меню

Луканын Инжили 11 Бөлүм


1 Бир күнү Ыйса бир жерде сыйынып отурду. Ал сыйынуусун аяктаганда, шакирттеринин бири: — Эгебиз, Жакыя өз шакирттерине үйрөткөндөй, сен да бизге сыйынганды үйрөтчү, — деди.

2 Ыйса аларга айтты: — Сыйынганыңарда мындай дегиле: Оо, Кудай Ата! Сенин атың урматталсын. Сенин падышачылыгың келсин.

3 Күнүмдүк наныбызды күн сайын бере көр.

4 Бизге жамандык кылгандардын баарынын Күнөөлөрүн кечиргенибиздей, Сен да биздин күнөөлөрүбүздү кечир. Бизди азгырыкка кирип кетүүдөн сакта.

5 Ыйса сөзүн улап, дагы мындай деди: — Бирөөңөрдүн досуңар бар болсун дейли, түн ортосунда досуна барып: «Досум, карызга үч нан берип турчу,

6 сапардагы досум келип калып, алдына коёрго эч нерсем жок болуп жатат», — дейт.

7 Үй ээси болсо: «Эй, койчу, тынчымды албай, эшикти кулпулап салгам, бала-чакам да төшөгүмө кирип, жатып алышты, эми туруп, сага бере албайм», — дейт.

8 Силерге айтам: үй ээси досчулук үчүн бербесе да, өтүнө берип, тажаткандыгынан улам туруп, канча сураса, ошончо берет.

9 Ошондуктан силерге айтып коёюн: сурагыла, ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасыңар. Тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат.

10 Анткени ар бир сураган алат, издеген табат, тыкылдатканга ачылат.

11 Араңардагы баласы балык сураса, жылан берген ата барбы?

12 Жумуртка сураса, чаян кармата салганчы?

13 Ошентип, силер жаман болсоңор да, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билесиңер, андан бетер, асмандагы Атаңар да сурагандарга Ыйык Рухту берет.

14 Бир жолу Ыйса бир адамды дудук кылып койгон жинди андан кууп чыкты. Жин чыкканда, дудук сүйлөй баштады. Муну көргөндөр аң-таң болушту.

15 Кээ бири: — Бул жиндерди алардын башчысы — Бээлзебулдун күчү менен кубалап жатат, — дешти.

16 Кээ бири сынап, асмандан кереметтүү жышаан көрсөтүүсүн талап кылышты.

17 Мындай ойлорун билген Ыйса аларга айтты: — Ичинен бөлүнүп-жарылган мамлекет кыйрайт, ыркы кеткен үй-бүлө соо калбайт.

18 Эгер шайтан да өзүнө өзү каршы чыгып, ичинен бөлүнүп-жарылса, анын падышачылыгы кантип соо калат? А силер болсо «Бээлзебулдун күчү менен жиндерди кубалап жатат» дейсиңер.

19 Эгер Мен Бээлзебулдун күчү менен кубалап жатсам, анда өзүңөрдүн адамдарыңар кимдин күчү менен кубалап жатышат? Ушул себептен алар силерге сот болушуп, катаңарды ашкерелешет.

20 Эгерде Мен жиндерди Кудайдын кудурети менен кубалап жаткан болсом, демек, силерге Кудайдын Падышачылыгы жетти.

21 Эгерде күчтүү адам курал-жарак алып, үйүн кайтарып турса, анда анын мүлкү коопсуздукта болот.

22 Бирок андан ашкан күчтүү бирөө кол салып, жеңип алса, анда анын ишенген куралын тартып алып, колуна түшкөн олжону таратып жиберет.

23 Ким Мен тарапта болбосо, ал Мага каршы. Ким Мени менен бирге жыйнабаса, ал чачат.

24 Адамдан чыккандан кийин, кара күч эс ала турган жай издеп, суусуз жерлерди кезет. Таба албаган соң: «Кой, чыккан үйүмө барайын», — дейт.

25 Келип, өзүнүн чыккан жеринин шыпырылып, тазаланганын көрөт да,

26 кайра барып, өзүнөн да жаман жети жинди ээрчитип келет. Анан баягы адамга кайра кирип, жашай баштайт. Ошондо бул адамга мурдагыдан да оор болот. Ким бактылуу?

27 Ыйса сүйлөп жатканда, эл арасынан бир аял мындай деп кыйкырып жиберди: — Сени курсагына көтөрүп, эмчегин эмизген эне кандай бактылуу!

28 — Кудай сөзүн угуп, аткаргандар андан да бактылуу, — деди Ыйса.

