меню

Луканын Инжили 1 Бөлүм


1 Урматтуу Теопил, арабызда болуп өткөн окуяларды көп адамдар аңгеме кылып жаза башташты.

2 Биз бул окуяларды тээ башынан бери аларды өз көзү менен көрүп, күбө болгон Жакшы Кабар жарчыларынан уккан элек.

3 Эми, ошол окуялардын баарын баштан-аяк кылдаттык менен изилдеп чыккан соң, мен да сизге ырааты менен жазып жиберүүнү туура таптым.

4 Менин максатым — мурдагы сиз алган таалимдердин аныгын билдирүү.

5 Иудея аймагынын падышасы Ироддун убагында Абыя уруусунан чыккан Закир аттуу бир динкызматчы болгон. Аялы Элизабет да Арун уруусунан эле.

6 Экөө тең Кудай алдында ак жашап, Эгебиздин бардык осуят-парыздарын так аткарышчу.

7 Элизабет төрөбөгөндүктөн, алар балалуу болушкан эмес. Ал экөө улгайып да калышкан эле.

8 Закир ошол кезде өз уруусунун кезеги келип, динкызматчы катары Кудайга кызмат кылып жүргөн.

9 Бир күнү динкызматчылар арасындагы салт боюнча чүчү кулак кармашканда, Закирге Эгебиздин ийбадатканасына кирип, жыттуу чайыр түтөтүү милдети тийди.

10 Ал бул милдетин аткарып жатканда, калың эл сыртта сыйынып турду.

11 Ошондо чайыр түтөтө турган тактанын оң капталында Эгебиздин периштеси пайда болду.

12 Аны көргөн Закир селт этип, коркуп кетти.

13 Бирок периште ага: — Закир, коркпо! Сыйынган үнүң Кудайга жетти. Аялың Элизабет сага уул төрөп берет, атын Жакыя койгун.

14 Кубанычың койнуңа батпай, сүйүнөсүң. Анын туулушу көп адамдарды кубанычка бөлөйт.

15 Эгебиздин алдында мартабасы бийик болот. Арак-шарапты оозуна албайт. Энесинин ичинен эле Ыйык Рухка толот.

16 Ысрайыл урпактарынын көбүн өздөрүнүн Кудай Эгесине кайра алып келет.

17 Аталарынын көңүлүн балдарына буруп, тоң моюндардын жүрөгүн жибитип, Эгебиздин келишине элди даярдаш үчүн Илияс пайгамбардын күч-кудурети менен Эгебизден мурда келет, — деди.

18 — Муну мен кантип биле алам? Өзүм карыдым, кемпирим да улгайып калды, — деп сурады Закир периштеден.

19 Периште: — Мен Кудай алдында турган Жебирейилмин. Сага ушул кабарды сүйүнчүлөш үчүн жиберилген элем.

20 Убагы келгенде, айткан сөзүм аткарылат. Бирок сөзүмө ишенбей койгонуң үчүн тилден калып, айтканым аткарылган күнгө чейин сүйлөбөйсүң, — деди.

21 Бул арада Закирди күтүп турган эл анын ийбадатканада мынчалык кармалганына таң калып турушту.

22 Закир эл алдына чыкканда, сүйлөй албады. Ошондо анын ийбадаткананын ичиндеги ыйык бөлмөдөн аян көргөнүн түшүнүштү. Ал кол жаңсап, сүйлөй албай, дудук болуп калды.

23 Диний милдети бүткөн соң, Закир үйүнө кайтты.

24-25 Көп узабай эле Элизабет кош бойлуу болду. «Эл алдында "төрөбөс" деген атка калтырбай, Эгем мага назарын салды», — деп ал беш ай бою үйүнөн чыкпады.

26 Элизабеттин боюндагы баласы алты айлык болгондо, Кудай Жебирейил периштени Галилея аймагындагы Назарет шаарында жашаган Мариям аттуу бир кызга жиберди.

27 Ал Дөөт падышанын тукумунан чыккан Жусуп деген кишиге башы байланган эле.

28 Периште Мариямга келип: — Амансыңбы, Кудайдын мээри түшкөн кыз! Эгебиз сага жар болсун! — деди.

29 Бул сөздү укканда, Мариям абдан таң калды. «Бул кандай саламдашуу болуп кетти?» — деп ойлонуп туруп калды.

30 Ошондо периште мындай деди: — Мариям, коркпогун, сага Кудай ырайым кылды.

31 Кош бойлуу болосуң да, уул төрөйсүң. Атын Ыйса кой!

32 Ал улуу инсан болуп, Кудай Тааланын Уулу аталат. Кудай Эгебиз Ага бабасы Дөөттүн падышалык тактысын берет.

33 Ал Ысрайыл элине түбөлүк падышалык кылып, Анын падышачылыгына чек болбойт.

34 — Бул кандайча болот, мен али күйөөгө чыга элекмин да? — деди Мариям периштеге.

35 — Сенин үстүңө Ыйык Рух түшөт да, сага Кудай Тааланын кудуретинин көлөкөсү тиет. Мына ошол себептен төрөлө турган ыйык бала Кудай Уулу аталат.

36 Эжең Элизабетти карачы! Адамдар аны «төрөбөс» дешчү эле, бирок ал да азыр, карыган чагында, боюна эркек бала бүтүп, кош бойлуу болгонуна алты ай болуп калды.

