меню

Луканын Инжили 10 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ушундан кийин Эгебиз Ыйса Өзүнө дагы жетимиш эки шакирт тандады. Аларды Ыйса Өзү да барайын деген шаар-кыштактардын баарына Өзүнөн мурун эки-экиден жиберип, мындай деди:

2 — Оро турган эгин көп, бирок орокчулар аз. Андыктан Өз эгин талаасына орокчуларды жөнөтсүн үчүн эгин Эгесине жалынгыла.

3 Кана эмесе, баргыла, Мен силерди карышкырлардын арасына козуларды жибергендей жөнөтүп жатам.

4 Капчык да, баштык да, ашыкча бут кийим да албагыла жана жолдо бирөөлөр менен саламдашып, убактыңарды коротпогула.

5 Кандай үйгө кирсеңер да, адегенде: «Үйүңөрдө тынччылык болсун!» — деп, батаңарды бергиле.

6 Эгерде ошол үйдө саламыңарды кабыл алууга даяр адам бар болсо, батаңар кабыл болот, эгер болбосо, батаңар өзүңөргө кайтат.

7 Алдыңарга койгон ашка топук кылып, ал үйдө калгыла. Анткени кызматчы эмгек акысын алууга татыктуу. Үйдөн үйгө өтпөгүлө.

8 Шаарга киргениңерде, анын тургундары кабыл алышса, анда тамагын жегиле,

9 ооруларын айыктыргыла да, «жакында силер Кудайдын башкаруусунда болосуңар!» деп жар салгыла.

10 Эгерде кабыл албай коюшса, анда көчөлөргө чыгып:

11 «Шаарыңардан бутубузга жуккан чаңды кайра өзүңөргө наалат катары кагып жатабыз. Бирок билип койгула, Кудай Падышачылыгы жакындап калды», — дегиле.

12 Силерге айтып коёюн: кыямат күнү келгенде, ал шаарга караганда Содом шаарына жеңилирээк жаза колдонулат.

13 Эй, шордуу Коразин! Эй, шордуу Бейтсайда! Эгерде силерде жасалган укмуштар Тир менен Сидондо жасалган болсо, алар эбак эле катуу кайгырып, кенептен кийим кийип, күлгө олтуруп, ниеттерин өзгөртүшмөк.

14 Эми кыямат кайымда Тир менен Сидондун акыбалы силердикинен жеңилирээк болот.

15 А сен, Капарноом, текеберденип, төбөм менен көккө жетем деп ойлойсуңбу? Жок! Кудай сени жердин түпкүрүнө житире чабат.

16 Кимде-ким силерди укса, Мени укканы, кимде-ким силерди четке какса, Мени четке какканы, ал эми кимде-ким Мени четке какса, Мени Жибергенди четке какканы.

17 Жетимиш эки шакирт жүздөрүндө кубаныч менен кайтып келишип, Ыйсага: — Эгебиз, сенин атыңды атаганда, бизге жиндер да багынышты! — дешти.

18 Ыйса аларга: — Мен шайтандын чагылгандай болуп, жерге түшкөнүн көрдүм.

19 Мына, мен силерге жыландар менен чаяндарды таптап, жоонун бардык күчтөрүн жеңе турган бийлик бердим. Эч нерсе силерге зыян кыла албайт.

20 Бирок жиндердин силерге багынганына эмес, атыңардын бейиштеги китепке жазылганына кубангыла.

21 Ыйык Рухка толгон Ыйса кубанычтан катуу толкунданып кетти. — Оо, Ата, асман менен жердин Эгеси! — деди Ал. — Сени мактап, даңазалайм, анткени Сен бул иштерди даанышмандар менен акылмандардан жашырып, бала сыяктангандарга ачып бердиң. Ооба, Атаке, Сен ушундай болушун кааладың.

22 Атам бардыгын Мага өткөрүп берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким жакшы билбейт. Атасынын ким экенин да Уулунан жана Уулу ачып көрсөткүсү келгендерден башка эч ким билбейт.

23 Анан шакирттерине бурулуп, мындай деди: — А силер бактылуусуңар, анткени көзүңөр көрүп, кулагыңар угат.

24 Силерге айтып коёюн: далай пайгамбарлар менен падышалар силер көргөндү көргүсү келген, бирок көрө алышпады, силер укканды уккусу келген, бирок уга алышпады.

25 Ошондо бир дин мугалими ордунан туруп, Ыйсаны сынай сурады: — Устат, эмне кылсам түбөлүк жашайм?

26 Ыйса ага: — Тооратта эмне деп жазылган? Эмнени окуп жүрөсүң? — деди. Тигил айтты:

27 — «Кудай Эгеңди чын жүрөктөн, бүткүл жан дүйнөң менен, бар күч-кубатың менен, бардык акыл-оюң менен сүйжана башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй»— деп жазылган.

28 — Сен туура жооп бердиң, — деди Ыйса ага. — Ушундай кыл, ошондо түбөлүк жашайсың.

29 Тиги болсо өзүн актагысы келип: — А менин жакын адамым ким? — деп сурады.

30Ошондо Ыйса мындай ибарат менен жооп берди: — Бир адам Иерусалимден Иерихон шаарына түшүп келе жатып, жолдо каракчыларга туш болот. Алар анын кийимин сыйрып алып, аябай сабап, чала өлүк кылып таштап кетишет.

31 Ошол жол менен бир динкызматчы түшүп бара жаткан. Ал бул кишини көрүп, жолдун аркы жээги менен кыя басып, өтүп кетет.

32 Дагы бир лебит ушул жол менен бара жатып, бул адамды көрүп, жолдун аркы жээги менен кыя басып, өтүп кетет.

33 Аңгыча бир самариялык жолоочу келет. Ал бул кишини көрүп, боору ооруп,

34 жанына басып келип, жарааттарын шарап менен жууп, май менен майлап, таңып, эшегине артып, мейманканага алып барып, ага кам көрөт.

35 Кийинки күнү мейманкананын ээсине эки күмүш теңге берип: «Бу кишиге кам көрүп кой. Эгер артык чыгым болсоң, кайтканымда кайрып берем», — дейт.

36 Эми сен кандай деп ойлойсуң: ушул үчөөнүн кимиси каракчыларга туш болгон кишиге жакын адам болот?

37 Мыйзамчыл Ыйсага карап: — Албетте, кайрым кылганы, — деп жооп берди. — Бар, сен да ушундай кыл! — деди Ыйса ага.

38 Ыйса шакирттери менен жолун улантып келе жатып, бир айылга келди. Бул айылдан Марта деген бир аял Аны үйүнөн тосуп алды.

39 Бул аялдын Мариям аттуу сиңдиси бар эле. Ал Ыйсанын аяк жагына олтуруп алып, сөзүн угуп жатты.

40 Марта болсо конокту жакшылап күтүүнүн камын ойлоп, убара тартып жүрдү. Ал Ыйсанын алдына келип: — Таксыр, сиңдимдин кызматтын баарын жалгыз мага таштап койгону сизге баары бирби? Ага айтып коюңузчу, мага жардамдашсын, — деди.

41 — Ээ, Марта, Марта! — деди ага Ыйса, — сен убара болуп, көп түйшүк тартасың.

42 Бирок керектүүсү — бир эле нерсе. Мариям жакшы жагын тандап алды, муну андан эч ким тартып ала албайт.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24