыткы кошулган эч нерсе жебегиле, кайсы жерде болсо ңор да, ачыткысыз нан жегиле».
21 Муса Ысрайыл аксакалдарын чакырып алып, аларга мындай деди: «Үй-бүлөңөрдөгү кишинин санына жараша мал тандап, Пасахка арнап сойгула.
22 Бир тутам иссоп алып, идиштеги канга малып, эшиктин маңдайчасы менен эки каптал кашегине сыйпагыла. Өзүңөр болсо таңга чейин үйүңөрдөн чыкпагыла.
23 Теңир Мисирди кыйратуу үчүн бара жатканда, эшигиңердин маңдайчасы менен эки кашегиндеги канды көрүп, кыя өтүп кетет, кыйратуу үчүн келе жаткан кыйратуучуну силердин үйүңөргө киргизбейт.
24 Муну силер өзүңөр үчүн да, балдарыңар үчүн да түбөлүк мыйзам катары сактагыла.
25 Теңир берген жерге киргениңерде, Ал Өзү айткандай, ушул ийбадатты сактагыла.
26 Балдарыңар силерден: “Бул эмне деген ийбадат?” – деп сурашса,
27 “Бул – Теңирге арналган Пасах курмандыгы. Ал мисирликтерди кыйратып жатканда, Мисирдеги Ысрайыл уулдарынын үйлөрүнөн кыя өтүп кеткен, биздин үйлөрүбүздү куткарып калган” дегиле». Ошондо калың эл тизе бүгүп, таазим кылды.
28 Анан Ысрайыл уулдары жөнөп кетишти. Теңир Муса менен Арунга кандай буйруса, алар так ошондой кылышты.
29 Түн ортосунда Теңир Мисир жериндеги бардык тун балдарды: тактыда отурган фараондун тун баласынан баштап, зынданда жаткан туткундун тун баласына чейин өлтүрдү. Ошондой эле малдын биринчи төлүнүн баарын кырып салды.
30 Ошондо фараон өзү, бүт кулдары, бүткүл Мисир эли түн ичинде орундарынан турушту. Мисир жеринен катуу өкүрүк чыкты, анткени өлүк чыкпаган үй болгон жок.
31 Фараон түн ичинде Муса менен Арунду чакыртып алып: «Тургула, Ысрайыл уулдар ы, менин элимдин арасынан кеткиле, өзүңөр айткандай, Теңириңерге ийбадат кылганы кеткиле.
32 Өзүңөр айткандай, майда жана бодо малыңарды ала кеткиле. Мага да батаңарды бергиле», – деди.
33 Ошентип, мисирликтер: «Кетпесеңер, баарыбыз өлүп калабыз», – де шип, аларды ал жерден тезирээк чыгып кет үүгө мажбурлашты.
34 Ошондо Ысрайыл уулдары ачыткы кошулбаган камырын челеги менен кошо кийимдерине байлап, ийиндерине көтөрүп алып жөнөштү.
35 Ысрайыл уулдары Мусанын айтканындай кылып, мисирликтердин алтын-күмүш буюмдарын, кийимдерин сурап алышты.
36 Теңир болсо мисирликтердин көз алдында Өз элине ырайым кылды. Мисирликтер алардын сураганын беришти. Ошентип, алар мисирликтерди тоноп алышты.
37 Ысрайыл уулдары Раамсестен чыгып, Сукотко жөнөштү. Балдарды эсептебегенде, алардын саны алты жүз миң жөө эркек эле.
38 Алар менен бирге ар кайсы уруудан көп сандаган адамдар да чыгышты. Алар көп сандаган майда жана бодо малы менен чыгышты.
39 Мисирден ала чыгышкан ачыткысыз камырдан токоч жасашты, Мисирден шашылыш т үрдө куулуп чыккандыктан, жолго тамак-аш да камдай албай калышкан эле.
40 Ысрайыл уулдары Мисирде төрт жүз отуз жыл жашашты.
41 Туура төрт жүз отуз жыл болгон күнү түн ичинде Теңирдин бүткүл кошууну Мисир жеринен чыкты.
42 Бул түн – аларды Мисирден алып чыгышы үчүн уктабай өткөрө турган, Теңирге арналган түн. Бул түндү Ысрайыл уулдары укумдан-тукумга сакташы керек.
43 Теңир Муса менен Арунга мындай деди: «Пасах курмандыгынын мыйзамы мындай: Аны башка ур уунун бир да кишиси жебесин.
44 Аны күмүшкө сатылып алынган ар бир кул сүннөткө отургузулгандан кийин жесе болот.
45 Аны келгин киши менен жалданма киши жебесин.
46 Аны бир үйдө отуруп жегиле, этин сыртка алып чыкпагыла, сөөктөрүн сындырбагыла.
47 Муну Ысрайылдын б үткүл жамааты аткарсын.
48 Эгерде сенин жаныңа көчүп келген келгин Теңирдин Пасахын өткөргүсү келсе, анда анын бардык эркек аттуулары сүннөткө отургузулсун. Ошондон кийин өткөрө берсин. Ошондо ал ошол жердин жергиликтүү тургуну болуп калат. Сүннөткө отургузулбаган адам аны жебесин.
49 Жергиликтүү тургунга да, силердин араңарга көчүп келген келгинге да бир мыйзам болсун».
50 Теңир Муса менен Арунга кандай буйруса, Ысрайыл уулдары так ошондой кылышты.
51 Дал ошол күнү Теңир Ысрайыл уулдарын Мисирден кошуундары менен алып чыкты.