Луканын Инжили 4 Бөлүм
1 Ыйык Рухка толгон Ыйса Иордандан кайтып келе жатып, Анын таасири астында чөлгө барды.
2 Чөлдө кырк күн бою ибилистин сыноосунан өттү. Кырк күн эч нерсе жебегендиктен, бул күндөр өткөндө абдан ачка болду.
3 Ошондо ибилис Ага: — Кудайдын Уулу болсоң, мына бул ташка буюрчу, нан болуп калсын! — деди.
4 Ыйса ага мындай жооп берди: — Ыйык Жазууда: «Адам жалаң эле нан менен жашабайт!»— деп жазылган.
5 Мындан соң, ибилис Ыйсага кыска убакыттын ичинде дүйнөнүн бардык падышачылыктарын көрсөтүп:
6 — Ушул падышачылыктардын үстүнөн болгон толук бийликти, алардын атак-даңкын сага берем. Анткени мага укук берилген: аны кимге кааласам, ошого бере алам.
7 Сен мага табынсаң, баары сеники болот, — деди.
8 Ыйса ага: — Ыйык Жазууда: «Кудай Эгеңе табын, жалгыз Ага кызмат кыл!»деп жазылган, — деп жооп берди.
9 Ошондо ибилис Аны Иерусалимдеги ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп: — Эгер Кудайдын Уулу болсоң, ушул жерден боюңду таштап жиберчи!
10 «Кудай Өзүнүн периштелерине сени сактоону буйрат,
11 ташка бутун уруп албасын деп, алар сени колдоруна көтөрүшөт»— деп жазылган эмеспи, — деди.
12 Ыйса ага мындай жооп берди: — «Кудай Эгеңди сынаба!»— деп жазылган.
13 Ибилис Ыйсаны бардык жагынан сынап бүткөн соң, Андан убактылуу кетип калды.
14 Ыйык Рухтун күчүнө толгон Ыйса Галилеяга кайтып келди. Ал жөнүндө кабар жер-жерлерге тарады.
15 Ыйса синагогаларга кирип, элге таалим берип, алардын мактоосуна арзыды.
16 Бир күнү Ал Өзү өскөн Назарет шаарына келди. Адатынча дем алыш күнү синагогага барды. Ал Ыйык Жазуудан окуп берүү үчүн ордунан турганда,
17 Ага Ышая пайгамбардын китебин сунушту. Ыйса китепти ачып, мындай деп жазылган жерин тапты:
18 «Эгемдин Руху үстүмдө, Анткени Ал Мени тандады, Жакшы Кабар айтууга Жакырларга дайындап. Бошонорун туткундар, Сокурлардын көздөрү Көрөрүн кабар кылууга Жана эзилгендерди Эркиндикке чыгарууга,
19 Эгебиздин кечирим Бере турган мезгилин — Ырайым кылар жылын да Жар салууга жөнөттү».
20 Ыйса китепти жаап, кызматчыга кайтарды да, таалим берүү үчүн жайгашып отурду. Синагогадагы элдин баары тең Аны тигиле карашты.
21 Ошондо Ыйса: — Силер уккан Ыйык Жазуудагы сөздөр бүгүн аткарылды, — деди.
22 Баары Ага ыраазы болушту да, оозунан чыккан кереметтүү сөздөргө таң калышып: — Ой, бул Жусуптун эле баласы эмеспи? — дешти.
23 — «Дарыгер болсоң өзүңдү айыктыр!» деген макалды айтарыңар бышык, — деди Ыйса аларга, — «Капарноомдо кылгандарыңды бул жерде, өз мекениңде да кыл» дээрсиңер.
24 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: өз элинде пайгамбардын кадыры жок болот.
25 Чын айтып жатам: Илияс пайгамбардын тушунда үч жыл алты ай бою асмандан тып эткен тамчы тамбай, бардык жерде ачарчылык болгондо, Ысрайылда жесирлер көп эле.
26 Бирок Кудай Илияс пайгамбарды ошолордун эч кимисине жибербестен, Сидон аймагындагы Сарепта шаарында жашаган бир жесирге алып барды.
27 Элиша пайгамбардын тушунда да Ысрайылда пес дартына чалдыккандар көп болгон, бирок алардын бири да айыкпастан, сириялык Нааман аттуу киши гана айыккан.
28 Муну укканда, синагогада отургандардын баары катуу ачууланышты.
29 Тура калышып, Ыйсаны шаардын сыртына кууп чыгышты да, ылдый кулатмакчы болуп, шаар жайгашкан тоонун чокусуна алып барышты.
30 Бирок Ыйса аларды аралап өтүп, кетип калды.
31 Ыйса Галилеядагы Капарноом шаарына түшүп келди да, дем алыш сайын элге таалим берип жатты.
32 Адамдар Анын таалимине таң калып жатышты, себеп дегенде Анын сөзүндө кудурет бар эле.
33 Бир күнү синагогада жинге чалдыккан бир киши жүргөн. Ошол киши кыйкырып жиберди:
34 — Эй, назареттик Ыйса! Биз менен кандай ишиң бар? Түбүбүзгө жеткени келдиңби, ыя? Мен билем Сенин ким экениңди: Сен — Кудайдын ыйыгысың!
35 Ыйса жинди тыйып: — Үнүңдү бас! Бул кишиден чыгып кет! — деди. Жин ошол кишини турган жеринде жыгып, эч кандай зыян келтирбестен, чыгып кетти.
36 Элдин баарынын үрөйү учуп, өз ара: — Кара күчтөрдү бийлик менен чыгара кууган, бул кандай кудурет болду экен? — дешти.
37 Ошентип, туш-туш жакка Ыйса жөнүндө сөз тарап кетти.
38 Ыйса синагогадан чыгып, Ысмандын үйүнө келди. Үйдө анын кайненеси ысытма болуп, катуу ооруп жатыптыр. Ыйсадан аны көрүп берүүсүн суранышты.
39 Ыйса аялдын маңдайына басып келип, ысытманы басар замат, ал куландан соо тура калып, дароо конокторун тейлей баштады.
40 Күн батканда элдин баары ар кандай оорулууларды Ыйсага алып келе башташты. Ыйса ар биринин үстүнө колун коюп, аларды айыктырып жатты.
41 Көп адамдардын ичинен жиндер: «Сен Кудай Уулусуң!» — деп бакырып, чыгып кетип жатты. Ыйса аларга Өзүнүн Машаяк экенин айтууга тыюу салды, анткени жиндер Анын Машаяк экенин билишчү.
42 Таң атканда, Ыйса ээн жерге барды. Калың эл Аны издеп келип, кетирбестен өздөрү менен алып калгылары келди.
43 Бирок Ыйса аларга: — Мен башка шаарларга да Кудай Падышачылыгы тууралуу Жакшы Кабарды жеткиришим керек, анткени Кудай Мени ошол максат менен жиберген, — деди.
44 Ошентип, Ыйса Иудея жериндеги синагогаларда элге Жакшы Кабарды жар салып жүрдү.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24