Луканын Инжили 18 Бөлүм
1 Ыйса шакирттерине дайыма сыйынып, кайгыга чөкпөө керектигин насааттап, мындай ибаратты айтты:
2 — Бир шаарда Кудайдан да коркпогон, адамдардан да уялбаган казы болуптур.
3 Ошол эле шаарда дагы бир жесир аял турчу экен. Ошол аял казыга улам-улам келип: «Доочумдан мени коргой көрүңүз!» — деп суранат.
4 Бирок көпкө чейин казы аны коргогусу келбеди. Акырында ал ичинен: «Мен Кудайдан да коркпойм, адамдардан да уялбайм.
5 Бирок мына бул жесир мага тынчтык бербей жатканы үчүн коргоп коёюн, антпесем кайта-кайта келе берип, тажатат», — дейт.
6 Ыймансыз казынын айтканын көрдүңөрбү, — деди Эгебиз сөзүн аяктап жатып.
7 — Ал эми Кудай Өзүнө күнү-түнү жалбарып турган, Ал Өзү тандап алган пенделерин коргобой, анан зарыктырмак беле?
8 Силерге айтып коёюн: Кудай аларга коргоону маалкатпай жиберет. Бирок Адам Уулу келгенде жер бетинен ишенимди табар бекен?
9 Өздөрүн такыбаа санашып, өзгөлөрдү өйдөдөн карашкан кээ бирөөлөргө Ыйса мындай ибаратты айтты:
10 — Эки адам сыйынуу үчүн ийбадатканага барышыптыр: бири фарисей, экинчиси салыкчы экен.
11 Фарисей туруп алып, мындай деп сыйынат: «О, Кудай! Мен башкалардай талап-тоногуч, адамдарды какшатып жабыр тарттыргыч, нике бузгуч же мынабу турган салыкчы сыяктуу болбогонума шүкүр!
12 Бир жумада эки жолу орозо кармайм, бардык кирешемдин ондон бирин сага берем».
13 Арт жагында турган салыкчы болсо башын көтөргөнгө да батына албай, капаланып, көкүрөгүн койгулап: «Оо, Кудай, мендей күнөөкөргө ырайым кыла көр!» — деп сыйынат.
14 Силерге айтып коёюн: фарисейден көрө, бул киши үйүнө акталып кайтат. Анткени өзүн көтөргөн ким болбосун басынтылат, ал эми өзүн төмөн кармаган ар ким көтөрүлөт. Кудай Падышачылыгын наристедей кабыл алуу керек
15 Колун коюп, батасын берсин деп, Ыйсанын алдына балдарды да алып келишти. Шакирттери муну көрүп, алып келгендерди жемелеп, уруша башташты.
16 Бирок Ыйса балдарды жанына чакыртып, шакирттерге айтты: — Балдар Мага келе берсин, алардын жолун тоспогула! Себеби Кудай Падышачылыгы ошондойлордуку.
17 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Кудай Падышачылыгын баладай кабыл албаган адам ага эч качан кире албайт, — деди.
18 Башчылардын бири Ыйсадан: — О, жакшы устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышым керек? — деп сурады.
19 Ыйса ага минтип жооп берди: — Эмне үчүн Мени жакшы деп жатасың? Бир Кудайдан башка эч ким жакшы эмес.
20 «Ойноштук кылба, киши өлтүрбө, уурдаба, жалган күбө болбо, ата-энеңди сыйла»деген осуяттарды билесиң да.
21 — Булардын баарын жаштайымдан сактап келатам, — деди башчы.
22 Ыйса муну укканда: — Сага дагы бир нерсе жетпейт: бар да, колуңдагы дүнүйөңдүн баарын сатып, түшкөн акчаны бей-бечараларга таратып бер, ошондо байлыгың көктө болот. Анан кел да, Мени ээрчи, — деди.
23 Ал муну укканда, катуу кайгырды. Анткени ал абдан бай эле.
24 Ыйса анын терең кайгырганын көрүп: — Байлардын Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын!
25 Байдын Кудай Падышачылыгына кирүүсүнөн көрө, төөнүн ийне көзүнөн өтүшү оңой, — деди.
26 Муну уккандар: — Анда түбөлүк өмүргө ким ээ боло алат? — дешти.
27 Ыйса: — Адамдын колунан келбеген менен, Кудайдын колунан келет, — деди.
28 Петир болсо: — Мына, биз баарын таштап салып, сени ээрчип жүрөбүз, — деди.
29 Ыйса шакирттерине: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Кудай Падышачылыгы деп, үйүн, аялын, туугандарын, ата-энесин, балдарын таштап чыккан адам
30 бул дүйнөдө андан да көп эсе жакшылык таап, акыретте болсо түбөлүк өмүргө ээ болот, — деди.
31 Ыйса он эки шакиртин жанына чакырып алып, аларга: — Биз азыр Иерусалимди көздөй баратабыз. Ошол жерде Адам Уулу тууралуу жазылган бардык пайгамбарчылык сөздөр ишке ашат.
32 Аны башка улуттагылардын колуна тапшырышат. Алар Аны кордоп, шылдыңдашат, бетине түкүрүп,
33 сабашат, аягында өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү кайра тирилет, — деди.
34 Бирок шакирттери Ыйсанын айтканынан эч нерсе түшүнүшпөдү. Бул сөздөр алар үчүн купуя сыр эле, ошондуктан айтылган сөзгө маани беришкен жок.
35 Ыйса Иерихон шаарына жакындап калганда, жолдун четинде бир сокур кайыр тилеп олтурган эле.
36 Алдынан топураган эл өтүп бара жатканын угуп: — Эмне болуп кетти? — деп сурады.
37 — Назареттик Ыйса өтүп баратат! — дешти Ага.
38 Ошондо сокур: — Оо, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла көр! — деп кыйкырып жиберди.
39 Алдыда келе жаткандар болсо: — Унчукпа! — деп тыюу салышты. Бирок ал: — Оо, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла көр! — деп, мурдагыдан да катуу кыйкырды.
40 Ошондо Ыйса токтоп, сокурду жанына алып келүүнү буюрду. Сокур маңдайына келгенде, Ыйса андан:
41 — Сага эмне кылышымды каалайсың? — деп сурады. Ал: — Таксыр, көзүм көрүп калса экен! — деди.
42 Ыйса ага: — Көзүң көрсүн, ишенимиң сени айыктырды, — деди.
43Ошол замат сокурдун көзү көрүп калды. Ал Кудайга алкышын жаадырып, Ыйсанын артынан ээрчиди. Муну көргөн элдин баары Кудайды даңкташты.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24