меню

Луканын Инжили 17 Бөлүм


1 Ыйса шакирттерине дагы мындай деди: — Күнөөгө батырган азгырыктар сөзсүз келет, бирок ким аркылуу келсе, ошонун шору куруйт.

2 Мына бул кичинекейлердин бирин азгырып, күнөөгө батыргандан көрө, ал үчүн мойнуна тегирмендин ташы байланып, деңизге ыргытылганы оң болмок.

3 Ошондуктан өзүңөргө этият болгула. Эгер боордошуң сага жамандык кылса, зекип кой. Эгер күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураса, кечир.

4 Эгер ал бир күндө жети ирет сага жамандык кылып, кайра жети ирет күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураса, кечир.

5 Элчилери Ыйсага: — Ишенимибизди арттырчы! — дешти.

6 Эгебиз аларга мындай жооп берди: — Эгер сары кычынын данындай ишенимиңер бар болсо, мына бул турган тыт дарагына: «Тамырың менен жулун да, деңизге олтургузул!» десеңер, тилиңерди алат эле.

7 Ыйса дагы мындай деди: — Араңардан бирөөнүн жер айдаган же кой кайтарган кулу болсун дейли. Кул талаадан келгенде, ага: «Тез келип, дасторконго өт!» дейби?

8 Тескерисинче: «Мага тамак бер! Тамактанып бүткөнүмчө, мени тейлегин, андан кийин өзүң тамактанарсың!» дебейби?

9 Ал буйругун аткарганы үчүн кулуна алкыш айтмак беле?

10 Ошол сыяктуу, силерге берилген буйруктардын баарын аткарган соң: «Биз эч нерсеге арзыбаган кулдарбыз. Милдетибизди гана аткардык», — дегиле.

11 Ыйса Самария менен Галилея аймактарын аралап өтүп, Иерусалимге жол тартты.

12 Ал бир айылга жакындаганда, пес менен ооруган он адамга туш болду. Алар оолак туруп алышып:

13 — Эй, устат! Ыйса, бизге ырайым эт! — деп кыйкырышты.

14 Ыйса аларды көрүп: — Баргыла, денеңерди динкызматчыларга көрсөткүлө! — деди. Алар жолдо баратышканда, денелери пестен айыгып калды.

15 Бирөөсү айыкканын көрүп, Кудайды кыйкыра даңктап, кайтып келди да,

16 Ыйсанын бутуна жыгылып, алкышын жаадырды. Бул киши самариялык болчу.

17 Ошондо Ыйса: — Айыккандар он киши эмес беле? Калган тогузу кайда?

18 Мынабу башка уруулуктан башкалары Кудайга мактоо айтыш үчүн келишкен жокпу? — деди.

19Анан айыккан адамга кайрылып: — Тур, бара бер, сени ишенимиң айыктырды, — деди.

20 Фарисейлер Кудай Падышачылыгынын качан келишин сураганда, Ыйса мындай деп жооп берди:

21 Кудай Падышачылыгы көзгө көрүнүп келбейт. «Бул жерде» же «тигил жерде» деп да айтууга болбойт. Мынакей, Кудай Падышачылыгы силердин эле араңарда.

22 Ыйса шакирттерине карап, мындай деди: — Адам Уулу менен өткөргөн күндөрдүн бирин көрсөк деп эңсеген кез келет, бирок көрө албайсыңар.

23 Ошондо силерге: «Машаяк тигил жакта» же «бул жакта» дешет. Бирок аларга барбагыла да, ээрчибегиле.

24 Анткени Адам Уулу Өзүнүн келер күнүндө асмандын бир четинен экинчи четине чейин жарык кылган чагылгандай баарына айкын көрүнөт.

25 Бирок адегенде Ал көп азап чегип, бул уруу тарабынан четке кагылышы керек.

26 Нухтун убагында заман кандай болсо, Адам Уулунун кайра келер алдында да ошондой болот.

27 Топон суунун алдында да Нух кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, үйлөнүштү, күйөөгө чыгышты, күндөлүк турмуш менен алек болушту. Бирок топон суу келип, баарын басып калды.

28 Лут жашаган убакта да ушундай болгон: баары жешкен, ичишкен, соода-сатык жүргүзүшкөн, эгин эгишкен, үй салышкан.

29 Бирок Лут Содом шаарынан чыккан күнү асмандан от аралаш күкүрт жаап, баарын кыйратты.

30 Адам Уулу келген күнү да так ошондой болот.

31 Ошол күнү ким үйдүн төбөсүндө жүрсө, үй ичинде калган буюмдарымды алып чыгам дебесин, ким талаада жүрсө, артына кайтпасын.

32 Луттун аялын эстегиле!

33 Жанын сактоого аракеттенген адам, жанынан айрылат, ким жанын Кудай үчүн аябаса, аны сактап калат.

34 Силерге айтып коёюн: ошол түнү бир үйдө жаткан эки адамдын бири алынат, экинчиси калтырылат.

35 Жаргылчак тартып олтурушкан эки аялдын бири алынат, экинчиси калтырылат.

37 Ошондо шакирттери Ыйсадан: — Эгебиз, бул кай жерде болот? — деп сурашты. — Тарп кай жерде болсо, жорулар да ошол жерге жыйылары баарына белгилүү эмеспи, — деп жооп берди Ыйса.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24