Мисирден Чыгуу | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Мисирден Чыгуу 36 Бөлүм

тез өтүү:

1 Бетселел менен Алыйап жана Теңир акылмандык берген акылман адамдардын баары Теңир буйругандай иштей башташты. Теңир аларга ыйык жайда иштеш үчүн керек болгон акылмандыкты жана түшүнүктү берди.

2 Анан Муса Теңир акылмандык берген Бетселел менен Алыйапты, бардык акылман адамдарды, жүрөгү бул жумушка тартылгандарды чакырды.

3 Алар ыйык жайда иштеш үчүн керек болгон, Ысрайыл уулдары алып келген тартуулардын баарын Мусанын колунан алышты. Ошол эле учурда к үн сайын эртең менен тартуулар үзүлбөй келип жатты.

4 Ошондо ыйык жайда иштеп жаткан акылман адамдардын бардыгы өз иштерин токтотуп,

5 Мусага келип: «Теңир буйруган жумуштар үчүн керек болгон нерселерди эл ашыкча алып келип жатышат», – дешти.

6 Ошондо Муса буйрук берди. Анын буйругу станда жарыяланды: «Эркектер да, аялдар да ыйык жайга эми эч кандай тартуу алып келишпесин». Ошондон кийин эл тартуу алып келүүнү токтотту.

7 Жумушка керектүү нерселердин баары жетип, атүгүл, артып да калды.

8 Жыйын чатырында иштеген акылман адамдар чыйратылган зыгыр буласынан, ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн он жабуу жасап, аларга чеберчилик менен керуптарды түшүрүштү.

9 Ар бир жабуунун узундугу жыйырма сегиз чыканак, туурасы т өрт чыканак. Бардык жабуулар бирдей өлчөмдө эле.

10 Бетселел биринчи беш жабууну бири-бирине бириктирди, экинчи беш жабууну да бири-бирине бириктирди.

11 Биринчи беш жабуунун экинчи беш жабуу менен бириге турган жерине ачык көк жиптен илмек, ошондой эле экинчи беш жабуунун биринчи беш жабуу менен бириге турган четине ачык к өк жиптен илмек жасады.

12 Биринчи беш жабуунун акыркы жабуусунун четине элүү илмек жасады, экинчи беш жабуунун биринчи беш жабуу менен бириге турган жерине да элүү илмек жасады. Илмектер бири-бирине дал келди.

13 Анан элүү алтын илгич жасап, илгичтер менен жабууларды бири-бирине бириктирди. Ошондо жыйын чатыры бир бүтүн чатыр болуп калды.

14 Анан жыйын чатырынын үстүн жабуу үчүн эчкинин тыбытынан жабуу жасашты. Андай жабуудан он бирди жасашты.

15 Ар бир жабуунун узундугу отуз чыканак, туурасы төрт чыканак болду. Бул он бир жабуунун өлчөмү бирдей болду.

16 Беш жабууну өзүнчө, алты жабууну өзүнчө бириктирди.

17 Беш жабуунун акыркы жабуусунун четине элүү илмек, алты ж абуунун акыркы жабуусунун четине эл үү илмек жасады.

18 Бир бүтүн жабуу болушу үчүн, жабууларды бири-бирине бириктиргенге элүү жез илгич жасады.

19 Жыйын чатырынын үстүн жабуу үчүн, кызылга боёлгон кой терисинен жабуу жасашты, анын үстүнөн жабуу үчүн, де ңиз жаныбарынын терисинен жабуу жасашты.

20 Жыйын чатырын тургузуу үчүн акация жыгачынан тикесинен коюла турган төрт кырдуу устундарды жасашты.

21 Ар бир устундун узундугу он чыканак, туурасы бир жарым чыканак болду.

22 Ар бир устунга экиден, бири-бирине тушташ шакектерди жасады. Бардык устундарды ушундай жасашты.

23 Жыйын чатырынын түштүк тарабына ушундай устундан жыйырманы жасашты.

24 Жыйырма устундун астына күмүштөн кырк таканыч жасашты. Ар бир устундун астына экиден таканыч.

25 Жыйын чатырынын т үндүк тарабына жыйырма устун жасашты.

26 Бардыгы болуп кырк күмүш таканыч жасашты. Ар бир устундун астындагы ашталуучу эки тээкке экиден таканыч,

27 ал эми жыйын чатырынын арт жагына, батыш жагына алты устун жасашты.

28 Жыйын чатырынын арт жагындагы эки бурчу үчүн эки устун жасашты.

29 Ал эки устунду ылдый жагынан бекитип, өйдө жагынан бир шакекке бекитишти. Эки бурчуна эки устунду ушундай кылып орнотушту.

30 Ушул сегиз устун үчүн он алты күмүш таканыч жасашты, ар бир устундун астына экиден таканыч болду.

31 Акация жыгачынан шыргый жасашты. Жыйын чатырынын бир жагындагы устундар үчүн беш шыргый,

32 экинчи жагындагы устундар үчүн беш шыргый, арт жагындагы устундар үчүн беш шыргый жасашты.

33 Устундардын дал ортосунан өтө турган шыргыйды бир башынан экинчи башына жете тургандай кылып жасашты.

34 Устундарды алтын менен капташты, шыргыйлар киргизилүүчү шакектерди да алтындан жасашты, шыргыйларды да алтын менен капташты.

35 Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан к өшөгө жасап, ага чеберчилик менен керуптарды түшүрүштү.

36 Ал көшөгө үчүн акация жыгачынан төрт мамы жасап, аларды алтын менен каптап, алтын илгичтерди тагышты. Мамылардын астына күмүштөн төрт таканыч куюшту.

37 Ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл т үстөгү жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан жыйын чатырынын кире беришине саймалуу көшөгө жасашты.

38 Ал көшөгө үчүн илгичтери бар беш мамы жасап, алардын үстүн жана аларды бириктирген шырыктарды алтын менен капташты. Мамылардын астына жезден беш таканыч куюшту.