1 Жуманын биринчи күнү таң азанда алиги аялдар даярдап коюшкан атыр менен жыттуу майларды алышып, көргө келишти.
2 Келгенде, көрдүн оозун бекиткен таштын ордунан жылдырылып, алынып салынганын көрүштү.
3 Алар ичине кирип, Эгебиз Ыйсанын сөөгүн табышпады.
4 Эмне болгонун түшүнбөй аң-таң болуп турушканда, жаркыраган кийимчен эки киши пайда болду.
5 Аялдар катуу коркуп, баштарын жерден ала албай турушканда, беркилер мындай дешти: — Эмнеге тирүүнү өлүктөрдүн арасынан издеп жүрөсүңөр?
6 Ал тирилип кетти, бул жерде жок! Ал мурда, Галилеяда жүргөнүндө айткан сөздөрүн эсиңерге түшүргүлө.
7 Силерге: «Адам Уулун күнөөкөр адамдардын колуна кармап беришет, Аны айкаш жыгачка керишет, үчүнчү күнү болсо Ал кайрадан тирилет», — дебеди беле.
8 Ошондо аялдар Ыйсанын бул сөздөрүн эстешти.
9 Мүрзөдөн кайтып келип, бул тууралуу он бир шакиртке жана башкалардын баарына кабарлашты.
10 Элчилерге бул кабарды жеткизгендер — магдалалык Мариям, Жахана, Жакыптын энеси Мариям жана башка аялдар эле.
11 Бирок бул сөздөрдү элчилер куру сөз деп, ишенишкен жок.
12 Петир болсо ордунан тура калып, мүрзөнү көздөй жүгүрдү. Жетип келип, эңкейип, көрдүн ичин карады. Ал кепиндердин гана жатканын көрүп, бул ишке таң калып, кайра артына жөнөдү.
13 Так ошол күнү шакирттердин экөө Иерусалимден он чакырымдай аралыкта жайгашкан Эмаус деген айылды көздөй жол тартып,
14 болуп өткөн окуялар тууралуу сөз кылып баратышкан.
15 Бул окуяларды талкуулап, сүйлөшүп бара жатышканда, Ыйса жакындап келип, аларга кошулуп калды.
16 Бирок алардын көзү байланып калгандыктан Аны таанышкан жок.
17 Ыйса алардан: — Эмне жөнүндө сөз кылып жатасыңар? — деп сураганда, шакирттер токтой калышты. Алардын өңдөрү капалуу эле.
18 Анан Клеоп аттуусу мындай деди: — Иерусалимге келип, жакын арада эле анда болуп өткөн окуя жөнүндө билбеген жалгыз сен окшойсуң?
19 — Кайсы окуя? — деп сурады Ыйса. — Назареттик Ыйса жөнүндөгү, — дешти алар. — Ал Кудайдын да, бүтүндөй элдин да алдында кудуреттүү иши жана сөзү менен таанылган пайгамбар эле.
20 Биздин жогорку динкызматчыларыбыз менен эл башчыларыбыз өкүм чыгартып, аны айкаш жыгачка керип өлтүртүштү.
21 Ал эми биз, Ысрайыл элин куткаруучу — ошол деген ишеним менен үмүттөнгөн элек. Анын үстүнө бул окуянын болгонуна мына бүгүн үчүнчү күн.
22-23 Бирок арабыздан бир топ аялдар эртең менен эрте көргө барышып, анын сөөгүн таппай кайра келишип, бизди аябай таң калтырышты. Аларга периштелер көрүнүп, «Ыйса тирүү» дешиптир.
24 Ошондо дагы башкалары мүрзөгө барып, аялдардын айтканындай эле Ыйсанын көрдө жок экенине ынанышты.
25 Ошондо Ыйса аларга айтты: — Эй, баамсыздар! Пайгамбарлар айткан сөздөрдүн баарына эмнеге дале ишенбейсиңер!
26 Машаяк Өз улуулугуна жеткенден мурун ушул азаптардан өтүш керек эмес беле?
