меню

Луканын Инжили 6 Бөлүм


1 Дем алыш күндөрдүн биринде Ыйсага шакирттери менен эгин талаасын аралап өтүүгө туура келди. Шакирттери буудайдын башын жулуп, ушалап, жеп баратышты.

2 Муну көргөн кайсы бир фарисейлер Ыйсага: — Силер эмне үчүн дем алыш күнү тыюу салынган ишти кылып жатасыңар? — дешти.

3 — Дөөт жанындагылары менен ачка калганда эмне кылганын окуган жок белеңер?

4 Ал Кудай үйүнө кирип, Эгебизге багышталган нанды өзү да жеп, жанындагыларга да бербеди беле? Бирок ал нанды жегенге динкызматчылардын гана акысы болгон, — деди Ыйса аларга.

5 — Адам Уулу — дем алыш күндүн да ээси, — деп кошумчалады Ыйса.

6 Дем алыш күндөрдүн дагы биринде Ыйса синагогага кирип, таалим берип, сөз сүйлөп калды. Синагогада оң колу сенек бир адам бар эле.

7 Дин мугалимдери менен фарисейлер Ыйсадан кынтык издешип, оорулууну айыктырар бекен деп аңдып турушту.

8 Алардын мындай оюн билген Ыйса колу сенек адамга: — Ордуңан тур да, алдыга чык! — деди. Ал ордунан туруп, алдыга чыкты.

9 Ошондо Ыйса дин мугалимдери менен фарисейлерге кайрылып, мындай деди: — Силерге бир суроо берейин: дем алыш күнү жакшылык менен жамандыктын кайсынысын кылуу керек? Жанды куткаруу керекпи, же куратуу керекпи?

10 Ыйса баарын бир сыйра кыдырата карап алды да, алиги кишиге: — Колуңду сун! — деди. Ал сунары менен, колу айыгып кетти.

11 Тигилер болсо кутургандай жинденишип, Ыйсаны эмне кылсак экен деп, өз ара акылдаша башташты.

12 Ошол күндөрдүн биринде Ыйса сыйынуу үчүн тоого барып, түнү бою Кудайга сыйынды.

13 Күн чыкканда, шакирттерин чакырып, арасынан он экисин тандап, аларды элчи деп жарыялады.

14 Алар төмөнкүлөр эле: Ыйса Петир деп атаган Ысман, анын иниси Идрис, Жакып, Жакан, Филип, Барталамей,

15 Матай, Том, Алпейдин баласы Жакып, Динчил атка конгон Ысман,

16 Жакыптын баласы Жүйүт жана кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.

17 Ыйса шакирттери менен тоодон түз жерге түшүп келди. Анын жанына көптөгөн шакирттери жана бүткүл Иудеядан, Иерусалимден, деңиз жээгинде жайгашкан Тир менен Сидон аймактарынан келген көп эл чогулду.

18 Алар Ыйсанын сөзүн угуп, ооруларынан айыгуу үчүн келишкен эле. Кара күчтөргө байланып, кыйналгандар да сакайып кетип жатышты.

19 Элдин баары Ыйсага колун тийгизүүгө аракеттенип жатышты, анткени Андан чыккан кудуреттүү күчтөн баары айыгып жатты.

20 Ошондо Ыйса шакирттерин карап мындай деди: — Жардылар, силер бактылуусуңар, Кудай Падышачылыгы силердики.

21 Азыр ачка жүргөндөр, силер бактылуусуңар, Акыры тоюнасыңар. Азыр ыйлап жүргөндөр, силер бактылуусуңар, Кубанып күлөсүңөр.

22 Адам Уулуна ишенгениңер үчүн Жек көрүндү кылышып, Элден бөлүп салышып, Шылдыңдашып, кордошуп, Жаманатты кылышса, Бактылуусуңар силер.

23 Ошол күндөр келгенде, Шаттангыла кубанып. Эң чоң сыйлык асманда, Күтүп турат силерди. Алардын аталары пайгамбарларды да ошондой куугунтукка алышкан!

