меню

Луканын Инжили 19 Бөлүм


1 Ыйса Иерихон шаарын аралап өтүп баратты.

2 Ошол жерде Закай аттуу киши бар эле. Ал салыкчылардын чоңу болуп, абдан бай болчу.

3 Ал Ыйсаны көрүүгө, ким экенин билүүгө куштар эле. Бирок боюнун кыскалыгынан, анын үстүнө элдин көптүгүнөн улам көрө албады.

4 Ыйсаны көрүү үчүн алдыга жүгүрүп барып, бир тыт дарагына чыкты, себеби Ыйса ошол жол менен өтүшү керек эле.

5 Ыйса ошол тушка келгенде, жогору жакты карап: — Закай, тезирээк ылдый түш! Мен бүгүн сенин үйүңө конушум керек, — деди.

6 Закай дароо төмөн түшүп, Ыйсаны кубаныч менен тосуп алып, конок кылды.

7 Муну көргөндөрдүн баары нааразы болушуп, өз ара күңкүлдөштү: — Ал күнөөкөрдүн үйүнө конокко барган эмнеси?!

8 Закай болсо ордунан туруп: — Таксыр, мүлкүмдүн теңин кедей-кембагалдарга берем. Эгер бирөөнү алдап, акысын жеген болсом, аны төрт эселеп кайтарып берем, — деди.

9 Ошондо Ыйса: — Бүгүн бул үйгө куткарылуу келди! Анткени бул киши да Ыбрайым атанын чыныгы урпагынан экен.

10 Адам Уулу жоголгонду издеп таап, куткаруу үчүн келди, — деди.

11 Ыйса Иерусалимге жакындап калгандыктан, Аны угуп турган калайык Кудай Падышачылыгы келет деп ойлошчу.

12 Ыйса аларга мындай ибарат айтты: — Бир ак сөөк адам хандыкка шайланып келиш үчүн алыс өлкөгө жөнөйт.

13 Кетерде өзүнүн он кулун чакырып алып, ар бирине бирден алтын дилде берип: «Мен кайтып келгиче, бул акчаны иштетип тургула!» — дейт.

14 Бирок эли аны жек көрчү экен. Ошондуктан анын аркасынан элчи жөнөтүшүп: «Анын бизге хан болушун каалабайбыз», — деп айттырышат.

15 Бир күнү ошол киши хан шайланып, кайра кайтып келет. Берген акчаларынан кимиси кандай пайда өндүргөнүн билиш үчүн кулдарын жанына чакыртат.

16 Биринчиси келип: «Таксыр, сиздин акчаңыздан он дилде пайда түшүрдүм», — дейт.

17 Хан ага: «Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум! Кичине иште ишенимдүү болдуң, эми он шаардын акими бол», — дейт.

18 Экинчиси келип: «Таксыр, сиздин акчаңыздан беш дилде пайда түшүрдүм», — дейт.

19 Хан ага: «Сен да беш шаарга аким бол», — дейт.

20 Үчүнчү кул келип: «Таксыр, мына дилдеңиз, мен аны түйүнчөккө түйүп сактадым.

21 Мен сизден корктум, анткени сиз койбогон жерден алган, экпеген жерден оргон катаал адамсыз», — дейт.

22 Хан ага: «Эй, ыймансыз кул, сени өз оозуңдан чыккан сөзүң менен жазалайм! Менин койбогон жерден алып, экпеген жерден оргон катаал адам экенимди билчү белең?

23 Анда эмне үчүн дилдемди акча иштеткендерге берип койбодуң? Келгенимде, кирешеси менен албайт белем», — дейт.

24 Андан соң, жанындагыларга айтат: «Мындан дилдени алып, он дилдеси барга бергиле!»

25 «Таксыр, анын он дилдеси бар го», — дешти алар.

26 Анда хан: «Силерге айтып коёюн: кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, колундагысы да тартылып алынат.

27 Мени өздөрүнө хан кылууну каалабаган душмандарымды ушул жерге алып келип, менин көзүмчө башын алгыла!» — дейт.

28 Ыйса сөзүн бүтүп, Иерусалим тарапка жолун улантты.

29 Зайтун тоосунун жанындагы Бейтфаге менен Бейтани айылдарына жакындаганда, Ыйса эки шакиртин жөнөтүп жатып, аларга мындай деди:

30 — Мына бу маңдайдагы айылга баргыла. Ага кирериңер менен эч ким мине элек такай байланып турганын көрөсүңөр. Аны чечип алып, жетелеп келгиле.

31 Эгер бирөө: «Муну эмне чечип жатасыңар?» десе, «Эгебизге керек болуп жатат», — деп жооп бергиле.

32 Шакирттер барып, Ыйсанын айтканын табышты.

33 Алар такайды чечип жатканда, анын ээлери: «Эшекти эмне чечип жатасыңар?» — дешти.

34 Шакирттер: «Эгебизге керек болуп жатат», — деп жооп беришти.

35 Алар такайды Ыйсага жетелеп келишти да, чапандарын чечип, ага жаап, Ыйсаны мингизишти.

36 Ыйса аны минип баратканда, урмат-сый көрсөтүшүп, жолуна чапандарын төшөштү.

37 Зайтун тоосунан төмөн түшө турган жолго жеткенде, шакирттеринин баары мурда жасаган кудуреттүү кереметтер үчүн Кудайды кубана даңктай башташты:

38 — Эгебиздин атынан келаткан Падышаны Кудай жалгасын!Көктө бейкуттук болсун, Кудайга урмат болсун!

39 Ошондо эл арасындагы кээ бир фарисейлер Ыйсага: — Устат, шакирттериңди тыйгын! — дешти.

40 Бирок Ыйса аларга мындай жооп берди: — Силерге айтып коёюн: эгер алар унчукпай калышса, анда таштар кыйкырып жиберишет.

41 Ыйса шаарга жакындап калганда, аны карап туруп, ыйлап жиберди да мындай деди:

42 — Ушул күнү тынчтык үчүн эмне керек экенин, жок дегенде, сен билсеңчи. Бирок ал азыр сенин көзүңдөн жашыруун.

43 Башыңа каран күн түшүп, касташкандарың айланаңды казып, туш тарабыңдан кысымга алышат.

44 Таш-талканыңды чыгарып, койнуңдагы балдарыңды кырышат. Кудайдын сага келген саатын билбей калганың үчүн сени жер менен жексен кылышат.

45 Ошондон кийин Ыйса Иерусалимдеги ийбадаткананын короосуна кирип, андагы соодагерлерди кууп чыга баштады.

46 Аларга: — Ыйык Жазууда «Менин үйүм сыйына турган үй болсун»деп жазылган. А силер аны каракчылардын үңкүрүнө айлантып жибериптирсиңер!— деди.

47 Ыйса ар күнү ийбадаткананын короосунда таалим берип жүрдү. Ал эми эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери Анын көзүн тазалоо амалын издей башташты,

48 бирок бул максаттарын ишке ашыра турган жолду таба алышпады. Себеби жамы журт Ыйсанын маңдайынан кетпей, сөзүн угушар эле.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24