меню

Луканын Инжили 8 Бөлүм

тез өтүү:

1 Мындан кийин Ыйса шаар-кыштактарды аралап, Кудай Падышачылыгына үгүттөп, Жакшы Кабарды жарыялап жүрдү.

2 Анын жанында он эки шакирти жана бир топ аялдар бар эле. Бул аялдардын бир нечесин Ыйса кара күчтөрдөн куткарып, ооруларынан айыктырган. Булар ичинен жети жин чыккан магдалалык Мариям,

3 Ирод падышанын хан сарайынын башкы кызматчысы Кузанын аялы Жахана, Сусанна жана башка көптөгөн аялдар эле. Алар колунда бар болгон нерселерин Ыйсага арнап, Ага кызмат кылып жүрүштү.

4 Туш тараптан элдер агылып келип, чогулганда, Ыйса ибарат менен сүйлөй баштады:

5 — Бир дыйкан эгин сепкени талаага чыгыптыр. Сепкен уругунун кээси жол боюна түшөт да, тепсендиде калып, чымчыктарга жем болот.

6 Кээ бири таштак жерге түшүп, өсө баштайт да, ным жетпей куурап калат.

7 Кээси тикен арасына түшөт. Анан тикен өсүп чыгып, аны басып калат.

8 Кээ бири жакшы кыртышка түшүп, өсүп чыгат да, жүз эсе түшүм берет. Анан Ыйса үнүн катуу чыгарып: — Уга турган кулагы барлар уксун! — деди.

9 Шакирттери Андан: — Бул ибараттын мааниси кандай? — деп сурашты.

10 — Кудай Падышачылыгынын сырларын билүү мүмкүнчүлүгү силерге берилген, — деди Ыйса. — Башкаларга болсо Мен ушинтип ибарат менен сүйлөп жатам, ошондуктан алар: «Караса да, көрүшпөйт, Тыңшаса да, түшүнбөйт».

11 Ибараттын мааниси мындай: урук — бул Кудайдын сөзү.

12 Ал эми жол боюна түшкөн урук мындай адамдарды билдирет: алар сөздү угушат, бирок ибилис келип, ишенбесин, кутулбасын деп, жан дүйнөсүнө түшкөн сөздү уурдап кетет.

13 Таштак жерге түшкөн үрөн болсо, Кудай сөзүн угары менен ошол замат кубана кабыл алган адамдарды билдирет. Бирок тамыры болбогондуктан, бир азга гана ишенишип, кийин ишенгендиги үчүн кыйынчылыкка кабылар замат ишенимден баш тартышат.

14 Тикендердин арасына түшкөнү болсо, Кудай сөзүн уккан, бирок бул дүйнөнүн түйшүгүнө, акчанын азгырыгына жана жашоодогу кумарларга алдырып койгон адамды билдирет. Ушулар сөздү тумчуктуруп, сөз жемишсиз калат.

15 Ал эми жакшы кыртышка түшкөнү, Кудай сөзүн угуп, туура кабыл алып, таза жүрөктөрүнө сактаган адамдарды билдирет. Алар дайыма жемиш берген үрөнгө окшош.

16 Эч ким шамды жаккан соң, үстүнөн идиш менен жаппайт, керебеттин астына да катпайт. Үйгө киргендер анын жарыгын көрсүн деп, шамдалга коёт.

17 Анткени сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас, билинип калбас жашыруун иш болбойт.

18 Ошондуктан кунт коюп уккула: кимде бир аз түшүнүк бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, анын бар деп ойлогону да тартылып алынат.

19 Бул убакта Ыйсага энеси менен бир туугандары келип, элдин көптүгүнөн Ага өтө алышпады.

20 Ыйсага: — Энең менен бир туугандарың сени көрөлү деп сыртта турушат, — деп билдиришти.

21 — Энем менен бир туугандарым, — деди Ыйса аларга жооп берип, — бул — Менин сөзүмдү угуп, аны аткаргандар.

22 Күндөрдүн биринде Ыйса шакирттери менен кайыкка түшүп: — Көлдүн аркы бетине өтөлү! — деди.

23 Сүзүп бара жатышканда, Ыйса уктап калды. Ошол кезде көлдө катуу бороон башталып, кайыкка суу кире баштады. Алар коркунучтуу абалда эле.

24 Ошондо шакирттери Ыйсаны ойготушуп: — Устат, устат, өлдүк! — дешти. Ыйса ордунан тура калды да, бороон-чапкынга тыюу салды. Бороон ошол замат басылып, айлана жымжырт боло түштү.

25 Анан шакирттерине бурулуп: — Ишенимиңер кайда кетти? — деди. Үрөйү учкан шакирттери аң-таң болуп, бири бирине: Бороон-чапкынды башкара алган бул ким өзү? Бороон ага баш ийип, тынчып калбадыбы? — дешти.

26 Алар Галилеянын маңдайында жайгашкан Гераса жергесине сүзүп барышты.

27 Ыйса жээкке чыкканда, көптөн бери жин даарып ооруган, ошол жердеги шаардын бир тургуну алдынан чыкты. Ал үйгө турбай, кийим кийбей, мүрзөлөрдө жашачу экен.