24 А бирок азыр байлар, Шордуусуңар силер! Алчуңарды азыртан Толугу менен алдыңар!

25 Азыр курсагы токтор, Шордуусуңар силер! Ачкадан кезересиңер! Азыр жыргап күлгөндөр, Шордуусуңар силер! Кайгырасыңар боздоп!

26 Элдин баары макташса, Шордуусуңар силер! Алардын аталары жалган пайгамбарларга да ошентишкен.

27 Бирок Мени угуп турган, калайык, сага айтам: Душманыңды сүйгүнүң, Сени жаман көргөнгө, Жакшылык кылгының.

28 Каргаганды алкагын, Кордогон адам үчүн сыйын,

29 Бир жаагыңа чапканга Экинчисин тосуп бер, Тонуңду сыйрып жатканга Көйнөгүңдү кошуп бер.

30 Ким сураса, бергиниң, Кайра андан доолаба.

31 Өзгөлөрдөн кандай мамилени күтсөң, өзүң да аларга ошондой мамиле кыл.

32 Өзүңөрдү сүйгөндөрдү сүйгөнүңөр үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Өздөрүн сүйгөндөрдү күнөөкөрлөр деле сүйүшөт.

33 Өзүңөргө жакшылык кылгандарга жакшылык кылганыңар үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Мындайды күнөөкөрлөр деле кылышат.

34 Кайтарып берер деген адамдарга гана карыз бергениңер үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Чыпчыргасын коротпой кайра алуу үчүн күнөөкөрлөр деле бири бирине карыз беришет.

35 А силер душманыңарды сүйгүлө, жакшылык кылгыла, кайра алам деп үмүттөнбөстөн бергиле. Ошондо сыйлыгыңар чоң болот жана Кудай Тааланын балдары болосуңар, анткени Ал жакшылыкты билбегендерге да, кара ниеттерге да бирдей мээримдүү.

36 Силер асмандагы Атаңардай боорукер болгула.

37 Өзгөлөрдү айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар, өкүм чыгарбагыла, ошондо өзүңөргө да өкүм чыгарылбайт, кечиргиле, ошондо өзүңөр да кечирилесиңер.

38 Бергиле, ошондо силерге да берилет: марттык менен салынган, ныктап толтурулган, ыкшалган, ашып-ташкан өлчөмдө алдыңарга төгүлөт. Кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет.

39 Ыйса сөзүн ибарат түрүндө улады: — Сокур сокурду жетелей алабы? Экөө тең чуңкурга түшүп кетпейби.

40 Шакирт устатынан өйдө болбос. Бирок жетилсе, устатындай боло алат.

41 Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй, боордошуңдун көзүндөгү кыпынды көрөсүң?

42 Өз көзүңдө дөңгөч турса, боордошуңа: «Келе, көзүңдөгү кыпынды алып коёюн», — деп кантип айтасың? Эй, эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, анан боордошуңдун көзүндөгү кыпынды кантип алышты билесиң.

43 Жакшы дарак начар жемиш бербейт, ошондой эле начар дарак жакшы жемиш бербейт.

44 Ар дарак жемишинен билинет. Тикенектен анжир, бадалдан жүзүм теришпейт да, туурабы?

45 Анын сыңары, жакшы адам дилиндеги жакшы казынасынан жакшылыкты берет, жаман адам жаман казынасынан жамандыкты берет. Адамдын дили эмнеге толуп-ташыса, ошол тилине чыгат.

46 Эмнеге силер мени «Эге, Эге» дейсиңер да, айтканымды кылбайсыңар?

47 Мага келип, сөздөрүмдү угуп, аны аткарган киши кимге окшош экенин айтып коёюн.

48 Ал жерди терең казып, пайдубалын ташка орнотуп туруп, үй курган киши сыяктуу. Суу ташкындап, үйүн каптаганда, ал былк этпейт. Себеп дегенде, ал мыкты салынган.

49 Ал эми сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбагандар үйүн пайдубалсыз, жерге эле салып койгон адамга окшош. Суу ташкындап, үйүн каптаганда, үйү ошол замат кулайт. Кулаганда да катуу кулайт.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24