Мисирден Чыгуу | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Мисирден Чыгуу 6 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошондо Теңир Мусага: «Эми сен Менин фараонго эмне кыларымды көрөсүң. Фараон аларды күчтүү колдун кийлигишүүсү менен коё берет. Атүгүл, күчтүү колдун кийлигишүүсү менен аларды өз жеринен кууп чыгат», – деди.

2 Ошондо Кудай Мусага мындай деди: «Мен Те ңирмин.

3 Мен Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка: “Кудуреттүү Кудай” деген ысым менен келгенмин, бирок аларга “Теңир (Жахаба)” деген ысымым менен ачылган эмесмин.

4 Өздөрү келгин болуп жашашкан Канаан жерин берем деп, Мен алар менен келиши м т үзгөм.

5 Мен мисирликтердин эзүүсү астында кыйналган Ысрайыл уулдарынын онтогонун угуп, Өзүмдүн келишимимди эстедим.

6 Ошондуктан Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: «Мен Теңирмин, силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарам, силерди кулчулуктан бошотом, силерди кудуретт үү күчүм менен, чоң жазалар менен куткарам.

7 Силерди Өзүмө эл кылып алам да, силердин Кудайыңар болом, ошондо силерди мисирликтердин эзүүсүнөн куткарган Кудай-Теңириңер Мен экенимди билесиңер.

8 Мен колумду көтөрүп, Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деген жерге силерди алып барам да, аны силерге мураска берем. Мен Теңирмин».

9 Муса муну Ысрайыл уулдарына айтып берди, бирок алар жүрөкзаада болуп калышкандыктан, жумуштун оордугунан Мусага кулак салышкан жок.

10 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:

11 «Мисир падышасы фараонго кирип айт, ал Ысрайыл уулдарын өз жеринен коё берсин».

12 Муса Теңирдин алдында мындай деди: «Мени Ысрайыл уулдары укпай жатышса, фараон кантип уксун? Мен болсо сөзгө жокмун».

13 Бирок Теңир Муса менен Арунга с үйлөдү. Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыгууга буйрук берип, аларды Ысрайыл уулдарына жана Мисир падышасы фараонго жиберди.

14 Алардын уруу башчылары булар: Ысрайылдын туну Рубейиндин уулдары: Ханох жана Палу, Хесрон жана Карми. Бул – Рубейин уруусу.

15 Шымондун уулдары: Жемуел жана Жамин, Ойат жана Жахин, Сохар жана канаандык аялдын уулу Шабул. Бул – Шымон уруусу.

16 Лебинин уулдары, уруу башчылары булар: Гейиршон, Каат жана Мерари. Леби болсо жүз отуз жети жыл жашаган.

17 Гейиршондун уулдары, уруу башчылары: Либни жана Шимей.

18 Кааттын уулдары: Амрам жана Итсар, Хеброн жана Узиел. Каат болсо жүз отуз үч жыл жашаган.

19 Мераринин уулдары: Махли жана Муши. Булар – Лебинин уруу башчылары.

20 Амрам атасынын карындашы Жохебетти аялдыкка алган. Ал ага Арун менен Мусаны төрөп берген. Амрам болсо жүз отуз жети жыл жашаган.

21 Итсардын уулдары: Корак, Непек жана Зихри.

22 Узиелдин уулдары: Мишаел, Элсапан жана Ситри.

23 Арун Нахшондун карындашы, Аминадаптын кызы Элишебаны аялдыкка алган. Ал ага Надап менен Абыйутту, Элазар менен Итамарды төрөп берген.

24 Корактын уулдары: Асир, Элкана жана Абыйасап. Булар – Корак уруусу.

25 Арундун уулу Элазар Путиелдин кыздарынын бирин аялдыкка алган. Ал ага Пинехасты төрөп берген. Булар – Лебинин уруу башчылары.

26 Арун менен Муса – Теңирден «Мисир жеринен Ысрайыл уулдарын кошуундары менен алып чыккыла» деген буйрук алган кишилер.

27 Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыгуу үчүн Мисир падышасы фараон менен сүйлөшкөн кишилер – ушул Арун менен Муса.

28 Теңир Мисир жеринде Мусага сүйлөгөндө:

29 «Мен Теңирмин! Мен сага айткандын баарын Мисир падышасы фараонго айт», – деди.

30 Муса болсо Теңирдин алдында мындай деди: «Мен сөзгө жокмун, фараон мени кантип уксун?»