29 Туш-туштан адамдар келип, жыйылган эл көбөйгөндө, Ыйса сөзүн мындай деп баштады: — Азыркы муун — бузулган муун, ал кереметтүү жышаан көргүсү келет. Бирок Жунус пайгамбардын окуясындагы жышаандан башка жышаан ага көрсөтүлбөйт.

30 Себеби Жунус Нинеби шаарындагылар үчүн кереметтүү жышаан катары жиберилгендей, Адам Уулу да бул муун үчүн кереметтүү жышаан болот.

31 Түштүк ханышасы да тирилип, ушул муунду айыпка жыгат, анткени ал Сулаймандын акылман сөзүн угуп кетейин деп, дүйнөнүн аркы четинен келген. А бул жерде болсо Сулаймандан да улуу Бирөө турат.

32 Нинебиликтер кыямат кайымда ушул муун менен бирге кайра тирилип, аны айыпка жыгат, анткени алар Жунустун сөзүн угуп, ниеттерин өзгөртүшкөн. А бул жерде болсо Жунустан да улуу Бирөө турат.

33 Эч ким шамды күйгүзүп туруп, жашыруун жерге же идиштин алдына катып койбойт. Тескерисинче, киргендерге жарыгын чачсын деп, шамдалга коёт.

34 Адамдын көзү — анын чырагы. Ошондуктан көзүң тунук болсо, бүт денең да жарык болот. Эгерде көзүң арам болсо, бүт дене-боюң караңгыда калат.

35 Ошондуктан байка: сендеги жарык караңгы болуп жүрбөсүн.

36 Эгерде бүт денең эч караңгысыз, жарык болуп турса, анда сага шам жарыгын чачып турган сыяктуу, бүтүндөй жарык болосуң.

37 Ыйса муну айтып жатканда, фарисейлердин бири Аны конокко чакырды. Ыйса анын үйүнө кирип, дасторкондун жанына жамбаштап отурду.

38 Анын тамак алдында кол жуубаганын көрүп, фарисей таң калды.

39 Ошондо Эгебиз ага мындай деди: — Фарисейлер, азыр силер чыны, табагыңардын сыртын жууйсуңар, бирок ичиңерде талоончулук менен жамандык ашып-ташыйт.

40 Акылсыздар, сыртын жараткан Кудай ичин да жараткан эмеспи?

41 Андан көрө, идиштин ичиндегисин мусапырларга бербейсиңерби, ошондо бардык нерсеңер таза болот эле го!

42 Бирок фарисейлер, силердин шоруңар куруйт, себеби жалбыз, адырашман, ар кандай жашылчалардын түшүмүнүн ондон бирин зекетке бересиңер да, Кудайдын мээрими менен калыстыгынан четтеп кеттиңер. Бирок бул жагына да көңүл буруп, тигил жагын да калтырбашыңар керек болчу.

43 Эй, фарисейлер, шоруңар куруйт. Силер синагогаларда алдыңкы орундарда олтурганды, базарларда элдин эпилдеп саламдашып турганын сүйөсүңөр.

44 Шордуусуңар силер, анткени адамдар байкашпай, үстүнөн басып жүргөн көрлөргө окшошсуңар.

45 Ошондо дин мугалимдеринин бири: — Устат, бул сөзүң бизге да тийип жатат, — деди.

46 Ыйса ага мындай деди: — Дин мугалимдери, силердин да шоруңар куруйт. Силер оор, адам чыдагыс диний эрежелерди башкалардын жонуна артып, аларды көтөрүүгө жардам иретинде чыпалагыңарды да тийгизип койбойсуңар.

47 Силердин шоруңар куруйт, себеби аталарыңар өлтүргөн пайгамбарларга күмбөз куруп,

48 алардын кылгандарын туура деп эсептеп, ал тургай ошого макул экениңерди көрсөтүп жатасыңар.

49 Ошондон улам Кудай Өзүнүн даанышмандыгы менен: «Мен аларга пайгамбарлар менен элчилерди жиберем, бирок алардын кээсин өлтүрүп, кээсин сары изине чөп салып, кубалашат» деген.

50 Ошону менен дүйнө жаратылгандан бери

51 — Абылдан тартып, курмандык жай менен эң ыйык жайдын ортосунда өлтүрүлгөн Закирге чейинкилердин баарынын каны ушул муундан талап кылынат.

52 Дин мугалимдери, силердин шоруңар куруйт! Силер билимдин ачкычын колуңарга алып алып, өзүңөр да кирбей, кирейин дегендерге да бут тосуп келгенсиңер.

53-54 Ыйса сүйлөп бүтүп, үйдөн чыкканы жатканда, дин мугалимдери менен фарисейлер ичинен жаман ойлошуп, сөзүнөн кыйкым издеп, суроолорду жаадырышты.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24