Мисирден Чыгуу | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Мисирден Чыгуу 24 Бөлүм

тез өтүү:

1 Анан Теңир Мусага мындай деди: «Арунду, Надапты, Абыйутту жа на Ысрайылдын жетимиш аксакалын алып, тоого чыгып, Мага алыс туруп таазим кылгыла.

2 Теңирге Муса гана жакындасын. Ал эми тигилер жакындабасын, эл аларга кошулуп келбесин».

3 Муса келип, Теңирдин сөздөрү менен мыйзамдарынын баарын элге айтып берди. Ошондо б үт эл бир ооздон: «Теңир эмнени айтса, ошону аткарабыз», – деди.

4 Муса Теңирдин бардык сөздөрүн жазып алды. Эртеси эртең менен эрте туруп, тоонун түбүнө курмандык чалынуучу жай куруп, Ысрайылдын он эки уруусу үчүн он эки таш тизди.

5 Анан ал Ысрайыл уулдарынан уландарды ж өнөттү. Алар Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышты жана тынчтык курмандыгына букачарларды союшту.

6 Муса кандын жарымын чараларга куюп, жарымын курмандык чалынуучу жайга чачты.

7 Анан келишим жазылган китепти алып, элге угуза окуп берди. Ошондо эл: «Теңир эмнени айтса, ошонун бардыгын аткарабыз, тил алабыз», – деди.

8 Муса, элге кан чачып, мындай деди: «Бул кан – ушул сөздөрдүн негизинде Теңирдин силер менен түзгөн келишимин беките турган кан».

9 Андан кийин Муса менен Арун, Надап менен Абыйут жана Ысрайылдын жетимиш аксакалы тоонун башына чыгышты.

10 Ошондо алар Ысрайылдын Кудайын көрүштү. Анын бутунун астында таза сапфирден жасалгандай болгон, ачык асман түстүү нерсе жаткан эле.

11 Ал Ысрайылдын тандалган уулдарын өлтүргөн жок. Алар Кудайды көрүштү, ичип-жешти.

12 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Тоого чыгып, Мага кел да, ошол жерде бол. Мен сага аларды үйрөтүш үчүн, таш лоокторду жана Өзүм жазган мыйзам менен осуяттарды берем».

13 Муса жана анын кызматчысы Жашыя ордунан турушту. Муса Кудайдын тоосуна жөнөдү.

14 Аксакалдарга: «Биз кайрылып келгиче, ушул жерде болгула. Арун менен Хур силер менен болот. Кимдин жумушу болсо, ошолорго келсин», – деди.

15 Муса тоого чыгары менен тоону булут каптады.

16 Теңирдин даңкы Синай тоосун чулгады. Булут тоону алты күн каптап турду, ал эми жетинчи күнү Теңир булуттун арасынан Мусаны чакырды.

17 Тоонун башындагы Теңирдин даңкы Ысрайыл уулдарынын көзүнө бардыгын жалмап салуучу оттой болуп к өрүндү.

18 Муса булуттун ичине кирип, тоонун башына чыкты. Муса ал тоодо кырк күн, кырк түн болду.