меню

Луканын Инжили 12 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ушул арада миңдеген киши жыйылып, алар бири бирин кыса баштады. Ошондо Ыйса адегенде шакирттерине кайрылып, мындай деди: — Фарисейлердин ачыткысы — эки жүздүүлүктөн алыс болгула.

2 Сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас жашыруун иш болбойт.

3 Ошондуктан караңгыда айткан сөзүңөрдү жарыкта угушат, үйдүн ичинде кулакка шыбырап айткан сөзүңөр үйдүн төбөсүнөн жар салынат.

4 Досторум, силерге айтам: денени өлтүрүп, андан кийин башка эч нерсе кыла албаган адамдардан коркпогула.

5 Кимден коркуш керектигин айтып коёюн: өлтүргөндөн кийин тозокко түшүрүүгө кудурети бар Кудайдан корккула!

6 Беш чымчык бир аз эле тыйынга сатылат эмеспи. Бирок алардын бирин да Кудай унутта калтырбайт.

7 А силердин болсо башыңардагы чачыңар да эсептелүү. Ошондуктан коркпогула, силер чымчыктардан алда канча кымбатсыңар.

8 Силерге айтып коёюн: ким Мени эл алдында ачык тааныса, Адам Уулу да Кудай периштелеринин алдында аны ачык тааныйт.

9 Мени эл алдында четке какканды Мен да Кудай периштелеринин алдында четке кагам.

10 Адам Уулуна каршы сөз айткан адам кечирилет, бирок кимде-ким Ыйык Рухка акарат айтса, кечирилбейт.

11 Силерди синагогадагы элдин, башчылардын, бийлик башындагылардын алдына алып барышканда, кантип же эмне деп актанышты же эмнени айтышты ойлоп, түйшүк тартпагыла.

12 Эмне дешти Ыйык Рух ошол саатта силерге үйрөтөт.

13 Эл арасынан бирөө: — Устат, агама айтып коюңузчу, мурасты мени менен бөлүшсүн, — деп кайрылды.

14 Ыйса ал кишиге: — Ким Мени силерге сот же бөлүштүргүч болуп берсин деди эле? — деди.

15 — Анан элге кайрылып: — Этият болгула, ар кандай дүнүйөкорлуктан алыс болгула, анткени адам өмүрү анын мал-мүлкүнүн көптүгүнө байланыштуу эмес, — деди.

16 Ошондон кийин Ыйса аларга мындай ибаратты айтып берди: — Бир байдын эгин талаасы жакшы түшүм берет.

17 Бай ичинен ойлонот: «Эмне кылсам? Эгин жыяр жайым жок.

18 Кой, минтейин: кампаларымды бузайын да, кайра чоңураак кылып салып, бардык эгиним менен мал-мүлкүмдү ошо жерге коёюн.

19 Анан өз жаныма айтам: жаным, көп жылдарга жете турган байлыгың жатат. Эми эс ал, ич, же, шапар тээп шаттан».

20 Бирок Кудай ага: «Эй акылсыз, бүгүн түнү жаныңды алганы келишет. Жыйган-тергениң кимге калат?» — дейт.

21 Керт башы үчүн байлык топтоп, Кудайды эсине албаган адам ушундай болот.

22 — Ошондуктан силерге айтып коёюн, — деди Ыйса шакирттерине карап, — «Эмне жейбиз» деп жаныңарды ойлоп, «эмне кийебиз» деп денеңерди ойлоп, түйшүк тартпагыла!

23 Тамактан жан, кийимден дене артык да.

24 Каргаларды карагылачы, алар эгишпейт да орушпайт, кырмандары да, кампалары да жок. Аларды Кудай азыктандырып турат. Ал эми алардан силердин айырмаңар кандай чоң.

25 Кимиңер түйшүктөнүп, өзүнө бир карыш бой кошо алат?

26 Эгерде ушундай жарыбаган нерсе колуңардан келбесе, башкаларды ойлоп, куру убара тартуунун эмне кереги бар?

27 Кызгалдактардын өскөнүн карагылачы, алар эмгектенишпейт, жип да ийришпейт. Бирок силерге айтып коёюн: Сулайман падыша атак-даңкы чыгып турганда да алардын эч бириндей кийинген эмес.

28 Эгерде бүгүн талаада өсүп, эртең мешке жагыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди андан артык кийиндирбейби, эй, ишеними аздар!

29 Ошондуктан не жеп, не ичебиз деп кабатыр болбогула!