37 Себеби Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок, — деп айтты периште.

38 Ошондо Мариям: — Мен Эгебиздин кулумун. Айтканыңыздай болсун, — деди. Анан периште көздөн кайым болду.

39 Ушул окуядан кийин Мариям шашылыш түрдө Иудеянын тоолуу жериндеги шаарга жөнөдү.

40 Анда жашаган Закирдин үйүнө кирери менен Элизабет менен учурашты.

41 Мариямдын үнүн укканда, Элизабеттин курсагындагы бала туйлап кетти. Элизабет Ыйык Рухка толуп, кубанганынан мындай деп кыйкырып жиберди:

42 — Сен аялдардын ичинен таалайлуусуң. Ичиңдеги балаң да таалайлуу.

43 Эгемдин энеси мага келгендей мен ким элем?

44 Саламыңды укканда, ичимдеги балам сезип, туйлап жиберди.

45 Ишеними бар, бактылуу жан экенсиң. Себеби сага айткан сөздөрүн Эгем сөзсүз орундатат.

46 Мариям болсо мындай деди: — Эгемди жаным урматтайт.

47 Куткаруучум — Кудайым Абдан мени сүйүнттү,

48 Назарын салып кулуна Моюн сунганым көрдү. Эми бардык урпактар, «Таалайлуу» деп аташып, Атымды даңазалашат.

49 Кудуреттүү Кудайым Мага чоң урмат көрсөттү. Ысмы ыйык Кудайдын,

50 Андан корккон пенделер, Укумдардан тукумга, Мээримине бөлөнөт.

51 Кудурети менен Ал, Улуу иштер жасаган: Көпкөндөрдүн ниетин, Чачыратып, кыйраткан.

52 Күчтүүлөрдү тактыдан Ал шыпырып түшүргөн. Алсыздарды көтөргөн,

53 Мусаапыр, ачыккандарга Берекесин мол төккөн. Байларды кур кол жөнөткөн.

54-55 Түп атабыз Ыбрайымга Жана да урпактарына Боломун деген мээримдүү, Сөздөрүн эстеп убада, Кызматчысы Ысрайылга Ар дайым көмөк көрсөткөн.

56 Мариям үч айдай эжесинин жанында болуп, анан үйүнө кайтты.

57 Элизабет ай-күнүнө жетип, уул төрөдү.

58 Эгебиздин ага кылган бул ырайымын коңшу-колоңдору, тууган-туушкандары угуп, алар да Элизабеттин кубанычына ортоктош болушту.

59 Бир жума дегенде, алар баланы сүннөткө олтургузуп, Закир деп атасынын атын коймокчу болушту.

60 Бирок энеси: — Жок, аты Жакыя болот! — деп каршы чыкты. Алар:

61 — Сенин уругуңда мындай аттуу эч ким жок го, — дешти да,

62 кол жаңсап, атасынан кандай ат койгусу келерин сурашты.

63 Атасы колуна бир тактай алды да, «ысымы Жакыя болсун» деп жазып койду. Буга баары таң калышты.

64 Ошол эле замат Закирге тил кирип, Кудайды алкай баштады.

65 Айланада жашагандардын баарын Кудайдын коркунучу каптап, бүтүндөй тоолуу Иудеяда бул окуялардын тегерегинде кеп-сөз жүрдү.

66 «Бул бала ким болор экен?» — дешип, уккандардын баары бул окуяларды эсине түйүштү. Анткени баланы кудуреттүү Эгебиз Өзү колдогону анык эле.

67 Баланын атасы Ыйык Рухка толуп, мындай деп пайгамбарлык сөзүн айтты:

68 — Ысрайылдын Кудайы — Эгебизге алкыш-даңк! Анткени Ал элине Келди дагы, куткарды.

69 Өз кулунун — Дөөттүн Тукумунан жаратып, Кудуреттүү Куткаруучу Мына эми жиберди.

70 Тээ мурдатан касиеттүү Пайгамбарлар аркылуу Кудай бизге айткандай,

71 Касташкандарыбыздан Жек көргөндүн баарынан Бизди келип куткарар.

72 Ата-бабаларыбызга Ырайымдуу болом деп, Өз ыйык келишимин Түбөлүк унутпайм деп,

73 Бабабыз Ыбрайымга Берген антын эстеп, Ал

74 Айыгышкан жообуздун Колдорунан кутказат. Эч нерседен коркпостон,

75 Өмүр бою алдында Ыйык жана адилет Болуп кызмат кылабыз.

76-79 Сен болсо, оо, наристем, Кудайыбыз Тааланын Пайгамбары аталып, Жараткан Өз элинин Күнөөлөрүн кечирип Куткарарын билдирип, Эгебиздин алдынан Жол даярдап чыгасың. Өз элине кайрымдуу Жана дагы мээримдүү Кудайыбыз мына эми Бизге ичи элжиреп, Куткаруунун ак таңын Жаркыратат асмандан, Караңгы менен өлүмдүн Болгондорго алдында Чачыратат жарык-нур, Тынчтыгына алпарган Ак жолуна багыттайт.

80 Ал эми бала эрезеге жетип, эл алдына чыкканча ээн чөлдө жашады.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24