28 Ал Ыйсаны көрө коюп, кыйкырып жиберди да, алдына жыгылып: — Эй, Кудай Тааланын Уулу Ыйса, мени менен кандай ишиң бар?! Сенден суранам, мени азапка салбачы! — деди.

29 Себеби Ыйса кара күчкө: «Бул кишиден чык!» — деп буйруган болчу. Бул адамды кара күч көптөн бери кыйнап келиптир. Аны чынжыр менен байлап, кишендешсе да, үзүп таштап, жинге айдалып, чөлгө кетип калчу экен.

30 Ыйса андан: — Атың ким? — деп сурады. — Түмөн! — деп жооп берди ал. Анткени бул кишинин ичине түмөндөгөн жиндер кирип алышыптыр.

31 Жиндер Ыйсага: — Бизди туңгуюкка кетире көрбө! — деп жалынышты.

32 Ошол жерде бир чоң бада чочко жайылып жүргөн. Жиндер ошол бадага кирүүгө Ыйсадан уруксат сурашты. Ыйса уруксат берген соң,

33 алар ошол адамдан чыгып, чочколорго киришти да, чочколор өздөрүн жардан көлгө таштап, чөгүп өлүштү.

34 Муну көрүп турган бадачылар качып жөнөштү. Алар шаар-кыштактарга барып, көргөндөрүн айтышты.

35 Эл болгон ишти көрүү үчүн Ыйсага келди. Алар жиндерден бошонгон адамдын кийимин кийип, акыл-эсине келип, Ыйсанын аяк жагында олтурганын көрүп, аябай коркушту.

36 Ал адамдын жинден кутулганын көргөндөр бул жөнүндө аларга айтып беришти.

37 Ошондо герасалыктардын баары бир ооздон Ыйсадан алардын жеринен кетишин өтүнүштү. Себеби баары тең катуу коркуп калышкан эле. Ыйса кайрадан кайыкка түшүп, артына кайтты.

38 Жиндерден кутулган адам аны да кошуп алуусун суранды. Бирок Ыйса:

39 — Үйүңө бар да, Кудайдын сага эмне кылганын айтып бер, — деп, аны коё берди. Ал шаарга кайтып, Ыйсанын ага кылган жакшылыгын элдин баарына жарыя кылды.

40 Ыйса Гераса тараптан кайтып келгенде, эл Аны тосуп чыкты. Алар Ыйсаны күтүп турушкан эле.

41 Аңгыча синагоганын башчысы болгон Жайыр аттуу бир киши келип, Ыйсанын алдына чөгөлөп, үйүнө келүүсүн суранды.

42 Анын он эки жашар жалгыз кызы өлүм алдында жаткан экен. Ыйса Жайырдын үйүнө бара жатканда, эл Аны туш-туштан кысып жатты.

43 Элдин арасында он эки жылдан бери ичинен кан акканы токтобой ооруган бир аял бар эле. Ал колундагысынын баарын дарыгерлерге сарптап, бирок биринен да айыга алган эмес.

44 Ошол аял Ыйсанын артынан келип, кийиминин этегине колунун учун тийгизди. Тиер замат кан кеткени токтоду.

45 Ошондо Ыйса: — Ким Мага колун тийгизди? — деди. Баары: — Биз эмес! — дешти. Ошондо Петир менен анын жанында тургандар: — Устат, эл сени тегеректеп кысып турушса, «ким мага колун тийгизди» дегениң кандай? — деди.

46 Бирок Ыйса: — Кимдир бирөө Мага колун тийгизди, себеби Менден кудурет чыкканын сездим, — деди.

47 Аял жашырына албасын көрүп, коркконунан калтырап, Ыйсанын алдына жыгылды да, кандай максат менен колун тийгизгенин жана дароо айыгып кеткенин бүт элдин алдында айтып берди.

48 Ыйса аялга: — Кызым, ишенимиң сени айыктырды, жакшы бара кой, — деди.

49 Ыйса сөзүн аяктай электе, синагога башчысына анын үйүнөн бирөө келип: — Кызыңыз каза болду. Эми устатты бекер убара кылбай эле коюңуз, — деди.

50 Муну уккан Ыйса: — Коркпо, тек гана ишенгин, кызың айыгат, — деди.

51 Ошентип, Ыйса синагога башчысынын үйүнө келди. Ал Петир, Жакан, Жакып жана кыздын ата-энесинен башка эч кимге үйгө кирүүгө уруксат берген жок.

52 Баары боздоп, ыйлап жатышты. Ошондо Ыйса: — Ыйлабагыла, кыз өлгөн жок, уктап жатат, — деди.

53 Кыздын өлгөнүн билгендер Ыйсаны шылдыңдап күлүштү.

54 Ыйса болсо кыздын колунан кармап, үнүн катуу чыгарып: — Кызым, тургун! — деди.

55 Ошондо кыздын жаны кайтып, ал ошол замат ордунан турду. — Кызга тамак бергиле! — деди Ыйса. Анан аң-таң болуп турган ата-энесине:

56 — Бул окуяны эч кимге айтпагыла! — деди.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24