меню

Луканын Инжили 15 Бөлүм


1 Бир күнү көптөгөн салыкчылар менен ар кандай күнөөкөр адамдар Ыйсанын жанына Анын сөзүн укканы келишти.

2 Ошон үчүн фарисейлер менен дин мугалимдери: «Ал күнөөкөрлөрдү кабыл алып, алар менен бир дасторкондон тамак жейт экен!» — дешип, нааразы болушту.

3 Ыйса аларга мындай ибаратты айтып берди:

4 — Эгер араңардагы жүз кою бар бирөөнүн бир кою жоголуп кетсе, ал токсон тогузун ээн талаага таштап, жоголуп кеткенин тапкыча кыдырып издебейби?

5 Таап алган соң, кубанычы койнуна батпай, койду ийнине артып,

6 үйүнө келет да, жоро-жолдошторун, коңшу-колоңун чакырып: «Жоголгон коюмду таптым, кубанчыма ортоктош болгула!» — дейт.

7 Силерге айтып коёюн: ниетти өзгөртүүнүн кажети жок деп, өздөрүн такыбаа санаган токсон тогуз адамдан көрө, ниетин өзгөрткөн бир күнөөкөр үчүн көктөгүлөр көбүрөөк кубанышат.

8 Же болбосо, он күмүш теңгеси бар аял теңгелеринин бирин жоготуп алса, шамдарын күйгүзүп, үйүн шыпырып-сыйрып, тапмайынча кылдаттык менен издебейби?

9 Тапкан соң, курбу-курдаштары, коңшу-колоңдорун чакырып алып: «Жоготкон теңгемди таптым, кубанчыма ортоктош болгула!» — дейт.

10 Ошондуктан силерге айтам: бир күнөөкөр ниетин өзгөртсө, Кудайдын периштелери зор кубанычка бөлөнүшөт.

11 Ыйса дагы мындай деди: — Бир адамдын эки уулу болуптур.

12 Бир күнү кенже уулу: «Ата, менин энчимди бериңиз!» — дейт. Ошондо атасы бар дүнүйөсүн балдарына бөлүп берет.

13 Көп өтпөй кенжеси өзүнө бөлүнгөн энчинин баарын алып, алыс жерге кетип калат. Ал жерден өз билгениндей жашап, колундагы дүнүйөсүн чачып жок кылат.

14 Ошол кезде ал жерде катуу ачарчылык болуп, бул бала да ач-жылаңач калат.

15 Анан ошол өлкөнүн бир тургунуна барып, жалчы болуп орношот. Жалдап алган киши аны талаага жиберип, чочколорун кайтартып коёт.

16 Ал бала чочколор жеген кабык менен курсагын тойгузууга зар болчу экен, бирок аны да ага эч ким ыраа көрбөптүр.

17 Бир күнү ал эсине келип, минтип ойлонот: «Атамдын канчалаган малайлары нанды кенен жеп жүрүшөт, а мен болсом бул жерде ачкадан куурап, өлө турган болдум.

18 Кой, атама барайын да: "Ата, мен Кудайга күнөөкөр болдум, сиздин алдыңызда да айыптуумун.

19 Эми мен сиздин уулуңуз деп аталууга да татыксызмын. Мени жалчыларыңыздын катарына кошуп алыңызчы", — дейин».

20 Ошентип ал атасына жөнөйт. Ал үйүнө жете электе, тээ алыста келе жатканда эле атасы аны көрөт. Көргөндө ичи элжиреп, алдынан чуркап чыгып, мойнунан кучактап, бетинен өпкүлөйт.

21 Уулу болсо ага айтат: «Ата, мен Кудайга күнөөкөр болдум, сиздин алдыңызда да айыптуумун. Эми мен сиздин уулуңуз аталууга да татыксызмын!»

22 Бирок атасы кулдарына мындай деп буйрук берет: «Балама тезирээк эң мыкты кийим алып келип, үстүнө жапкыла, колуна мөөрлүү шакек салгыла, бутуна өтүк кийгизгиле!

23 Бордолгон ноопазды жетелеп келип, сойгула! Жеп-ичип, тойлойлу!

24 Себеби менин бул балам өлгөн эле — тирилди, жоголгон эле — табылды!» Анан баары тойлой башташат.

25 Бул убакта улуу баласы талаада жүргөн. Ал талаадан кайтып келатып, үйүнө жакындаганда ыр-күү менен бийлеп-чордогондордун добушун эшитет.

26 Малайлардын бирин чакырып алып: «Эмне болуп жатат?» — деп сурайт.

27 «Иниңиз келди. Атаңыз аны аман-эсен көргөнү үчүн бордолгон ноопазын сойду», — деп жооп берет малай.

28 Ошондо ал ачууланып, үйгө киргиси келбейт. Атасы сыртка чыгып, өтүнсө да көнбөй, ага:

29 «Канча жылдан бери кызматыңызды кылып келатам. Бир да жолу сөзүңүздү эки кылбадым. Бирок сиз досторум менен отуруп, көңүл ачуум үчүн жок дегенде бир улак да берген эмес элеңиз.

30 Ал эми бузулган аялдар менен бирге сиздин мүлкүңүздү жалмап салып келген мына бул балаңызга бордолгон ноопазды союп бердиңиз», — дейт. Анда атасы мындай дейт:

31 «Ээ, балам, сен ар дайым жанымдасың да. Менин мал-мүлкүмдүн баары сеники.

32 Бирок бүгүн кубанып, тойлош керек. Себеби сенин бул иниң өлгөн эле — тирилди, жоголгон эле — табылды».

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24