Луканын Инжили 21 Бөлүм
1 Айлананы карап, Ыйса ийбадаткананын зекет сала турган үкөгүнө акчаларын салып жаткан байларды көрдү.
2 Ошондой эле колунда жок бир жесир аялдын да эки тыйын салып жатканын көрдү.
3 Ошондо Ыйса айтты: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мына бул колунда жок жесир аял баарынан көп салды!
4 Анткени баары өздөрүнөн артканын зекетке беришсе, бул аял өзү бечара болуп туруп, колунда болгонун бүт салып берди, — деди.
5 Кимдир бирөөлөр ийбадаткана асыл таштар менен жасалгаланып, Кудайга арналган тартуулар менен кооздолгонун сөз кылып жатышты. Муну уккан Ыйса аларга кайрылып:
6 — Силер ушул имаратты көрүп турасыңарбы? Таш үстүнө таш калбай, баары талкалана турган күндөр келет, — деди.
7 Алар Ыйсадан: — Устат, бул качан болот? Ушулар ишке ашар алдында кандай жышаан болот? — деп сурашты.
8 Ыйса: — Сак болгула, алданып калбагыла! Анткени көп адамдар Менин атымды жамынып келип: «Машаяк менмин!» жана «Акыр заман жакындады!» дешет. Алардын артынан ээрчибегиле!
9 Жакын жерлердеги согуштардын үнүн жана алыс жерлердеги тартипсиздиктер тууралуу угасыңар. Бирок коркуп, үрөйүңөр учпасын! Анткени алгач ушулар болушу керек. Бирок булар акыр заман жакын экенин билдирбейт, — деди.
10 Ыйса дагы мындай деди: — Бир эл башка элге каршы, бир мамлекет башка мамлекетке каршы согушат.
11 Жер-жерлерде катуу жер титиреп, ачарчылыктар, жугуштуу оорулар болот, көктө коркунучтуу кубулуштар жана улуу жышаандар көрүнөт.
12 Ал эми ушунун баары ишке ашардан мурда Мага ишенгениңер үчүн силерге зордук көрсөтүп, кодулашат, синагога сотторуна кармап берип, абакка камап, ал тургай падышалар менен өкүмдарлардын алдына алып барышат.
13 Силер болсо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Мен тууралуу айтып бересиңер.
14 Ошондуктан өзүбүздү кантип актайбыз деп алдыртан түйшүк тартпоону көкүрөгүңөргө түйүп алгыла!
15 Себеби Мен силерге кастарыңар каршы чыга да, сүйлөй да албай тургандай чечендик менен даанышмандыкты берем.
16 Силерди, атүгүл ата-энелериңер, бир туугандарыңар, жакындарыңар менен досторуңар да кармап берип, кээ бириңерди өлтүрүшөт.
17 Мен үчүн баарына жек көрүндү болосуңар.
18 Бирок башыңардан бир тал чачыңар да түшпөйт.
19 Туруктуулук менен өзүңөрдү сактап калгыла.
20 Иерусалим шаарын душмандын аскерлери курчап алганын көргөнүңөрдө, анын каңгырап ээн кала турган кези жакын калган экен деп билгиле.
21 Ошондо Иудеядагылар тоолорго качсын, Иерусалимдегилер шаардан чыгып кетишсин, ал эми шаардын сыртындагылар ичине киришпесин!
22 Себеби ошол убак — Кудайдын элге тиешелүү шыбагасын бере турган убагы. Ушундайча Ыйык Жазуудагы бул тууралуу жазылгандардын баары жүзөгө ашыш керек.
23 Ошол күндөрү кош бойлуулар менен бала эмизгендердин шору. Анткени жер бетин ырайымсыз зордук-зомбулук чулгап, бул элдин башына каардуу жаза жаайт.
24 Алар кылычтан кырылып, колго түшүп, башка элдиктерге туткунга кетишет. Башка элдиктер башкарган доор бүткүчө, Иерусалим алардын таманына тепселет.
25 Күндө, айда, жылдыздарда алаамат жышаандары пайда болуп, жерде деңиздер албууттанат, элдердин үрөйү учуп, эмне кыларын билишпейт.
26 Жер бетине келе жаткан коркунучтарды күтүп, адамдар эстерин жоготот. Анткени аалам күчтөрү багытынан таят.
27 Ошондо алар улуу кудурет жана шаң-салтанат менен булуттарды аралап келе жаткан Адам Уулун көрүшөт.
28 Силер бул окуялар боло баштаган кезде, өйдө туруп, жогору жакты карагыла, себеби ошол убакта куткарыла турган кезиңер жакындап калат.
29 Андан кийин Ыйса муну ибарат аркылуу түшүндүрдү: — Анжир дарагын жана башка дарактарды карагылачы.
30 Жалбырактары чыга баштаганын көрсөңөр, жай жакындап калганын билесиңер.
31 Анын сыңары, ушул окуялардын башталганын көргөнүңөрдө, Кудай Падышачылыгы жакын калганын билгиле.
32 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мунун баары ушул муундун тушунда болуп өтөт.
33 Асман-жер жок болот, бирок Менин сөздөрүм кала берет.
34 Бирок өзүңөргө сак болгула! Той-тополоңго берилип, мас болуп, же күндөлүк тиричиликтин түйшүгүнө кирип кетпегиле! Анткени Мен кайтып келе турган күн капысынан келет.
35 Ошол күн жер бетинде тургандардын баарынын башына түшкөн тор сыяктуу күтүлбөгөн жерден карп-курп кирип келет.
36 Ошондуктан апаттардан кутулуп, Адам Уулунун алдында туралгыдай болуу үчүн ар качан сергек болуп, сыйынгыла!
37 Ыйса ар күнү кечке чейин ийбадаткананын короосунда таалим берип, кечинде шаардан чыгып, Зайтун тоосуна барып, ошол жакта түнөп жүрдү.
38 Таң атпай элдин баары Аны угуу үчүн ийбадатканага келишер эле.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24