меню

Луканын Инжили 13 Бөлүм


1 Ушул убакта Пилат өлтүргөн галилеялыктар тууралуу Ыйсага кабарлашты. Пилат аларды малдарын курмандыкка чалып жаткан жеринен өлтүрткөн эле.

2 Ыйса бул кабарды айткандарга айтты: — Бул адамдардын күнөөсү галилеялыктардын баарыныкынан чоң болгондугу үчүн ушундай балээге туш болушту деп ойлойсуңарбы?

3 Жок дейм силерге, андай эмес. Эгерде ниетиңерди өзгөртпөсөңөр, баарың тең ушинтип куурайсыңар.

4 Силоом мунарасы басып калып, каза тапкан он сегиз кишинин күнөөсү Иерусалимде жашагандардын баарыныкынан көбүрөөк болгон деп ойлойсуңарбы?

5 Жок дейм силерге, андай эмес. Эгерде ниетиңерди өзгөртпөсөңөр, баарың тең ушинтип куруйсуңар.

6 Ушундан кийин Ыйса мындай ибаратты айтып берди: — Бир адамдын жүзүмзарында олтургузулган анжир дарагы болуптур. Ошол адам жүзүмзарына келип, анжир дарагынан жемиш издеп, таба албайт да,

7 багбанга айтат: «Үч жылдан бери келип, мына бул анжирден жемиш издейм, бирок таба албайм. Ошондуктан аны кыйып сал, бекер эле жерди ээлеп турат».

8 Багбан айтат: «Таксыр, быйыл да коё туруңузчу. Мен тегерегин жумшартып, кык төгүп көрөйүн.

9 Жемиш берип калар. Эгер бербесе, анда эмки жылы кыя бериңиз».

10 Бир дем алыш күнү Ыйса синагогалардын биринде таалим берип калды.

11 Ал жерде жиндин таасиринен улам он сегиз жылдан бери такыр белин көтөрө албай бүкүрөйүп калган бир аял бар эле.

12 Ыйса ошол аялды көрүп, чакырып алды да: — Аял, дартыңдан кутул! — деп,

13 колун үстүнө койду. Ошол замат бели жазылып кеткен аял Кудайга алкыш айта баштады.

14 Муну карап турган синагога башчысы Ыйсанын дем алыш күнү айыктырганына кыжырланып, элге: — Иш кыла турган алты күн бар го! Айыгууга дем алыш күнү келбестен, ошол күндөрү келгиле! — деди.

15 Эгебиз ага айтты: — Эй, эки жүздүү! Өзүңөр дем алыш күнү өгүзүңөрдү же эшегиңерди акырдан чечип алып, сугарганы жетелеп барбайсыңарбы?

16 Ал эми он сегиз жыл бою шайтандын байлоосунда келген Ыбрайымдын мына бул кызын дем алыш күнү куткарса болбойт беле?

17 Ыйсанын бул сөзү Ага каршы болгондордун баарын уят кылды. Турган эл Анын кылган улуу иштеринин баарына кубанып жатышты.

18 Ушундан соң, Ыйса мындай деди: — Кудайдын Падышачылыгын эмнеге салыштырсам? Аны эмнеге окшоштурсам?

19 Ал бир адамдын өз багына эккен кипкичинекей сары кычынын данына окшош. Урук өнүп, чоң өсүмдүккө айланат да, бутактарына канаттуулар уя салат.

20 — Кудайдын Падышалыгын эмнеге окшотсом? — деди Ыйса сөзүн улантып,

21 — ал бир аялдын камыр ачытыш үчүн үч чара унга салган ачыткысына окшош, — деди.

22 Ошентип, Ыйса шаар-кыштактарды аралап, Иерусалимге баратты.

23 Кимдир бирөө Андан: — Таксыр, аз гана адамдар куткарылабы? — деп сурап калды. Ыйса ага айтты:

24 — Кудай Падышачылыгына тар эшиктен кирүүгө тырышкыла! Силерге айтып коёюн: көп адамдар кирсек дешет, бирок кире алышпайт.

25 Эгер үй ээси ордунан туруп, эшиктерин жаап алса, сыртында каласыңар да, эшигин каккылап: «Таксыр, эшикти ачып койчу бизге» дейсиңер. Үй ээси болсо: «Мен силердин ким экениңерди, кайдан экениңерди билбейм!» дейт.

26 Ошондо силер: «Сени менен бир дасторкондо даамдаш элек го, биздин көчөлөрүбүздө таалим берип жүрбөдүң беле!» дей баштайсыңар.

27 Үй ээси болсо: «Силерге айтып жатам, эй, ыймансыздар, кимсиңер, кайдансыңар, мен билбейм, көзүмө көрүнбөй жоголгула!» дейт.

28 Ошондо Ыбрайым, Ыскак, Жакып жана башка бардык пайгамбарлардын Кудай Падышачылыгында калганын көрөсүңөр, а силер болсо сыртка кууласыңар. Анан боздоп, тишиңерди кычыратып, ачууланасыңар.

29 Чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн келгендер Кудай Падышачылыгынан орун алышат.

30 Ошондо биринчи болуп калган акыркыларды жана акыркы болуп калган биринчилерди көрөсүңөр.

31 Ошол убакта фарисейлерден кимдир бирөөлөр келип: — Бул жерден кетип калчы, Ирод сени өлтүрөм деп жатат, — дешти. Ыйса аларга айтты:

32 — Барып, ал түлкүгө айтып койгула: «Мен бүгүн, эртең жиндерди кубалап, оорулууларды айыктырам да, үчүнчү күнү ишимди аяктайм».

33 А бирок кантсе да, Мен бүгүн, эртең жана бүрсүгүнү сапарымды улантам, анткени пайгамбардын Иерусалимдин сыртында өлүшү мүмкүн эмес да!

34 Ай, Иерусалим, Иерусалим! Сен пайгамбарларды өлтүрүп, Кудай жиберген адамдарды таш бараңга алдың. Аттиң, балапандарын бооруна чогултуп, канатына калкалаган тоок сымал, канча ирет сенин элиңди чогултайын дедим, бирок силер каалаган жоксуңар.

35 Эми мына, үйүңөр каңгырап, ээн калат. Силерге айтып коёюн: «Эгебиздин атынан Келатканга урмат!» деп айтар убак келгиче, Мени көрбөйсүңөр.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24