- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
1 Ысрай ыл уулдарынын б үт жамааты Эйлим жеринен чыгышты. Алар Мисир жеринен чыккандан кийин, экинчи айдын он бешинчи күнү Эйлим менен Синайдын ортосундагы Син чөлүнө келишти.
2 Ысрайыл уулдарынын жамааты чөлдө Муса менен Арунга кайрадан наалый баштады.
3 Ысрай ыл уулдары аларга: «Биз Мисир жеринде нанды тоё жеп, этке толгон казандын жанында отурганда эле, Те ңирдин колунан өлүп калсак эмне! Силер бизди чөлгө ачкадан өлтүргөнү алып келген турбайсыңарбы», – деп наалышты.
4 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Азыр Мен силерге асмандан нан жаадырам. Эл күн сайын сыртка чыгып, бир күнгө жеткидей нан жыйнап алсын. Ушул аркылуу Мен элди Менин мыйзамымды аткарабы, жокпу, сынап көрөм.
5 Алтынчы күнү болсо алып келгендерин даярдашсын, ошондо ал күн сайын жыйнагандарынан эки эсе к өп болот».
6 Муса менен Арун Ысрайыл элине мындай деди: «Силерди Мисир жеринен Теңир алып чыкканын кечинде билесиңер.
7 Эртең менен Теңирдин даңкын көрөсүңөр, анткени Ал силердин Теңирге наалыганыңарды укту. Бизге наалыганыңардай, биз ким элек?»
8 Муса мындай деди: «Теңир силерге кечинде эт, эртең менен тоё жегидей нан берет, анткени Теңир силердин Ага нааразы болуп, наалыганыңарды укту. Биз ким элек? Силер бизге эмес, Теңирге наалып жатасыңар».
9 Анан Муса Арунга мындай деди: «Ысрайыл уулдарынын б үт жамаатына мындай деп айт: Теңирдин алдына баргыла, себеби Ал силердин наалыганыңарды укту».
10 Арун Ысрайыл уулдарынын бүт жамаатына кайрылганда, алар чөлгө бурулушту. Ошондо Теңирдин даңкы булуттан көрүндү.
11 Теңир Мусага мындай деди:
12 «М ен Ысрайыл уулдарынын наалыганын уктум. Аларга мындай деп айт: Кечинде эт жейсиңер, эртең менен нанга тоёсуңар, Менин силердин Кудай-Теңириңер экенимди ошондо билесиңер».
13 Кечинде бөдөнөлөр учуп келип, станды каптады, ал эми эртең менен стандын тегерегине ш үүдүрүм түштү.
14 Шүүдүрүм бууланып кетери менен, жердин бетин кыроо каптагансып, чөлдө данга окшогон майда нерселер калды.
15 Ысрайыл уулдары аны көргөндө, бири-биринен: «Бул эмне?» – деп сурашты. Анткени алар анын эмне экенин билишчү эмес. Ошондо Муса аларга мындай деди: «Бул – Те ңирдин силерге жегенге берген наны.
16 Теңир силерге мындай буйрук берди: Ар кимиңер жешиңерче жыйнагыла. Ар ким өз чатырында жашаган кишинин санына жараша, киши башына бир гомордон жыйнасын».
17 Ысрайыл уулдары ошондой кылышты: бири к өп, бири аз жыйнады.
18 Жыйнагандарын гомор менен ченешти. Көп жыйнагандыкы ашып калган жок, аз жыйнагандыкы жетпей калган жок. Ар ким жешине жараша жыйнады.
19 Муса аларга: «Эртең мененкиге калтырбагыла», – деди.
20 Бирок алар Мусанын айтканын угушкан жок. Кээ бирөөлөрү жыйнагандарынан эртең мененкиге калтырып коюшту, бирок анысы курттап, сасып кетти. Ошондо аларга Мусанын ачуусу келди.
21 Алар күндө эртең менен өздөрүнө жеткидей жыйнашчу. Күн ысыганда, ал эрип кетчү.
22 Алтынч ы к үнү алар нанды эки эсе көп, киши башына эки гомордон жыйнашты. Муну жамаат башчылары Мусага айтып келишти.
23 Муса аларга мындай деди: «Теңир мындай деди: Эртең – дем алыш, Теңирдин ыйык ишембиси. Отко бышыра турганыңарды бүгүн бышырып, кайната турганы ңарды бүгүн кайнатып алгыла, артып калганын алып коюп, эртең мененкиге чейин сактагыла».
24 Алар Муса айткандай кылып, артып калгандарын эртең мененкиге калтырып коюшту, ал сасыган да жок, курттаган да жок.
25 Муса аларга: «Муну бүгүн жегиле, анткени б үгүн Кудайдын ишембиси. Бүгүн муну талаадан таппайсыңар.
26 Аны алты күн жыйнагыла. Ал эми жетинчи күн – ишемби. Бул күнү манна болбойт», – деди.
27 Кээ бирөөлөр жетинчи күнү жыйнаганы чыгышты, бирок эч нерсе таба алышкан жок.
28 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Качанкыга чейин Менин осуяттарым менен мыйзамдарымды аткаруудан баш тартасы ңар?
29 Эсиңерден чыкпасын, ишембини силерге Теңир берди, ошон үчүн Ал силерге алтынчы күнү эки күндүк нан берип жатат. Ишемби күнү ар ким өз үйүндө болсун, эч ким өз үйүнөн чыкпасын».
30 Ошентип, эл жетинчи күнү эс алды.
31 Ысрайыл эли бул нанды «манна» деп атады. Ал нандын өңү кориандр уругундай аппак, даамы бал кошулган нандай эле.
32 Муса аларга мындай деди: «Теңир мындай деп буйруду: Укум-тукумуңарга сактап коюу үчүн, бир идишке бир гомор манна толтургула, силерди Мисирден алып чыккандан кийин, Мен силерди чөлдө кандай нан менен азыктандырганымды алар көрүшсүн».
33 Анан Муса Арунга мындай деди: «Бир идиш алып, ага бир гомор манна толтур да, укум-тукумуңарга сактап коюу үчүн, аны Теңирдин алдына кой».
34 Теңир Мусага буйругандай, Арун аны сактап коюу үчүн, келишим сандыгынын алдына алып барып койду.
35 Ысрайыл уулдары өздөрү жашай турган жерге жеткиче маннаны кырк жыл жешти. Алар Канаан жеринин чек арасына келгенге чейин манна жешти.
36 Гомор болсо эйфанын ондон бир бөлүгү.