Луканын Инжили 23 Бөлүм
1 Чогулгандардын баары ордуларынан туруп, Ыйсаны Пилатка алып барышты да,
2 айыптай башташты: — Биз мына бул кишинин элибизди бузуп жүргөнүн жана Рим падышасына салык төлөөгө каршы чыкканын аныктадык. Ал өзүн Машаякмын, мындайча айтканда, Падышамын деп жүрөт, — дешти.
3 Ошондо Пилат Ыйсадан: — Иудейлердин падышасы сенсиңби? — деп сурады. Ыйса: — Өзүңүз айтып турасыз, — деп жооп берди.
4 Пилат жогорку динкызматчылар менен жыйылган элге кайрылып: — Мен бул адамдан эч бир күнөө таппай турам, — деди.
5 Бирок алар ого бетер күчөшүп: — Бул киши Галилеядан баштап, ушул жерге чейин бүткүл Иудеяга өз таалимин таратып, элди ээликтирип жүрөт, — дешти.
6 Пилат Галилея тууралуу укканда: — Бул киши галилеялыкпы? — деп сурады.
7 Ыйсанын Ирод бийлеген аймактан экенин билген соң, Пилат Ыйсаны ошол майрам күндөрү Иерусалимде жүргөн Иродго жөнөттү.
8 Ирод Ыйсаны көргөнүнө аябагандай кубанды, себеби Ал жөнүндө кабардар болуп, Андан бир керемет көрсөм деп, көптөн бери көксөп жүргөн эле.
9 Ирод Ыйсага көп суроо берди, бирок Ыйса алардын бирине да жооп берген жок.
10 Ошол жерде турушкан жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери болсо Ыйсаны күчүнүн барынча каралап жатышты.
11 Ошондо Ирод да жоокерлери менен бирге Ыйсаны кордоп, мазактады да, үстүнө падыша чапанын жаап, кайра Пилатка жиберди.
12 Ушул кезге чейин касташып келген Пилат менен Ирод ошол күнү дос боло калышты.
13 Пилат жогорку динкызматчыларды, уруу башчыларын жана элди чакыртып алып,
14 мындай деди: — Мына бул адамды элди бузуп жүрөт деп, мага алып келдиңиздер. Мына, мен аны өзүңүздөрдүн көз алдыңыздарда суракка алып, бул адамдан силер айыптагандай эч бир күнөө таппадым.
15 Ирод да ошентти, анткени мен бул адамды ага жөнөткөн элем. Демек, ал өлүм жазасына тартыла тургандай эч кандай кылмыш кылган жок.
16 Ошондуктан аны сабатып туруп, бошотуп жиберем, — деди.
18 Бирок чогулган элдин баары: — Өлтүр аны! Бизге Бараббаны бошотуп бер! — деп чуулдашты.
19 Барабба болсо шаарда көтөрүлүш чыгарып, киши өлтүргөндүгү үчүн түрмөгө камалган эле.
20 Пилат Ыйсаны коё бермекчи болуп, кайрадан элге кайрылды.
21 Бирок алар: — Аны айкаш жыгачка кер! Аны айкаш жыгачка керип сал! — деп чуу салышты.
22 Пилат алардан: — Бул киши кандай жамандык кылды? — деп үчүнчү жолу сурады да, мындай деди: — Мен андан өлүм жазасына тарта тургандай эч айып таппай турам. Ошондуктан сабатып туруп, бошотуп жиберейин.
23 Бирок алар бир ооздон: — Аны айкаш жыгачка керип сал! — деп кыйкыра беришти. Акыры эл менен башкы диний кызматчылардын кыйкырыктары үстөмдүк кылып,
24 Пилат алардын талабына көнүүгө аргасыз болду.
25 Көтөрүлүш чыгарганы жана киши өлтүргөнү үчүн түрмөгө камалган адамды алардын суранычы боюнча бошотуп жиберди, ал эми Ыйсаны алардын ыктыярына тапшырды.
26 Жоокерлер Ыйсаны жазалай турган жерге алып бара жатышканда, айылдан шаарга келе жаткан Ысман аттуу киринеялыкты кармап алышып, ага айкаш жыгачты артып, Ыйсанын аркасынан көтөртүп коюшту.
27 Ыйсаны өтө көп эл ээрчип келе жатты. Көптөгөн аялдар боздоп, ыйлап баратышты.
28 Ыйса аларга кайрылып, мындай деди: — Оо, Иерусалим аялдары! Мен үчүн ыйлабагыла, өзүңөр үчүн жана балдарыңар үчүн ыйлагыла!