27 Анан Ыйса аларга Муса жана башка бардык пайгамбарлардан тартып, Ыйык Жазуулардагы Өзү тууралуу айтылгандарды чечмелеп, түшүндүрүп берди.
28 Алар бара жаткан айылга жакындаганда, Ыйса жолун андан ары улай тургандай түр көрсөттү.
29 Бирок шакирттер: — Бүгүн биздикине конуп калсаңчы, анткени кеч кирип, күн батайын деп калды, — деп өтүнүштү. Ыйса алар менен бирге калмакчы болуп, үйгө кирди.
30 Алдыларына тамак келгенде, Ал Кудайга ыраазычылык келтирип, нанды сындырып, шакирттерине сунду.
31 Ошондо гана алардын көзү ачылып, Ыйсаны таанышты. Бирок Ыйса ошол замат көздөн кайым болду.
32 Шакирттер өз ара: — Эсиңдеби, жолдо ал бизге Ыйык Жазуулардын маанисин ачып, түшүндүрүп жатканда, жүрөгүбүз от болуп жалындабады беле? — дешти.
33 Ошол замат ордуларынан туруп, Иерусалимге кайтып келишти да, он бир шакиртти жакын адамдары менен чогулуп олтурушкан жеринен табышты.
34 Алар Эгебиздин чындыгында эле кайра тирилип, Ысманга көрүнгөнүн кеп кылып жатышкан экен.
35 Эки шакирт дагы жолдо болгон окуяны жана Ыйсаны нан сындырып жатканда таанып калышканын айтып беришти.
36 Алар ушундай деп сүйлөшүп жатканда, Ыйса алардын ортосунда Өзү пайда болду да: — Ассалом алейкум! — деди.
37 Жүрөгү түшкөн алар Аны арбак экен деп ойлошту.
38 Ошондо Ыйса аларга айтты: — Неге коркуп кеттиңер? Эмнеге шектенип жатасыңар?
39 Колдорумду, буттарымды карап көргүлө, бул Мен Өзүммүн. Мени кармап көргүлө, анткени арбактын Меникиндей эти менен сөөгү болбойт.
40 Ыйса ушундай деди да, аларга колдору менен буттарын көрсөттү.
41 Алар кубанганынан ишене албай, аң-таң болуп турушту. Ошондо Ыйса: — Жегидей бир нерсеңер барбы? — деди.
42 Алар Ага куурулган балыктын бир үзүмүн сунушту.
43 Ыйса аны алып, алардын көзүнчө жеди.
44 Анан аларга айтты: — Силер менен бирге жүргөн кезде эле: «Мусанын мыйзамында, пайгамбарлардын китептеринде жана Забурда Мен жөнүндө айтылгандардын бардыгы аткарылышы керек», — деп айткам.
45 Ошондо Ал Ыйык Жазуулардын маанисин түшүнүүгө шакирттердин акыл-сезимин ойготту.
46 Анан сөзүн улап: — Дагы мындай деп жазылган: «Машаяк ушул азапты башынан өткөрүп, үчүнчү күнү өлүмдөн кайра тирилиши керек
47 жана ниеттерин өзгөрткөн адамдардын күнөөлөрү кечирилет деп, Анын атынан Иерусалимден баштап, бардык элдерге кабар жарыялоо керек».
48 Силер болсо буга күбөсүңөр.
49 Мен силерге Атам убада кылган Ыйык Рухту жиберем. Силер болсо жогорудан келе турган ошол кудуретке толгуча Иерусалимде болгула! — деди.
50 Ыйса шакирттерин шаардын сыртына алып чыгып, Бейтаниге жакын жерге ээрчитип келди да, колун жайып, батасын берди.
51 Бата берип жаткан маалда алардан алыстап, көккө көтөрүлө баштады.
52 Шакирттери тизе бүгүп, Ага таазим кылышты. Анан кубанычтары койнуна батпай, Иерусалимге кайтып келишти да,
53 ар убакта Кудайды даңазалап, ийбадатканада жүрүштү.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24