меню

Луканын Инжили 14 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ыйса дем алыш күндөрүнүн биринде фарисейлердин кайсы бир башчысынын үйүнө конокко келди. Фарисейлер Ыйсанын артынан акырын байкап турушту.

2 Ошол убакта денесине сары суу толуп, шишик басып ооруган бир адам Ыйсанын алдына келди.

3 Ошондо Ыйса фарисейлер менен мыйзамчылардан: — Дем алыш күнү дарылоого болобу? — деп сурады.

4 Тигилер унчугушкан жок. Ыйса оорулууга колун тийгизип, айыктырды да үйүнө жиберди

5 анан тигилерге: — Араңардан кимиңер баласы же өгүзү чуңкурга түшүп калса, ал дем алыш күнү экенине карабай дароо сууруп чыгарбайт? — деген суроо берди.

6 Алар болсо бул суроого жооп бере алышпады.

7 Конокко чакырылгандар орун тандап, төргө өтүп жатышты. Муну байкаган Ыйса ибарат менен мындай деди:

8 — Бирөө сени тойго чакырса, төргө жулунба. Коноктордун бири сенден сыйлуураак болуп калып,

9 экөөңдү тең чакырган адам жаныңа келип: «Бу кишиге ордуңду бер» деп калбасын. Ошондо уят болуп, улагага өтүп барып олтурганга туура келет.

10 Конокко келгениңде, төмөн жакка олтуруп жүр. Сени чакырган киши басып келип: «Досум, төргө өт» дегенде, жаныңдагылардын алдында мартабаң арта түшөт.

11 Анткени ким өзүн өзү көтөрсө, кемсинтилет, ал эми ким өзүн төмөн кармаса, көтөрүлөт.

12 Ошондон кийин чакырган адамга Ыйса айтты: — Түштө же кечинде тамак жасап, конок чакыра турган болсоң досторуңду, тууган-туушкандарыңды, бай кошуналарыңды чакырба. Анткени алар кайра өзүңдү чакырып, бергениңди кайтарышат.

13 Ошондуктан жакыр, майып, чолок, сокурларды чакыр.

14 Алар сага кайра кайтарганга эч нерсеси болбогондуктан бактылуу болосуң. Анткени кыяматта, адилеттүүлөр тирилген кезде, тиешеңди аласың.

15 Ыйса менен дасторкондун жанында жамбаштап жаткандардын бири Ага: — Кудай Падышачылыгынан даам сыза турган адам таалайлуу! — деди.

16 Ыйса ага мындай деди: — Бир киши чоң той тамагын берип, көп адамдарды чакырат.

17 Тамактанар маал келгенде, чакырылгандарга кулун жөнөтүп: «Келгиле, баары даяр болду» деп айттыртат.

18 Ошондо баары сүйлөшүп алгандай кечирим сурай баштайт экен: «Жер сатып алдым эле, барып көрүп келбесем болбойт, мени кечирип кой», — дейт биринчиси.

19 Экинчиси: «Беш жуп өгүз сатып алдым эле, ошолорду сынап көргөнү баратам, мени кечирип кой», — дейт.

20 Үчүнчүсү болсо: «Мен аял алдым, ошондуктан бара албайм», — дейт.

21 Кул ээсине кайра келип, баарын айтып берет. Ошондо үй ээси каарданып, кулуна: «Тез бар да, шаардын аянттары менен көчөлөрүн кыдырып, жакыр, майып, сокур, чолокторду алып кел бул жакка!» — дейт.

22 Кийин кул ээсине келип: «Таксыр, буйругуңду аткардым, бирок дагы бош орундар бар!» — дейт.

23 «Жолдорго чык да, чарбактарды, кашааларды аралап өтүп, адамдарды келүүгө мажбур кыл, үйүмдүн ичи толсун!» — дейт ээси.

24 Силерге айтып коёюн: жанагы чакырылгандардан эч кимиси менин тамагымдан экинчи ооз тийишпейт!

25 Жолдо Ыйсаны көп эл ээрчип келе жатты. Ыйса аларга кайрылып мындай деди:

26 — Ким Мага келип, бирок ата-энесин, үй-бүлөсүн, бала-чакасын, тууган-туушкандарын, атүгүл өз өмүрүн Менден артык көрсө, ал Менин шакиртим боло албайт.

27 Мени өзүнүн айкаш жыгачын көтөрбөстөн ээрчиген адам да Менин шакиртим боло албайт.

28 Араңардан бирөө мунара кургусу келсе, анда ал адегенде отура калып, сарптала турган чыгымды эсептебей, аягына чыгарганга каражаты бар-жогун калчабай туруп, ишке киришеби?

29 Пайдубалын куярын куюп алып, калганын бүтүрө албаса, айланадагылар:

30 «Бул кайран баштаарын баштап алып, аягына чыккан жок!» — деп шылдыңдашпайбы.

31 Же бир падыша башка бир падышага каршы согушка аттана турган болсо, келе жаткан каршылашынын жыйырма миң аскерине өзүнүн он миңи менен туруштук бере алабы же жокпу — олтура калып, акылдашпайбы?

32 Туруштук бере албаса, каршылашы тээ алыста экенинде эле ага элчи жиберип, жансоога сурайт.

33 Ушул сыяктуу эле араңардан кимиңер болбосун колунда болгондун баарынан баш тартпаса, Менин шакиртим боло албайт.

34 Туз — жакшы нерсе, бирок ал даамын жоготуп койсо, кайра калыбына келтирүүгө болобу?

35 Болбойт, анткени ал кыртышка да, кыкка да жарабай калат. Ошондуктан аны ыргытып жиберишет. Уга турган кулагы барлар уксун!

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24