29 Себеби «Согончогу канабаган, бала төрөбөгөн, эмчек эмизбеген аялдар бактылуу!» дей турган, азаптуу күндөр келет.
30 Ошол убакта адамдар тоолорго: «Үстүбүзгө кулагыла!» дөбөлөргө: «Бизди көөмп калгыла!»деп айта турган болушат.
31 Эгер жашыл даракты ушундай кылып жатышса, анда куураган жыгачка эмне болот?
32 Жоокерлер Ыйса менен бирге эки кылмышкерди да өлтүрүүгө алып баратышты.
33 Алар «Баш сөөк жайы» деген жерге келишкенде, Ыйса менен кошо кылмышкерлерди да, бирин оң жагына, бирин сол жагына айкаш жыгачтарга кадап салышты.
34 Ыйса: — Оо, Ата, буларды кечире көр! Алар эмне кылып жатышканын өздөрү билишпейт, — деди. Жоокерлер чүчү кулак кармашып, Ыйсанын кийимдерин өз ара бөлүп алышты.
35 Эл муну карап турду. Башчылар да Ыйсаны мазакташып: — Ал башкаларды куткарчу эле. Эгер чын эле ал Кудай тандаган Машаяк болсо, эми өзүн куткарып көрсүнчү! — дешти.
36 Жоокерлер да алдына келип, Ага кычкыл ичимдик сунушуп:
37 — Эй, иудейлердин падышасы болсоң, өзүңдү куткарбайсыңбы, — деп Аны кордошту.
38 Жыгачтын өйдө жагында «Бул — иудейлердин падышасы» деп грек, латын жана эврей тилдеринде жазылган такта кагылуу эле.
39 Ыйсанын жанына жыгачтарга кагылган эки кылмышкердин бири Аны мазактай: — Сен Машаяк эмессиңби? Кана, өзүңдү да, бизди да куткарбайсыңбы! — деди.
40 Экинчиси, тескерисинче, аны тыйып: — Кудайдан коркпойсуңбу? Өзүң да бул жазага тартылдың го.
41 Биз го кылган иштерибизге жараша тийиштүү жазабызды алдык. Бул болсо эч жамандык кылган жок, — деди.
42 Ошондон кийин Эгебизге: — Ыйса, падышачылыгыңа келгенде, мени эстей көр, — деди.
43 Ыйса: — Сага бир чындыкты айтып коёюн: бүгүн сен Мени менен бирге бейиште болосуң! — деди.
44-45 Түшкү саат он экилерде күн тутулуп, бүт жерди караңгылык басып, ал саат үчкө чейин созулду. Ийбадатканадагы көшөгө тең ортосунан айрылып, экиге бөлүндү.
46 Ыйса бар үнү менен: — Ата, жанымды Сенин колуңа тапшырып жатам!— деп кыйкырды. — Ушундай деп, Ал акыркы демин чыгарды.
47 Ушул окуяларды көрүп турган римдик жүз башы: — Бул адам, чынында эле, ак экен! — деп, Кудайды даңктады.
48 Кызык көргөнү чогулуп, бул окуяга күбө болгон эл көкүрөгүн койгулап, катуу кайгырып, шаарга кайтышты.
49 Ал эми Ыйсаны тааныгандардын бардыгы жана Галилеядан бери ээрчип келген аялдар ушунун баарын алыстан карап турушту.
50 Жогорку кеңештин Жусуп аттуу мүчөсү бар эле. Ал Иудеядагы Ариматия шаарынан чыккан, ак пейил, адил адам болчу.
51 Ал иудей жетекчилеринин чечими менен ишине макул болбогон, Кудай Падышачылыгын күтүп жүргөн киши боло турган.
52 Эми ал Пилатка барып, Ыйсанын сөөгүн сурап алды.
53 Аны жыгачтан түшүрүп алып, ак кепинге ороду. Аска ташты оюп жасалган, али эч ким коюлбаган бир көргө алып барды.
54 Бул иш даярдануу күнү кечинде, дем алыш күнү жаңы башталган маалда болду.
55 Ыйса менен бирге Галилеядан келген аялдар Жусупту ээрчип келишип, көрдү да, анын ичине сөөктүн кандай коюлганын да көрүштү.
56 Алар шаарга кайтышып, атыр менен жыттуу май камдашты. Дем алыш күнү болсо Тоорат мыйзамына ылайык эч иш кылбай, эс алышты.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24