меню

Луканын Инжили 20 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ыйса ийбадаткананын короосунда таалим берип, Жакшы Кабарды жарыялап жүргөн ошол күндөрдүн биринде жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери эл башчылары менен бирге келишип,

2 Ага суроо беришти: — Бизге айтчы, сен буларды кайсы бийлигиң менен жасап жатасың? Мындай бийликти сага ким берди? — дешти.

3 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Мен да сиздерге бир суроо берейин, жооп берсеңиздер:

4 Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өткөрүү бийлигин кимден алды эле? Кудайданбы же адамдарданбы?

5 Ошондо тигилер өз ара мындай деп акылдаша кетишти: — Эгер Кудайдан десек, анда «эмнеге ага ишенбедиңиздер?» дейт.

6 Адамдардан десек, элдин баары бизди ташбараңга алат, анткени алар Жакыяны пайгамбар деп эсептешет.

7 Анан Ыйсага: — Кимден экенин билбейбиз, — деп жооп беришти.

8 Ыйса да аларга: — Анда Мен да силерге кайсы бийлик менен жасап жатканымды айтпайм, — деди.

9 Анан Ыйса элге кайрылып, мындай ибаратты айтты: — Бир киши болуптур. Ал жүзүм тигип, аны багбандарга ижарага берип, өзү узак убакка бир жакка кетет.

10 Жүзүм тере турган маал келгенде, жемишинен берсин деп ижарачыларга бир кулун жөнөтөт. Бирок ижарачылар аны сабап, куру кол кайтарып жиберишет.

11 Ошондо жүзүмзардын ээси дагы бир кулун жиберет. Алар аны да сабап, кордоп, куру кол жиберишет.

12 Үчүнчүсүн жибергенде, аны да жарадар кылып, тышка ыргытып салышат.

13 Ошондо жүзүмзардын ээси: «Эми эмне кылсам? Жанымдай көргөн уулумду жиберейин. Балким, андан ийменишээр», — дейт.

14 Ижарачылар болсо уулун көргөндө, өз ара акылдашып: «Бул мураскор, жүргүлө, өлтүрөлү, ошондо мурасы бизге калат», — дешет да,

15 аны жүзүмдүн сыртына алып чыгып, өлтүрүп салышат. Эми жүзүмдүн ээси эмне кылат?

16 Келип, ижарачыларды өлтүрүп, жүзүмдү башкаларга берет. Муну угуп турган эл: — Анын бетин ары кылсын! — деп жиберишти.

17 Ыйса аларга карап: — Ыйык Жазуулардагы: «Куруучулар жаратпай, Таштап салган таш эле, Пайдубалдын негизи Болуп калды ал эми» деген сөз эмнени билдирет?

18 Ким бул ташка куласа, талкаланат, ал эми бул таш кимдин үстүнө түшсө, анын таш-талканы чыгат, — деди.

19 Жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери бул ибараттын ал тууралуу айтылганын түшүнүштү да, ошол эле замат кармамак болуп, бирок элден коркушту.

20 Сөзүнөн кыйкым таап, римдик губернатордун колуна тапшырып, соттотуу үчүн алар Ыйсаны аңдытып, такыбаа болумуш болуп, анткорлонушкан тыңчыларын жиберишти.

21 Тыңчылар Ыйсага мындай суроо узатышты: — Устат, сиздин ак сүйлөп, туура таалим берериңизди билебиз. Эч кимдин жүзүнө карабай, адамдарга Кудайдын акыйкат жолун окутасыз.

22 Айтыңызчы: Рим падышасына салык төлөгөн болобу же болбойбу?

23 Алардын арам оюн байкаган Ыйса:

24 — Мага бир күмүш теңгени көрсөткүлөчү. Анын бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики экен? — деди. — Падышаныкы, — дешти алар.

25 Ыйса: — Анда падышаныкын падышага, Кудайдыкын Кудайга бергиле! — деди.

26 Ошентип алар Аны эл алдында сөзүнөн кармай албай, Анын жообуна таң калышып, унчуга албай калышты.

27 Ошондо өлгөндөр кайра тирилбейт деп ишенишкен садукей тобундагы адамдар келип, Ыйсага суроо беришти:

28 — Устат! Муса: «Эгер бирөө дүйнөдөн тукумсуз өтүп кетсе, анын аялын иниси алып, агасынын тукумун уласын»,— деп жазып кеткен.

29 Жети бир тууган бар эле. Эң улуусу аял алып, бала көрбөй өлдү.

30 Аялын экинчи иниси алып, ал да баласыз өтүп кетти.

31 Анан үчүнчүсү да ошондой болду. Ошентип жетинчисине чейин, баары ушундай каза болушту.

32 Эң аягында аял да көз жумду.

33 Эми, кыяматта кайра тирилишкенде, аял кимисиники болот? Анткени баары тең ага үйлөнүп чыгышпадыбы.

34 Ыйса аларга мындай жооп берди: — Бул дүйнөдөгүлөр аял алышып, күйөөгө тийишет.

35 Ал эми бейишке татыгандар кайра тирилгенде, о дүйнөдөн аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт.

36 Алар периштелер сыяктуу эч качан өлбөйт, анткени кайра тирилтүүчү Кудайдын балдары болуп калышат.

37 Ал эми өлгөндөрдүн кайра тирилерин Муса өзү да күйүп турган бадал жөнүндөгү аңгемеде билдирген. Ал Эгебизди Ыбрайымдын Кудайы, Ыскактын Кудайы жана Жакыптын Кудайыдеген.

38 Демек, Кудай — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Анткени Анын алдында баары тең тирүү да!

39 Ошондо дин мугалимдери: — Устат, сиз абдан жакшы жооп бердиңиз! — дешти.

40 Мындан соң, эч ким батынып, Ага суроо бере албады.

41 Ыйса аларга мындай деди: — Эл эмне үчүн Машаякты Дөөттүн тукуму дешет?

42 Дөөт Забур китебинде: «Жараткан Эге Эгеме деди мындай:

43 Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча, Олтура тур, сыйлуу жер — оң жагымда»— деген.

44 Демек, Дөөт өзү Машаякты Эгем деп жатса, кандайча Ал кайра Дөөттүн тукуму болот?

45 Элдин баары Ыйсаны угуп турганда, Ал шакирттерине кайрылып мындай деди:

46 — Узун чапан кийип алып жайкала басканды, базарларда элдин эпилдеп саламдашып турганын, синагогаларда алдыңкы орундарда, аш-тойлордо төрдө олтурганды жакшы көргөн дин мугалимдеринен сак болгула!

47 Жесирлердин үй-жайын тартып алып, атайын элге көрүнүш үчүн узакка сыйынган ошолор. Алардын жазасы өтө оор болот.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24