30 Дүйнөдөгү элдердин эси-дарты ушуларда, бирок силердин Атаңар буларга муктаж экениңерди билет.

31 Андан көрө, Кудай Падышачылыгы жөнүндө ойлогула, ошондо калганы силерге кошулуп берет.

32 Коркпогун, кичинекей кой короо! Атаңар падышачылыгын силерге мурас кылууну ылайык көрдү.

33 Мал-мүлкүңөрдү сатып, кайыр бергиле! Эскирбес, көөнөрбөс байлыктарды көккө жыйнагыла. Ал жакка ууру да жакындай албайт, күбө да жей албайт.

34 Анткени байлыгың каерде болсо, эси-дартың да ошерде болот.

35 Ар дайым белиңер буулуу, чырагыңар жагылуу болсун!

36 Үйлөнүү тоюнан кайта турган ээсин күтүп, каалганы кагылар замат ачууга даяр турган адамдардай болгула.

37 Ээси келип, кызматчыларынын уктабай күтүп турушканын көрсө, ошол кызматчылар таалайлуу. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ээси аларды олтургузуп коюп, өзү белин бууп алып, кызмат кылат.

38 Эгер ээси түн ортосунда болобу, таң азанда болобу келип, кулдарынын уктабай, сергек тургандарын көрсө, анда алар таалайлуу.

39 Силер билгендей, эгер үй ээси уурунун кайсы саатта келерин билсе, үйүн бузуп кирүүсүнө жол бербес эле.

40 Ошондуктан силер да даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон саатта келет.

41 Ошондо Петир: — Эгебиз, бул ибаратты бизге эле айтып жатасыңбы же бардыгынабы? — деп сурады.

42 Ыйса мындай деп жооп берди: — Үйдөгү кулдарына тамак-ашын убагында берип туруш үчүн кожоюн дайындап кеткен ишеничтүү жана акыл-эстүү башчыны элестеткиле.

43 Кожоюну келгенде тапшырылган ишин аткарып жаткан кызматчы бактылуу!

44 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кожоюну аны бүт үй мүлкүнө башчы кылат.

45 Эгер ошол кызматчы ичинен: «Кожоюнум жакында келбейт», — деп, башка кулдарды уруп сабап, жеп-ичип, масчылыкка берилсе,

46 кожоюну ал күтпөгөн күндө, билбеген саатта келет да, башын жара чаап, ишенимсиздер менен кошо жазага тартат.

47 Ээсинин каалоосун билип туруп, даярданбаган, анын каалоосун аткарбаган кул көп таяк жейт.

48 Ал эми билбей калып, жазага татыктуу иш кылган кул азыраак таяк жейт. Ошол сыңары, кимге көп берилсе, ошондон көп талап этилет, кимге көбүрөөк ишенип тапшырылса, андан көбүрөөк суралат.

49 Мен асмандан жерге от таштоо үчүн келдим. Ошол от тезирээк жанышын кандай каалар элем!

50 Мен өзгөчө чөмүлүүдөн өтүшүм керек, ошол саатым келгиче канча кыйналам.

51 Силер Мени жер бетине тынчтык алып келди деп ойлойсуңарбы? Жок, бөлүнүү алып келдим десем туурараак болот.

52 Анткени мындан ары бир үй ичинде эле беш киши өз ара бөлүнө башташат: үчөө экөөнө каршы, экөө үчөөнө каршы болуп, бөлүнөт.

53Атасы каршы болуп өз уулуна, Уулу да атасына каршы болот, Энеси каршы болуп өз кызына, Кызы да энесине каршы болот, Кайнене каршы болуп келинине, Келин да кайненеге каршы болот.

54 Ыйса элге мындай деди: — Силер батыштан каптап келаткан булутту көргөндө, «жамгыр жаайт» дейсиңер, анан чынында эле жамгыр жаайт.

55 Түштүктөн шамал соксо, «күн ысык болот» дейсиңер, анан чындап эле ысык болот.

56 Эй, эки жүздүүлөр, көк менен жердин кубулушун ажырата билесиңер, ал эми азыркы убактын кандай экенин кантип ажырата билбейсиңер!

57 Эмне үчүн кандай кылуу туура экенин өзүңөр калыстык менен чечпейсиңер?

58 Доочуң менен сотко баратканыңда, жолдо андан кутулганга тырыш. Антпесең ал сени сотко сүйрөп келет да, сот жазалоочунун колуна өткөрөт, жазалоочу болсо зынданга салат.

59 Айтып коёюн: акыркы тыйыныңды бермейинче, ал жактан чыкпайсың.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24