меню

Луканын Инжили 5 Бөлүм

тез өтүү:

1 Бир күнү Ыйса Генисарет көлүнүн жээгинде турган эле. Кудай сөзүн угууга келген эл көп болгондуктан кысылып турду.

2 Ошондо Ыйса жээктен эки кайыкты көрдү. Кайыктардан түшкөн балыкчылар торлорун жууп жатышкан.

3 Кайыктардын бири Ысмандыкы эле. Ыйса анын кайыгына түшүп, жээктен ары бир аз түртүп коюусун өтүндү. Анан олтуруп алып, элге таалим бере баштады.

4 Сөзүн бүткөндө, Ысманга: — Көлдүн терең жерине сүзүп барып, балык кармаганга торлоруңарды салгыла, — деди.

5 Ысман: — Оо, устат, түнү менен мээнеттенип, эч нерсе кармай албадык. Бирок сен айтып жаткан соң, торлорду салып көрөйүн, — деди.

6 Торлорун салышканда, балык мол түштү. Балыктын көптүгүнөн торлору айрыла баштады.

7 Ошондо экинчи кайыктагы жолдошторуна кол булгап, жардамга чакырышты. Алар келишип, эки кайыкты тең балыкка толтурушту. Жүгүнүн оордугунан кайыктар сууга чөгө түштү.

8 Муну көргөн Ысман-Петир Ыйсанын бутуна жыгылып: — Оо, таксыр, менден кетчи, мен күнөөкөр адаммын! — деди.

9 Анткени ушунчалык көп балык түшкөнүнөн өзү да, жанындагылар да үрөйү учуп, коркуп турушкан.

10 Ысмандын шериктери болгон Зебедейдин балдары Жакып менен Жакан да ушундай абалда эле. Ошондо Ыйса Ысманга карап: — Коркпо, мындан ары балык кармагандын ордуна, адамдарды Кудайга кантип алып келүүнү үйрөтөм, — деди.

11 Алар кайыктарды жээкке чыгарып салышты да, баарын таштап, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.

12 Ыйса ошол жердеги айылдардын биринде жүргөндө, Ага бүткөн боюн пес баскан оорулуу адам жолукту. Ал Ыйсаны көрөрү менен алдына келип, чөк түшүп, жалынды: — Оо, таксыр, эгер сиз кааласаңыз, мени айыктыра аласыз.

13 Ыйса колун созуп ага тийгизди да: — Каалаймын, айыккын! — деди. Оорулуу ошол замат айыгып кетти.

14 — Бул тууралуу эч кимге ооз ачпа! — деп буюрду Ыйса бул адамга. — Бар да, өзүңдү динкызматчыга көргөзүп, айыкканыңдын далили катары Муса буюрган курмандыкты алып баргының.

15 Ыйса жөнүндө кеп-сөз дагы жайылып, көптөгөн адамдар Анын сөзүн угуп, дарттарынан айыгыш үчүн туш-тараптан Ага келип жатышты.

16 Ыйса болсо ээн талаага барып, сыйынып турду.

17 Ыйса таалим берип отурган күндөрдүн биринде Эгебиздин кудурети оорулуулардын айыгуусунан көрүнүп жатты. Галилея менен Иудея аймактарынын туш-тарабынан жана Иерусалимден келген фарисейлер, дин мугалимдери да Ыйсанын таалимин угуп олтурушкан.

18 Аңгыча бирөөлөр шал болгон адамды төшөнчүсү менен көтөрүп келишти. Аны үйгө киргизип, Ыйсанын алдына коюуга аракет кылышты,

19 бирок элдин көптүгүнөн өтө алышпады. Ошондо алар тамдын үстүнө чыгышты да, төбөсүн тешип, оорулууну төшөнчүсү менен Ыйсанын алдына түшүрүштү.

20 Ыйса алардын ишенимин көрүп, шал адамга: — Пендем, күнөөлөрүң кечирилди! — деди.

21 Дин мугалимдери менен фарисейлер болсо өз ара: — Бул адам Кудайга акарат келтирип атат. Күнөөлөрдү бир Кудайдан башка ким кечире алат? — дей башташты.

22 — Эмне деп жатасыңар ичиңерден? — деди Ыйса, алардын оюн билип,

23 — «Күнөөлөрүң кечирилди!» деп айтуу оңойбу, же «Ордуңан тур да, бас!» деген оңойбу?

24 Билип алгыла, Адам Уулунун жер бетинде күнөөлөрдү кечире турган бийлиги бар! Ыйса ушундай деди да, шал болгон кишини карап: — Сага айтам: тур, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар! — деди.

25 Шал киши ошол замат баарынын көз алдында ордунан туруп, төшөгүн алды да, Кудайды даңктап, үйүнө жөнөдү.

26 Баарын тең коркунуч басып, аң-таң болушуп: — Биз бүгүн акылга сыйбаган укмуштуу окуяны көрдүк! — деп, Кудайды даңкташты.

27 Ушундан соң, Ыйса сыртка чыгып, салык жыйноочу жерде олтурган Леби аттуу кишини көрдү. — Менин жолума түш! — деди Ыйса ага.

28 Ал ордунан тура калды да, баарын таштап, Ыйсанын артынан басты.

29 Леби Ыйсаны үйүнө чакырып, чоң сый көрсөттү. Анын үйүндө салыкчылардын жоон тобу жана дагы башка адамдар Ыйса менен бирге дасторкондо отурушту.

30 Дин мугалимдери менен фарисейлер буга нааразы болушуп, Ыйсанын шакирттерине мындай дешти: — Эй, силер эмне үчүн салыкчылар жана күнөөкөрлөр менен бир дасторкондон ичип-жеп отурасыңар, ыя?!

31 Ыйса аларга: — Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек.

32 Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү ниеттерин өзгөртүүгө чакырганы келдим, — деди.

33 Дин мугалимдери менен фарисейлер Ыйсага: — Жакыянын шакирттери бат-бат орозо тутуп, сыйынышат экен. Фарисейлердики да ошондой кылышат. Сенин шакирттериң болсо, орозо тутпастан, ичип-жей беришет экен! — дешти. Ыйса аларга мындай деди:

34 — Үйлөнүп жаткан жигит тойго чакырылган коноктордун арасында жүргөндө, аларды орозо кармагыла деп мажбурлоого болобу?

35 Күйөө жигит алардан алынып кете турган күндөр келет, орозону алар ошондо тутушат.

36 Ыйса аларга мындай бир ибарат айтты: — Эч ким жаңы кийимден айрып, эски кийимге жамабайт. Эгер жамаса, анда жаңы кийим да жыртылат, жаңы жамаачы да эски кийимге жарашпай калат.

37 Эч ким жаңы шарапты эскирген чаначтарга куйбайт. Эгер куйса, жаңы шарап чаначтарды айрып, өзү да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат.

38 Ошондуктан жаңы шарапты жаңы чаначтарга куюш керек.

39 Эч ким эски шарапты ичкен соң, жаңысын сурабайт. Ал: «эскиси жакшы экен», — дейт.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24