Мисирден Чыгуу | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Мисирден Чыгуу 27 Бөлүм

тез өтүү:

1 Акация жыгачынан узундугу беш чыканак, туурасы беш чыканак, бийиктиги үч чыканак болгон төрт бурчтуу курмандык чалынуучу жай жаса.

2 Анын төрт бурчундагы төрт мүйүздү да өзүнөн чыгар, аны жез менен капта.

3 Күл сала турган идиштерди, калактарды, чараларды, айрыларды жана чок салгычтарды жаса. Ага тиешелүү нерселердин бардыгын жезден жаса.

4 Жезден арчындап тор жаса, анын т өрт бурчуна жезден төрт шакек жаса.

5 Ал тор курмандык чалынуучу жайдын ичиндеги тегерете чыгып турган кырдын астына коюлуп, курмандык чалынуучу жайдын жарымын түзүп турсун.

6 Курмандык чалынуучу жайга акация жыгачынан шыргыйларды жаса. Аларды да жез менен капта.

7 Шыргыйларды шакектерге киргизип кой, курмандык чалынуучу жайды көтөрүп жүрүү үчүн, алар анын эки жагында болсун.

8 Курмандык чалынуучу жайды тактайдан ичин бош кылып жаса. Аны Мен сага тоодо көрсөткөндөй кылып жасашсын.

9 Жыйын чатырынын короосун мындай жаса: короонун түштүк тарабына чыйратылган зыгыр буласынан жабууларды жаса, узундугу жүз чыканак болсун.

10 Ал жабуулар үчүн жыйырма мамы, алардын астына жезден жыйырма таканыч жаса. Мамылардын илгичтери жана мамыларды бириктирген шырыктар к үмүштөн жасалсын.

11 Короонун түндүк тарабындагы жабуулардын узундугу жүз чыканак болсун. Алар үчүн да жыйырма мамы, алардын астына жезден жыйырма таканыч жаса. Мамылардын илгичтери жана мамыларды бириктирген шырыктар к үмүштөн жасалсын.

12 Короонун батыш тарабындагы, туурасындагы жабуулары элүү чыканак болсун. Алар үчүн он мамы, алардын астына он таканыч жаса.

13 Короонун чыгыш тарабындагы, туурасындагы алдыңкы жабуулары элүү чыканак болсун.

14 Короонун бир тарабындагы жабуулар он беш чыканак болсун. Алар үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жаса.

15 Короонун экинчи тарабындагы жабуулар он беш чыканак болсун. Алар үчүн үч мамы, алардын астына үч таканыч жаса.

16 Ал эми короонун эшиги үчүн жасала турган к өшөгө жыйырма чыканак болсун. Ал ачык көк, ачык кызыл, кочкул кызыл түстөгү ийрилген жүндөн, чыйратылган зыгыр буласынан саймаланып жасалсын. Ал үчүн төрт мамы, анын астына төрт таканыч жаса.

17 Короону айланта курчаган бардык мамылар күмүш шырыктар ме нен бириктирилсин. Алардын илгичтери күмүштөн, ал эми таканычтары жезден жасалсын.

18 Короонун узундугу жүз чыканак, туурасы элүү чыканак, бийиктиги беш чыканак болсун. Жабуулары чыйратылган зыгыр буласынан, ал эми мамылардын таканычтары жезден болсун.

19 Жыйын чатырынын ар кандай жумуштарында колдонула турган нерселердин баары жана жыйын чатырынын, короонун бардык казыктары жезден жасалсын.

20 Анан Ысрайыл уулдарына буйрук бер, чырактан дайыма күйүп турушу үчүн, алар сага таза зайтун майынан алып келип турушсун.

21 Арун жана анын уулдары жыйын чатырындагы келишим сандыгы турган көшөгөнүн сыртында, Теңирдин алдында кеч киргенден таң атканга чейин ал май менен чырактанды күйгүзүп турушат. Бул мыйзам Ысрайыл уулдарынан алардын укум-тукумуна т үбөлүккө калсын.